Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:54

Бул күнкү гезиттердин көпчүлүгүнүн негизги темасы алдыдагы шайлоого арналды.

“Чектөөлөрдүн алынышы атамекендик өндүрүштү жандантат” деп жаңы санын ачкан “Кыргыз туусу” гезити “Исхак Раззаков менен унутулгус жолугушуу”, “Ооганстан багытында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аракеттенүүлөрүнүн жаңы программасы болууга тийиш”, “Чек ара тууралуу калыс кеп же учкундан жалын тутанткысы келгендерге жооп”деген ж.б. макалаларды, тарыхый, маданий багыттагы баяндарды жарыялады. Биз ушул гезиттин чегара айылы тууралуу жазгандарына учкай токтоло кетели.

“Үлпүлдөгөн нерсе болсо да үйлөп олтуруп, жалынга айландырууга аракеттенүү, кандай жол менен болбосун саясый упай топтоого умтулуу бизде тээ мурдатан эле шайлоолордун алдында боло келген көрүнүштөрдөн. Аны саясый күрөштүн улуттук бир формасы десек да болот” деп башталган макаласында “Кыргыз туусунун” автору, Жаңы-Чек айылы талаш учстокко кирбестигин, айрымдардын аны Кыргызстандан тартылып алган жер бөлүгү катары жарыя кылганы коомчулукту адаштыруу болору кепке алынат. Баяндамачы андан ары бул айылда кыргыз жарандары да жашарын, бирок жагабы же жакпайбы, каалайбызбы же жокпу Жаңы-Чек Өзбекстандын жери экендигин, демек чындап келсе ал жерде өзбек тарап диний экстремисттерге каршы алдын алуу иштерин жүргүзөбү, блок постторун орнотобу, алардын өз иши экендигин баяндайт. Папан Дүйшөнбаев аягында: “Компотенттүү адистердин пикирине ылайык Жаңы-Чектеги жарандарыбызды өз аймагыбызга көчүрүп алгандан же алардын Өзбекстандын жарандыгын алуу аракетине макул болгондон башка жол жок. Жаңы-Чектеги Айталиев Камбар деген адамдын беш баласынын үчөөсү Өзбекстандын, экөөсү Кыргызстандын жараны болуп саналат. Мындай мисалдар арбын” деп жыйынтыктайт.

Бирок макаладагы бул маселеге карама-каршы ойлорду “Айгай” гезити “Жер” деп аталган баш теманын алдында кенен кеп кылды. Чек айылы жана чегара тууралуу ЖК депутаты Бакыт Бешимов жана генерал Исмаил Исаков айтып беришкен.

“Кыргыз руху” жаңы санын шайлоо өнөктүгүнө арналган макалалар менен ачты. “Президенттик марафон” деп аталган иликтөө баянында Айзада Авазова кандай болгон күндө да азыркы президент К. Бакиевдин башкаларга караганда шаасы жогорулугун, муну бийлик тарабы эле эмес, оппозициядагылардын өзүлөрү да моюнга алып, “Бакиев фальсификация жасап болсо да өтөт” деп үмүттөрүн үзүп жатышканын, эл болсо оппозициядан да , бийликтен да тажап бүткөнүн белгилеп, Кыргызстан бүгүн Алиевдей, Барктабасовдой, Назаралиевдей каармандарга муктаж деген. Гезит алтургай Бакиев 51 пайыз, Назаралиев 35 пайыз, Атамбаев 28 пайыз добушка ээ болорун да божомолдоп жиберген.

Аталган гезит ошону менен бирге эле Азизбек Келдибековдун “Беш манжа” деп аталган айрым саясатчыларга арнаган какшык шакабасын, “Президенттикке ким татыктуу?” деген суроо алдындагы ой-пикирлердин топтомун, “Руханий кризис экономикалык кризиске алып келди” деп аталган “Акшумкар КУТ жаштар коомдук бирикмесинин” талкуусун ж.б. материалдарды жарыялады.

“Айгай” гезити “23-июлда эмне болот?” деген суроо менен Кыргызстандагы белгилүү саясат иликтөөчүлөргө кайрылган.

Саясат иликтөөчү Александр Князев: - Менимче шайлоонун жыйынтыгы небак эле чечилген. Биз Өзбекстандын моделине бараткандайбыз.

Саясат иликтөөчү Марат Казакбаев: - Шайлоонун финалында бирдиктүү оппозициянын талапкери экинчи болуп чыкмак турсун Мотуев же Назаралиевден төмөн түшүп калса не болот? Кыскасы бул шайлоо азыркы оппозициянын акыркы мүмкүнчүлүгү.

Медиа-эксперт Александр Кулинский: - Шайлоодо баары бир Бакиев “жеңет”. Менимче шайлоодо ким жеңет эмес, шайлоодон кийин оппозиция өзүн кандай көрсөтө алат, андан аркы бурулуштар ошого жараша болот.

