Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Европада оппозицияны жамандабайт


Бүгүнкү жарык көргөн гезиттердин негизги темасы президенттик шайлоо, президенттикке талапкерлер, экономика жана чегара маселелери тууралуу болду.

“Пресс.Kg” гезитинин 4-саны жарыкка чыкты. “Турмушта сатылбай турган баалуулуктар бар экенин унуттук” деген ат менен "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Орусиянын Сергей Миронов жетектеген “Спарведливая Россия” деп аталган партиясынын 1Ү съездине катышып келгенин билдирип, бийлик, коом, дин тууралуу маселелерге токтолгон.

Ушул эле санга саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев менен интервью жарыяланды. Үзүндү келтирели.

Кабарчы: - Оппозиция мүчөлөрүн сыналгы аркылуу жаманатты кылып жаткандарына кандай баа бересиз?

Т. Какчекеев: - Бул өтө туура эмес. Телевизордон көрсөтүп, бейжай аялдарды чогултуп алып Баткенде Атамбаевге каршы тукуруп атышат... Атамбаев өтө билимдүү адам. Ал академияны бүтүрүп, чарба башкарууда, комсомолдо иштеген. 7-8 миң кишини жумуш менен камсыз кылып, алардын үй-бүлөсүн багууда. Бул бүгүнкү талоончулук заманда өтө чоң нерсе. Президентибиз айткан коррупция менен күрөшкөн доордо Атамбаев унчукпай эле элди багып атат. Ошон үчүн кыргыз элинде ушундай ишмер инсан бар экенине сыймыктанам. Бакиев бүгүнкү күндө пир болуп, ыйыкмын деп жатат. Бирок анын ыйыктык сөзүн укпаган дүлөйлөр көп. Биз бири-бирибизди сыйлап, элге оппозицияны айбан катары көрсөтпөшүбүз керек. Европа мамлекеттеринде оппозицияны келечектеги өкмөт, келечектеги мамлекет башчылары деп эсептейт. Биз да аларга жардам берип, бир элдин, бир жердин кулундары болгон соң бөлүнүп-жарылбай, адамгерчиликтүү, урматтоо менен мамиле кылышыбыз керек, ошондо гана шайлоо өз нугу менен өтөт.

Гезит андан ары “Актануу эмес” деген рубрика алдында “Кашек” деп аталган макала басты. Макалада “Ачык саясат” гезитинин мурдагы башкы редактору Бабырбек Жээнбеков сынга алынат. Макаланы аяктап баратып гезит Б. Жээнбековду сот залына чакыртарын, акыйкаттыкты ошол жактан чечишерин кулак какты кылган.

“Айат пресс” гезити президент К. Бакиев эртең Суусамыр жайлоосунда өтүүчү малчылардын жолугушуусуна барганы жатса, Алмаз Атамбаев Түштүк жергесин кыдырып келгенден кийин айылында түлөө өткөргөнүн, эртеңден баштап Көл өрөөнүндөгү эл менен жолугарын, ал эми Нарын эли менен жолугушуусун Ат-Башыдан баштаарын кабарлады.

ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын башчысы Жыпар Жекшеев Сулайман тоосунун дүйнөлүк атактуу эстеликтердин катарында абройлуу эл аралык уюмдун тизмесине киргизилгени тууралуу сөз кылган. Кабарчы “Сулайман тоого асма жол салуу керек” деген ойлор дагы эле токтолбой келатканыдыгын сураганына Жекшеев, эгер асма көпүрөө салынса тоо биринчиден бийиктигинен жана ыйыктыгынан ажыраарын, ошондуктан ал табиятта кандай жаралса дал ошондой сакталышы керектигин белгилейт. Андан аркы сөзүндө Кыргызстанда баркталбай, бааланбай келаткан керемет тарыхый баалуулуктар бар экенин, алардын катарына Бурана комплекси, Ак-Бешимдин айланасы, Шахвазил күмбөзү, Саймалуу-Таш ж.б. кирерин, булар да ЮНЕСКОнун тизмесине талапкер эстеликтер экендигин кошумчалаган.

Аталган басылма экономика илиминин доктору Айылчы Сарыбаев менен Камбар-Ата ГЭСи тууралуу аңгемелешкен. Экономист ГЭСтин курулушу Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгы болгон соң өзбек менен казактар каршы болуп атат деп кылчактай берүү жарабастыгын, ал өлкөлөрдүн да биздин ички экономикалык турмушубузга жөнү жок кийлигише бергенге акылары жоктугун сөзгө кылып, эгер ГЭСти куруп алсак электр энергиясын экспорттогон ири мамлекеттердин катарына кошуларыбызды, өлкөнүн экономикасына көп пайда алып келе тургандыгын баяндайт.

Ушул эле санга эл аралык алакалар боюнча серепчи Темир Жумакадыровдун “Террорчулар эл арасына жашынып, кылгылыкты кылууда” деген аталыштагы маеги басылды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эле эмес бүткүл Фергана өрөөнүндө экстремисчил көз караштагы топтор күч алганын, эгер алдын албасак Баткен окуясы кайталанып кетиши мүмкүндүгүн, анткени акыркы күндөрү Тажикстанда да, Өзбекстанда да экстремисчил мындай күчтөр жанданып жатат деген маалыматтер келип атканын айткан. Чегара маселесине токтолгон серепчи, Өзбекстан бийлиги чегараны бир тараптуу бекемдөөнүн ордуна бүткүл Фергана өрөөнүндөгү чегара сызыгын аныктаап чыгуу демилгесин көтөрүп, бул процессти тездетүү үчүн коңшуларын үндөөгө алса, Борбор Азиядагы жалпы коопсуздукту чыңдоо үчүн өтө маанилүү иш болот эле деди. Темир Жумакадыров ошондой эле жарылып кетчү бомбаны элестетип турган Фергана өрөөнүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн экономикалык жана маданий интеграцияны күчөтүү зарылдыгын, анткени бул өрөөндө миграция маселеси чоң экендигин, экономикалык жактан артта калган аймакка кирерин да кошумчалады.

Орус тилдүү “Лица” гезити Атамбаев тууралуу Ш. Давлеткелдиев деген автордун макаласын кыргыз тилинде сунуш кылды.

“Экономисттин көз карашы” аттуу рубрика алдында өлкөнүн экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров маектешкен. Акылбек мырза өлкөнүн ичики дүң продукциясы 185 млрд. сомду түзөрүн, бирок 100 млрд. сом дагы эле көмүскө экономиканын “көөрүгүндө” жатканын, мына ушул көмүскө көөрүктөгү экономика эч кандай каттоодон өтпөгөндүгун, салык да төлөбөй жашап келаткандыгына кейиген. Министр андан ары 2005-жылды талдоого алганын, ошондо өлкөдө 2 миңдей митинг болгонун, бүгүн бактыга жараша саясый туруктуулук орноп, көчө демократиясы токтоп, натыйжалуу иштөөгө шарт түзүлгөнүн билдирген.

Андан ары президенттикке талапкер Нурлан Мотуевдин калкка кайрылуусу, “Кыргыз Жириновскийи”, “Жакшы өзгөрүүлөр болуп жаткандыгы үчүн жоокерлер Курманбек Бакиевге ыраазы” аттуу макалалар басылган.
XS
SM
MD
LG