Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Бакиев- Исаков тандеми түзүлгөнбү?


Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов
Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары кыргызстандыктарды Улуу Жеңиш Күнү менен куттукташты.

“Кыргыз туусу” гезити “Улуу жеңиш, унутулгус эрдик, урпактардан таазим” деген баштема менен элдин сыймыктуу уулу, Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановго арналган баяны аркылуу 1-бетин ачты. Жеңиш кантип жергебизге келгендиги тууралуу: “Темиркул Үмөталиевдин теңдеши жок көпүрөсү”, “Айтматов айткан Касымбек ата”, “Оорукта да оор болгон”, “ Айсыз түндө нуруң болуп жүрсөм деп, ажар чачкан мүнөзүңдү үйрөндүм...”, “Согуш талаасында бөөдө кырсыктар да болгон” аттуу эскерүүлөрдөн, макалалардан, ырлардан окууга болот.

“Агым” гезити кечээ БЭКтин саясый кеңеши Темир Сариевди мүчөлүктөн чыгаруу чечимин кабыл алды, бирок Т. Сариев бул чечимге макул эместигин билдирди деп, “”Трибуна” деп аталган гезиттин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаковду “Учкун” басмаканасынын жанынан төпөштөп кетишти деп, ушу тапта согуш ардагерлеринин саны 4 миң, өткөн жылы 5 миң болчу деп кабар таратты.

Ушул эле гезитке интервью берген саясат иликтөөчү Марс Сариев “Бакиев- Исаков тандеми түзүлүшү ыктымал” деп айтты. Ал: “Атамбаев же Сариев бийлик башына келчү болсо кырдаал оңолбой, тескерисинче абал оордойт. Менин жеке пикиримде Исмаил Исаковдун мүмкүндүгү бардыгынан жогору. Аны Ак үй дагы жашыруун колдойт, “оюнчу” фигура катары сүрөөнгө алышат” деп айтты. Марс Сариев андан ары: “Президенттин мураскору эл күткөндөй Жаныш Бакиев же Марат Султанов эмес, Исмаил Исаков болушу мүмкүн. Анткени Жаныш Бакиев менен Марат Султанов мураскор болуп жарытпайт, аларды калк да колдобойт. Кырдаал өтө оорлоп баратса президент Исмаил Исаковду колго алса жеңишке жетишет” деген оюн ортого салды.

Келдибек Назировдун “Тарпы чыккан ураандын зыяны” деген макаласында “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз” деп аталган сөздүн маңызы жиликтенген. Журналист бүгүн башкаларга “тилибиз барксыз болгон менен жерибиз барктуу” экенин, Кыргызстанда башка улут өкүлдөрү “кудум аманат жашагандай өлкө тагдырына кайдыгер карашарын, андыктан Кыргызстан биринчи кыргыздарга гана керектигин” кеп кылган. Жыйынтыктап келип автор: “Кыргызстандын өзөгүн түзгөн кыргыз улутун көтөрүүнүн, бардык тармакта улуттук кызыкчылыкты туу тута билүүнүн убагы келди. Кыргыз жакшы жашабаса, билимдүү болбосо, менчик ээлигине жетпесе улут арасында ажырым, нааразылык күчөгөнү күчөгөн. “Башкалар эмне дейт?”, “Демократия каякта?” деп үрпөңдөбөй эле казак президенти Н. Назарбаев казактарды көтөрүүдө эмне жасап атканын көрүп турабыз. Эгерде мамлекет бул боюнча акылдуу, салмактуу саясат жүргүзсө башка улуттар ооз ачпайт. Анткени түпкү улуттар бардар болсо, алардын да турмушу тынч болорун түшүнүп турушат” деп жазып чыкты.

“Кыргыз руху” гезитинин суроолоруна жооп берип атып “Ата Мекен” партиясынын башчысы Ө.Текебаев “Бүгүнкү компютердик технология заманында ар түрдүү ыплас нерселерди монтаж кылып жасап коюу абдан жеңил. Ар кандай жалаалар мага эле эмес, бүткүл оппозицияга болуп жатат. Муну менен катар эле оппозициялык ойду тутунган саясатчылар менен журналисттердин өмүрүнө коркунуч туулууда” деп, муну мамлекеттин “репрессия саясатынын бир көрүнүшү” катары баалады.