“Ачык саясат” гезити “Фарс менен башталды” деген макаласында: “Шайлоонун жыйынтыгында Курманбек Бакиев биринчи, Нурлан Мотуев экинчи орунду алса ким таңгалат? Ушул өңүттөн алып караганда Курманбек Бакиев үчүн Нурлан Мотуевден өткөн ишенимдүү өнөктөш жок. Анткени Мотуев “премьер-министр болом” деп соодалашпайт. “Конституциялык реформа жаса” деп Бакиевди жарга такабайт, болбосо “фронт” ачып, элди аянтка ээрчитип чыкпайт. Мунун баары азил-тамаша эмес. Ак үйдүн “саясый ашпозчулары” ушундай вариантты да талдап, “туз-даамын татып” көрүп жатышат” деп жазды.

Гезит Нурбүбү Бөдөшованын “Кыргызстан башкарылбаган рефлекстердин өлкөсү”, Раиса Дүйшөнбекованын “Карызың канча, кыргызбай?” деген макалаларына көңүлдөрдү бурду. Академик Омарбай Нарбеков суу маселесинин күңгөй-тескейин жиликтеген баянын басып чыкса, коомдук ишмер Жумагул Сааданбеков “От чего тоска по национальной идеологии?” аттуу макаласын окурмандарга аты эле айтып тургандай орус тилинде сунуштады.

Бул гезит: - Президенттик шайлоо кандай өтөт деп ойлойсуз?- деп да суроо салды.

Белгилүү укук коргоочу Топчубек Тургуналиев: - Эгер шайлоого К. Бакиев өзү катышса шайлоо өтө булганч, бурмалоо жолу менен өтөт. Ал үчүн 60-70 пайыз добушту кагаз жүзүндө жасашат.

ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын башкы катчысы Жыпар Жекшеев: -Азыр абал бир кыйла опурталдуу. Элдин шайлоо мыйзамы бузулуп, эрки тебелене берип, чыдамы кетип бүттү.

Журналист Алым Токтомушев: - Кыргызстанда шайлоо эч качан таза, адилет өткөн эмес. Бул шайлоо деле таза өтпөйт. Шайлоо жыйынтыгын Акаев мезгилинен да ашырып, тереңдетип жиберишти. Жеңишке жетүү үчүн бул бийлик эми күч кодонуудан деле кайра тартпайт.

Ар-намыс партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиев: - Курманбек Бакиев кайра шайланат. Кагылышуу, тополоң-тоз деле болбойт.

“Агым” гезити шайлоого 68 күн калганын эске салуу менен Келдибек Назировдун “Амал жетсе тактыдан, ажал жетсе бактыдан көр” депген ат менен макаласын тартуу кылды. Анда Акаев учурунан бери карай шайлоолордун кандай өткөнү кайрадан сыдыргыдан өткөн.”Азыр шайлоо таза өткөн күндө да эл ага ишенбей калды. Эгер 93-жылдагы Байшмыйзамды кайра-кайра өзгөртпөй, шайлоону ыйык тутуп, ага олуттуу мамиле жасаганыбызда эл тагдыры бүгүнкүдөй кейиштүү абалга келмек эмес” дейт автор.

Ушул эле гезит “Элдик саясат” рубрикасынын алдында айрым жарандардын ойлорун ортого салган.

“Агым”: - Саясый инсандардын киши колдуу болуп жатканына кандай карайсың?

Бактыбек уулу Адилет: - Баарын чоңдор өзүлөрү баштап, бири-бирин атып, кырылып жатат.

“Агым”: - Петровкадагы окуяга көз карашың кандай?

Жылдыз Шадыканова: - Ашкан меймандостугубуздун азабын көп тартып жүрөбүз. Кыргыз армиясынын 95 пайыыз курамын кыргыздар түзөт. Эмне үчүн дунгандар, ошол эле күрттөр кызмат өтөгүсү келбейт? Петровкадагы талап туура коюлган.

“Агым”: - Мамлекет жаштар үчүн кандай камкордуктарды көрсө дейсиң?

Жазгүл Жунушева: - Менимче жаштардын жашоосу өтө эле мазмунсуз. Жумуштун жоктугунан жаштар күнүмдүк оокат үчүн жалданып иштешет. Эгер ушул бойдон жүрүп олтурса жаштар маселеси акыры бир күн мамлекеттин башын ооруткан проблемага айланат.

“Агым”: - Кыргызстанда коррупциянын бар экени жаштарга сезилеби?

Мирбек: - Эгерде мамлекеттик бардык органдардын, өкмөттүн, соттун иштери коомчулуктун көз алдында болсо паракорлукка аз болсо да бөгөт коюлмак.

“Агым”: - Кыргызстандын Түндүгү менен Түштүгүндөгү элдердин жашоо деңгээлин салыштырууга болобу?

Абдумажит Мадумаров: - Негизинен Кыргызстандагы айыл-кыштактардын деңгээли окшош эле. Эгер ушул бойдон ички миграциия улана берсе биз алыскы айылдарды жоготуп алышыбыз мүмкүн. Ансыз деле айрым айылдарда мүрзө казганга жигиттер калбай калды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG