Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:51

Саясат, шайлоо, жандүйнө жакырлыгы, мамтил маселеси... Бүгүн жарык көргөн гезиттердин өзөктүү темалары ушул болду.

“Кыргыз туусу” гезити “Жаңылыктар жан кубантат”, “Бизнес өнүксө - экономика өр алат”, “Мамтилге сен күйбөсөң, мен күйбөсөм, анан ким күйөт?”, “Мамтил маселелеринин “балалык оорусу” деген макалаларга окурман көңүлүн бурду. Маселен мамлекеттик тил тууралуу макалалардын биринде: “ Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын” 8-главасынын 33-беренесинде: “Ушул мыйзамды бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдардын, менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын жетекчилери, ошондой эле юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жоопкерчиликке тартылат” деп жазылган. А эмнеликтен мамлекеттик тилди билбегендиги үчүн жоопко тартылбайт?” дейин десең ошол эле мыйзамдын 1-беренесинин акыркы сабында: “Мамлекеттик же расмий тилдерди билбегендиги үчүн жарандардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө жол берилбейт” деп да жазылып турат. Мындай эки анжы ойлор мыйзамдын ар бир беренесинде бар. Кантип анан “Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам” иш жүзүнө ашсын?” деп каңырыгы түтөгөн Жалал-Абад облусундагы мамтил боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Г. Максытова.

Аталган гезит баяндамачы Папан Дүйшөнбаевдин “Борбор Азиядагы суу кризисинен кантип чыгууга болот?” деп аталган макаласынын соңку бөлүгүн тартуу кылды. Автор анысында Борбор Азия чөлкөмүндө пахта аянттары кыскарган менен суу ысырапкорчулугу азайбай келатканын, Кыргызстан өзүндөгү суу ресурстарынын 30 пайыздайын гана пайдаланарын, пахта, жүгөрү, кызылча аянттарынын кескин кыскаргандыгынан улам сууну керектөөнү 40 пайызга дейре азайтканын айтат. Эл аралык эксперттердин божомолуна ылайык калкты суу менен камсыздоо маселеси эми дүйнөдөгү эң эле актуал маселенин бирине айланат. Ушу тапта дүйнө элинин 1 миллиарддан ашыгынын таза сууга ээ болгонго мүмкүнчүлүгү жок. Келечекте абал мындан да оорлойт. “Кризистен чыгуунун жолу барбы?” деп суроо койгон журналист:” Сууну товар катары таанымайын ысырапкорчулук азайбайт” деген жыйынтыкка келет. Мындан 20 жылдай мурда Америкадагы фермерлер 1 гектар жердин сезондук сугат ишине орто эсеп менен 300 доллардан төлөп келсе, азыр ал төлөм 400 доллардан ашып кеткен. Ал эми бизде 1миң кубометр суунун баасы – 3 сом, Өзбекстан менен Түркмөнстанда мындан да төмөн. Демек суу сактагычтарда сакталган, каналдар аркылуу алынып барган сууга товар катары акы төлөнүүгө тийиш. Бирок бул суулардын басымдуу көбүн пайдаланып жүргөн Өзбекстан Кыргызстан менен мындай келишим түзүүдөн баш тартып: “Силер ГЭС курбагыла, жаңы жерди өздөштүрүп, сугаргыңар келсе биз менен макулдашкыла” деп кайра бизнге кине коюп жатат” деп жазды.

Ушул жылдын 16-апрелинде “Эркиндик” партиясынын курултайы Курманбек Бакиевди президенттик 2-мөөнөткө сүрөө чечимин кабыл алган. “Мындай чечим партиянын уставдык-программалык принципиалдуу жоболорун одоно бузгандык деп эсептейм” деген белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев аталган партиянын ал чечимине каршы экенин, “Эркиндик” партиясын негиздеген адам катары партиядагы мүчөлүгүн убактылуу токтоторун шардана кылган катын бүгүн жарык көргөн “Ачык саясат” гезити аркылуу билдирди. Гезит андан ары Бакы Кадырбердиевдин “Премьер Игорь Чудинов көрсөткөн “пример”, Тайчабар Улукбековдун “Максим Галкин коркуткан экен, Клара Кабилова “акаарат” айта баштады” аттуу макалаларын, президенттикке талапкер Темир Сариевдин “Кимдин ким экенин убакыт көрсөтөт”, экс-вице премьер-министр Элмира Ибраимованын “Өлкөдөгү башкы оппозиционер президент Бакиев” деген аталыштагы маектешүүлөрүн басты. Гезит булар менен бирге эле “Ак жол” патриясы Курманбек Бакиевдин баркын кетирип жаткандай” жана “Москва районундагы башаламандык” аттуу баштемалардын алдында окурмандардын ой-пикирлерин ортого салды.

Ушул эле гезит “Көзү ачыкка кимдер ишенет?” деген макаласында жашоо нугу өзгөрөрү менен көкүрөк каккан коммунисттер дагы көзү ачыкка ишенип, бүбү-бакшы, кожо-молдолордун жетегинен чыкпай калгандыгына токтолгон. “Такталбаган маалыматтарга таянсак, калппы-чынбы, ким билет, Курманбек Бакиевдин кең Маскөөдө орус улутундагы көзү ачыгы бар имиш. Карапайым элди койдум, эл эгеси ажолор баш болуп, эл жакшысы аталган министрлер төш болуп көзү ачык, бүбү-бакшыларга таянып иш кылып калганына эмне деп айталабыз, албетте бул тайыздыктын белгиси экенин танып болбойт” деген оюн билдирген. Ал эми “Москва районундагы башаламандктар” аттуу макалада Петровкадагы окуядан улам күч органдары тарабынан камакка алынып, ур-тепкиге алынган адамдардын камакта жаткан учурда кыргыз милийсаларынын аларга жасаган ашкере терс мамилелери тууралуу айтып бергендери жарыяланган. Макаланын аягында: “Азыркы тапта айыл эли күрттөр кетмек тургай, укук коргоо органдарына таянып, кайра аларга: “Силердин күч органдарыңарды сатып алабыз” таризинде шылдың кылып жатышкандай. Алардын мындай шылдыңына жини келген айыл эли азыркы убакта жарылчудай абалда турганын, алардын көйгөйүнө эч бир адам кулак салбай жатканын көрүп туруп, биздин күч орандарынын, бийликтин өз элине карата мерез, муздак мамиле көрсөтүп жаткандарына түшүнбөй келебиз” деп кейиген.

Массалык маалымат каражаттарынын катарына жаңыдан кошулган “Көк асаба” гезити да бүгүн жарыкка чыкты. Кыргыз окурмандарына “Чыңгызхан” деген тарыхый китеби менен белгилүү болгон Асыкбек Оморов “Жети атаңа чейинки бабаңдын ысымы ымыркайга коюлбайт” аттуу макаласында кыргыздардын атадан балага өтүп келаткан муундарын 40 салаага тарап чыккан. Гезит ошондой эле сандан санга жарыяланып келатканы айтылуу кара сөз чебери Ашым Жакыпбектин “Теңири Манасын” андан ары уланткан. Кыргыздын дагы бир сүймөнчүк уулу Сүймөнкул Чокморов тууралуу Данияр Исановдун эссесин, ушул эле автордун түркүй элдердин чыгаан уулу тууралуу “Заманынан заарканган Мустафа Шокай” аттуу даректүү баянын, 11 жылдан бери Германияда жашап, иштеп аткан кыргыз кызы Назира Турганбаева менен инитервьюну окууга болот.
XS
SM
MD
LG