Ушул эле санга Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Келдибек Эсенбаев аксакалдын “Кан майданда Мукай Элебаев менен нан бөлүшүп жегенбиз” деген маеги белгилүү радиожурналист Тенти Орокчиевдин жазып алганы боюнча жарык көрдү. Бишкектин К. Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасынын деректири Роза Султангазиева “Улуту тууралуу эне тилинде окуп чоңойбогон бала улутун сүйө албайт” деген ат менен аңгеме курду. Китепканачы китеп дүйнөсүнүн азыркы кездеги кейиштүү абалын кенен токтолду.

“Айгай” гезити “Акшумкар” партиясынын лидери Темир Сариев менен маектешти. Маегинде ал “Ак шумкар” партиясынын атынан А. Атамбаевге каршы эмес, азыркы бийликке каршы күрөшкө аттанганын, БЭКтин курамынан чыкпагандыгын, эртең эле оппозиция жаңы максатта биригип кала турган мезгил келерин кеп кылган.

Белгилүү журналист Баратбай Аракеев “Манту жебей кал!” деген рубрика алдында “Намыстансаң элсиң, болбосо, үйлөп койчу желсиң” деген аталыштагы макаласына гезит окурмандарынын көңүлүн бурат. Аракеев анысында: “Акаев жаман дедик, аялы-бүлөсү башкарат дедик, жерди сатат дедик, элдин ырыскысын жебатат дедик. Дедик да баарылап кууп салдык, Бакиевди шайлап алдык. Эмне өзгөрдү? Каркыраны, 4 пансионатты казактарга карматты, 49 жылга арендага демиш болуп тажиктерге жерин тарттырды... Жанагы өзбектер дегениң Ноокендеги Чек айлына атасынын төрүно өткөндөй эле кирип келип, биздин жер деп “басып” алды. Эгерде Бакиев эл үчүн күйүп-жанып турган курч болсо, өзбектериң жакын жолой алмак беле?” деп жаны кашайды.

“Ачык саясат” гезити Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Винсовхоз айыл тургундарынын президент К.Бакиевге кайрылуу катын шардана кылды. Катта дайынсыз жок болуп кеткен Бактияр Амиржанов тууралуу баяндалып, учурунда ал “Биримдик” деген коом түзүп, Жалал-Абад жана Талас дубандарында мектеп менен мечит курулуштарына жардам бергени белгиленет. Ички иштер кызматы өткөргөн маалымат жыйынында аны “жакын арада табабыз” деген убададан бери 3 ай өткөнү, бирок дагы эле табылбаганы айтылып, “күч органдарында квалификациялуу кызматкерлер калбай калганбы же бул бийликтин кош көңүлдүгүбү?” деген суроо коюлат.

Жакында эле ИИМ министри М. Коңгантиев Жогорку Кеңештин пленардык кеңешмесинде: “Бактияр Амиржановду атасы Жусупбек Жээнбековдон сурап алгыла” деп сүйлөдү. Коңгантиевдин сөзү боюнча баласын атасы катып койгон экен да. Ада аны Коңгантиев кайда катканын далилдеп берсин. Бүгүн коомчулукта Коңгантиевдин дарегине көптөгөн дооматтар айтылууда, сиз буга көңүл бурууга тийишсиз. Биз Молдомуса Коңгантиевдин отставкасын талап кылабыз, ал мындай жогорку кызматты аркалоого татыксыз. Мунун баарына – Кыргызстандагы криминогендик абал күбө” деп жазылган.

Аталган гезит мындан тышкары Кыргыз эл акыны, Кыргыз Эл Баатыры Сүйүнбай Эралиев менен аңгеме-дүкөн куруп, мындай суроо салды.

Кабарчы: - Курманбек Бакиевдин президенттикке кайрадан аттанышына кандай көз караштасыз?

С. Эралиев: - Мен Курманбек мырзаны адам катары сыйлайм. А бирок карапайым элдин абалы оор. Айтпаска чара жок. Эл турмушу оңолгон жок. Жашоо кыйындап барат. “Мамлекетти башкаруу багытында, азыркы бийликтин ресурстары түгөндү” деп оппозициянын айтканы жөндүү. Себеби коррупция, криминал, трайбализм дегендер жашообузду артка тартууда. Ошондуктан А. Атамбаевдин президентикке көрсөтүлүшү эң туура.
XS
SM
MD
LG