Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Цианид жерди, цинизм элди уулантууда


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин өзөктүү темасы эл, жер, бийлик, оппозиция, шайлоо жана башка маселелерге арналды.

“Айды этек менен калкалай албайсың. 2004-жылдын апрелиндеги Феликс Куловдун президент К. Бакиевге каршы акылсыз “атакасынын” аеосуз басылышы оппозицияны таптакыр эле опколжутуп салды. “Темир генерал” “жыгач генералга” айланды. Ошол окуядан соң оппозиция парламент шайлоосунан алган добушун коргомок тургай, олуттуу каш кайтарганга жараган жок”. Бул шилтеме бүгүн басылып чыккан “Жаңырык апта” гезитине жарыяланган айтылуу журналист Алым Токтомушевдин “Жолбүгүн” рубрикасындагы “Көнүмүш” деп аталган макаласынан алынды. Шайлоо, “Ак жол” партиясы, жарандык коом, бийлик менен оппозиция табияты тууралуу сөз кылган автор: “Россия кредити июнь-июлга жетет. Бирок эксперттер болжолунда кризис күз оодарып сазайды берет. Анткен менен коркунуч жок. Баягыдай паспорт талап кылынбагандыктан, алардын ордун “жел козулар” менен каалагандай толтурса болот. Эң негизгиси алдыдагы 60 жылдыгына Курманбек Салиевич жарык жүз менен жаңы президент болуп барат” деп жазып, цинизм уусу улуттун өпкө-жүрөгүнө тарап, ага каршылык көрсөтө турган касиеттерди талкалап, адеп эмне, акыйкат эмне дегенди айрып биле албай калган абалга жеткенибизди дагы бир ирет эске салды.

“Академиктин жандептеринен” деп аталган рубрика алдындагы медицина окумуштуусу Омарбай Нарбековдун баяны “Кайдан келдик? Кайда барабыз?” деп аталат. Академик макаласынын бир жеринде: “... алтын казууну токтото турган мезгил келди. Цианид деген жердин өзөгүн өрттөйт. 1 грамм алтын алуу үчүн 3 тонна руда казуу керек. Бул 3 тонна ууланган таштанды чыгаруу деген кеп. Бул чыгарылган таштанды бүгүн кайда? Кантип көмүлүүдө? Ууланган суу кайда куюлууда? Кыргызстан ансыз да октолгон милтенин үстүндө жашоодо. Кыргыз жергеси боюнча 145 млн. уран калдыктары көмүлгөн. Уран көрүстөнү болбогон аймак жокко эсе. Көбү ачылып кетүү коркунучунда. Ачылып кетсе Кыргызстан эле эмес, Өзбекстан менен Казакстанды кошо уулайт. Тилекке каршы биздин жерди 30 жыл ары челип, бери челип, уранын алып, уусун таштаган Россиянын азыркы бийлигин уяткарып, аны жүйөгө чакырган Турдакун Усубалиевден башка бир жан жок. Болбосо дипломатиялык тил таап, Россияга теңата өнөктөш катары маселе коюлса, берген карызын кече турган деле жөнү бар эле” деп айтып чыкты.

Гезит кабарчысы ЖК депутаты, СДПК мүчөсү Мурат Жураевге кайрылып: “Оппозициядагы А. Атамбаев менен Т. Сариевдин оту күйүшпөй турган болду. Муну силер кандай кабылдадыңар?” деп суроо салганда, ал: “Мен Темир Сариевди 2005-жылдан бери жакшы билем. Мен азыр аны Мелис Эшимкановдун тизмесине кошуп койдум. Булар азыр биримдикти бузуп, бизге каршы иштей турган болуп калды” деп жооп берди. Депутат ошону менен бирге эле бул жолу да шайлоо ыплас өтөөрүн белгилеп, эгер көз бомочулук көз көрүнөө болсо бизде да Молдавадагыдай көрүнүш кайталанышы мүмкүндүгүн жокко чыгарбаган. Ошол эле учурда ЖК депутаты, компартия мүчөсү Бейшебек Акунов анын партиясы К. Бакиевди колдоп, андан келечекке үмүт байлап олтурганын айтса, дагы бир ЖК депутаты, “Ак жол” партиясынын мүчөсү Осмонали Аттокуров Бакиев 4 жыл ичинде өзүнүн бийик деңгээлин көрсөтө алганын, өлкөнү оңдоп-түзөөөдө эбегейсиз эмгек кылганын, ошондуктан “Ак жол” партиясы анын талапкерлигин президенттикке кайрадан сунуш кылганын, шайлоо таза өтөрүн, эл Бакиевди колдоп, ал жеңишке жетерине ишенерин билдирген.

“Учур” гезитинин кабарчысы Семетей Талас уулунун суроолоруна ЖК депутаты Роза Отунбаева: “Борбордук шайлоо комиссиясында Максим Бакиевдин бизнесмен “юристи”, досу Алексей Елисеев бар. Экинчиси Данияр Үсөновдун бизнесмен юристи Л. Г. Шерешкова. Ал Кабилова менен чогуу качып кеткен Булдакованын ордуна президенттин буйругу менен дайындалды. Бакиевди “үй-бүлөнүн” бизнесинин жеке, персоналдык юристтери шайлаганы турушат. ... Мына, Үсөновдун Кызыл-Кыяда үй-бүлөлүк цемент заводу бүтүү алдында. Ошол эле учурда эң кирешелүү Кант заводу иштебей, жумушчулары үйүндө олтурушат, ал эми “түштүк тарапта эки жаңы цемент заводу эмнеге курулуп жатат?” дегенге өкмөт жооп табалбайт” деп жооп берди. Депутат Р. Отунбаева андан ары алдыдагы шайлоо, ММК абалы, "Манас" аскер базасы, эл аралык саясат жагдайы, Кыргызстандын орду тууралуу сөз кылуу менен Ош аймагы дүйнөлүк наркотрафиктердин бири болуп калганына жаны кейиген.

Гезит ошону менен бирге эле саясат иликтөөчү Жыргалбек Турдукожоевдин “Оппозициянын күчү – элдин колдоосунда” деген макаласын окурмандарга тартуулады. Автор: “Азыркы оппозиция элибиздин, коомубуздун алдыңкы сабында турган, коркутуп-үркүтүүлөргө карабай, өздөрүнүн коопсуздугунан аша кечип, баштарын канжыгага байлап, элдин, өлкөнүн кызыкчылыктарын жеке кызыкчылыктарынан жогору койгон адамдар экени талашсыз” деген ойду айтса, ЖК депутаты Иса Өмүркулов алдыдагы боло турган шайлоо амалына токтолуп: “Эми бүгүн жалпылай алганда жумушсуздар, кичи жана орто ишкерлер, эртеңки күндүн жакшылыгынан үмүт кылбаган интеллигенция экономикалык оор абалдан кутулуш үчүн К. Бакиевге каршы добуш бериши турган иш экенин, ал эми аткаминерлер, жетекчи кызматтарда иштегендер Бакиевге добуш берерин” айтты.

Гезиттин жаңы санына генерал-майор, Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун “Ажалга бетме-бет тургам...” деген ат менен Улуу Ата Мекендик согуштагы кан кечкен жылдарын эскерүүсү да жарык көрдү.

“Айат пресс” гезити аркылуу ЖК депутаты И. Масалиев “Президент менен күрөшө турган реалдуу күч жок” деген оюн билдирди. Аталган басылма президенттин бейөкмөт уюмдары менен жолугушканы боюнча айрым жарандардын ой-пикирлерин ортого салды.

Саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев: - Учурда Кыргызстанда миңге жакын бейөкмөт уюмдары бар. Анын ичинен элге таанылган үчөө-төртөө гана. Мисалга профсоюз, республикалык ардагерлер уюмун айтсак болот. Саясатты кесип кылгандар бүгүн кыйналып турган көп балалуулар, өзгөчө жетим-жесирлер туурасында маселе көтөрүп, ушуларга жардам көрсөтүлгөндөй иш алып барышса жакшы болмок.

ЖК депутаты Мурат Жураев: - Болгонду болгондой айтып, ачык иштеш керек.

Саясатчы Болот Жанузаков: - Биргелешип чечим кабыл алуусу, бийликтин жарандык сектор менен биргелешүү ниети жакшы көрүнүш.

ЖК депутаты Турдукан Жумабекова: - Бул уюмдарды бийлик өзүнөн алыстатпай, каршы турбай, тоскооолдук кылбай, алар менен экономикада, турмушта, саясатта конструктивдүү иш жүргүзсө коомго эле пайда болот.

XS
SM
MD
LG