Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:07

“Кыргыз туусу” салттуу басыгын улантса, эркин гезиттер саясат жана саясатчылар, шайлоо жолугушуулары жана башкалар тууралуу жазып чыгышты.

“Кыргыз туусу” гезити мурдагы доордун партиялык жана советтик чарба ишмери Кемел Ашыралиевдин “Жайлоону кыргызга жараткан өзү жар кылган” аттуу баянын, эл жазуучулары Кеңеш Жусуповдун Чыңгыз Айтматовдун нускоолорун жыйнап келаткан макаласынын уландысын, Асанбек Стамовдун тарыхый жаңы романынын “Хан Тейишке чейинки жол” аттуу кириш сөзүнүн корутунду бөлүгүн, казак жазуучусу Есенгали Раушановдун “Жазуучуларыбыз жалпы, жайытыбыз бир” аттуу макаласын, журналист Орозалы Карасартовдун “Мухаммед пайгамбардын урпактарынын сөөгү Сафед Буланда” аттуу интервьюсун, Улуттук университеттин профессору Үмүт Култаеванын “Жаңылануу багыты” жана Жуңгонун жаратман санаттары” аттуу баянын ж.б. материалдарды тартуу кылды.

“Көк асаба” гезити: “Күчтүү оппозиция кандай болушу керек?” деп суроо салганда коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков: - Билими, акыл-эси бар, мекенчил, элди ойлогон, эң негзигиси уюштуруучулук иштерин жөнгө салып кете турган хорезматик адам пайда болсо күчтүү оппозиция жаралат. Ошондо эл анын байлыгына, жерлигине карабай колдоп алат. Учурда биз лидер тандоонун алдында турабыз,- деп жооп берген.

Тарыхчы тележурналист Султан Абдырахмановдун “Эй түрк! Сенин күчүң биримдикте” аттуу жол баяны, Абдыкерим Чолпонкуловдун “Улуттун аң сезими өспөсө, мамлекеттин күч кубаты болбойт”, күүчү Нурак Абдрахман уулунун “Арманга баткан Арсланбап”, жазуучу Асыкбек Оморовдун “Эр албаган кыз жетим, башчысы жок эл жетим” деген аталыштагы макалалары, кара сөз чебери Ашым Жакыпбектин “Теңири Манасынын” уландысы жарыяланган.

“Ачык саясатты” шапке кылып чыгып келаткан “Назар” жана “Эл сөзү” гезиттери да бүгүн жарыкка чыкты.

“Эл сөзү”
гезити Рыскелди Момбековдун шайлоонун үгүт өнөктүгү тууралуу жазган макаласын басты. Андан ары Атамбаевдин көл аймагындагы жолугушуулары ийгиликтүү өткөнүн, түптүктөр Алмаз мырзага Каркыра тууралуу суроо бергенде: “Каркыра бул жөнөкөй эле жайлоо же жаратылыштын кооз жери эмес, бул деген Кыргыз элинин тарыхы, духу. Эгерде биз бул жерди казактардан кайра кайтарып алсак, намысыбызды кайтарып алган болобуз. Кудай колдоп мен президент болуп калсам, Каркыраны кайтаруу үчүн колумдан келген аракетимди жасайм. Керек болсо Нурсултан Назарбаевдин алдына чөгөлөп сураганга чейин барамын” деп жооп бергени зор кубаттоого ээ болгонун жар салды.

Гезит ошондой эле кечээ атбашылыктар жол тосуу акциясына аттанышканын, алардын мындай кадамга барышына “Кыргызстандын кыйла жери кытайга 49 жылга ижарага кетиптир” деген сөз себеп болгонун, “Учурда Торугарт бажы бекети бери карай 50 километр жылып келди. Демек бийликтегилер жерибизди дагы саткан окшойт” деп жергиликтүү калк шектенип атканын, атбашылыктардын ачуусунан чочуган бийлик кечээ 1-вице-премьер-минстр Ө. Бабановдун шашылыш жөнөткөнүн, бүгүн атбашылыктарга Алмаз Атамбаев барып жолугарын, Текебаев баш болгон БЭКтин бир топ мүчөлөрү Бишкектин тегерегин кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрө баштаганын кабарлады.

Булардан тышкары Эртабылды Аттокуровдун “Жайлоо кеңеши” –“шайлоо кеңешиби?” же Суусамырдагы той, бийликти сактоого багытталган ой”, Айбек Шамшыкеевдин “Атамбаевдин “өлүмүнүн” Мотуевге эмне кереги бар?” деген макалалары басылган. Журналист Рыскелди Момбековдун макаласынын аты “Аликбек шайлай албайт, туугандары кимди шайлайт?” деп аталат. “Петровкадагы башаламандык боюнча бир гана Эркин Булекбаев эмес, Уран Рыскулов менен Сапар Аргынбаев да ушу тапта УКК абагында жатканын, алар Акаев убагында деле саясый акцияларга катышып жүргөнүн, бирок агезде камакка алышпаганын, алтургай ушул эки жигит 2005-жылдын 24-мартында ажонун жанында жүргөнүн, ал эми бүгүн ошол жигиттердин бири – Сапардын 80 жаштагы энеси милийсалардан токмок жегенин, жергиликтүү элди эзип жиберген күрттөр камалбай, ага каршы чыккан кыргыздар камалганын, Ноокаттагы акимиаттын айнегин сындыргандар 20 жылга түрмөгө кесилип, 2005-жылы акимиатты, банктарды талкалап, өрттөгөндөр төрдө олтурганын баяндаган.


“Назар” гезити “Суусамырдагы снайперлер” деген маалыматында абройлуу эл арлык уюмдардын бири 2008-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанды демократиялык баалуулуктардан баш тарткан кызыл камчы өлкөлөрдүн катарына кошконун эске салып, К. Бакиев Суусамырдагы малчылардын жыйынына барганда кошо брган милийсалары, жоокерлери чогулушка келгендердин чөнтөк-башын, ичи-койнун тинтип чыгып анан кое берип жатканына эл нааразы болгонун, анысы аз келгенсип кыр-кырларда көзгө атар мылтыкчандар турганын көргөн карапайым эл жакасын кармаганын жазды. 81 жаштагы карыя Сулия Сатаев: “ Кышты кудай урарда күн жылымдап жаз болот, ханды кудай урарда өз элине кас болот” демекчи, президент опур-топуру көп шаар жеринен корксо болот эле, жайлоодогу өз турмушун эптеп оңоп аткан малчы-жалчыларга жадырап-жайнап эле аралашса болмок” деп айтканын мисалга тарткан.

Музыка жыйноочу Балбай Алагушевдин “Качанга музей деп муңканабыз?” деген кайрылуу каты президент К. Бакиевге багышталган. Кайрылууда кыргыз кыргыз болгондон бери эле искусство музейи жоктугун, кыргыз өкмөтү 40-жылдары искусство музейин куруу тууралуу токтом кабыл алганын, тилекке каршы Улуу Ата Мекендик согуштун кесепетинен ал токтом ишке ашпай калганын белгилеген. Алагушев ошону менен бирге эле атпай журт үчүн эбегейсиз салым кошкон залкарлар эскерилбей унутта калганын, ошондойлордун бири, залкар дирижер, айтылуу композитор, Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, эл артисти Калый Молдобасановдун ысмы консерваторияга, көчөгө берилбей келатканын кеп кылып, өлкө башчысынын көнүлүн кейиштүү фактыларга бурууну көздөгөн.

Эркин журналист Үсөн Касыбеков макаласынын атын “Сузакты тескерисинен окуганда “Казус” болуп чыгат” деп атап, анысын “Кадрлар саясатындагы казус” жана “Тышкы саясаттагы казус” деп экигие бөлгөн. Автор “Ак жол” партиясын тескери окуганда “ЛОЖка” болорун, азыркы күндө “кайда болсоң анда бол, аш ичкенде пайда бол” дегендей “ЛОЖка” деген сөз “акжол” партиясынын саясый кличкасына айланганын талдоого алган. Бакиев бийликке келгени “темир генералдар” сындырылып, “пластилин генералдарга” айландырылганын, Акүйдүн азгырыгына алданган тагдырды Ф. Кулов баштап, Ө. Субаналиев, М. Эшимканов, К. Карабеков, А. Мамасалиев, А. Атамбаев, Ө. Бабанов ж.б. саясатчылар башынан кечиришкенин мисалдап, “ Мындай саясат өтө татаал, бир чети опурталдуу болорун, анткени Сузак же Казус саясатына Бакиевдин оппоненттери сыяктуу эле туруксуздук, моралдык прннциптин жоктугу мүнөздүү, кыскасы “сузак” саясатын бир сөз менен айтканда сызга отургузуп кетүү же артына суу куюп кетүү деп бааласа болор эле” деп жазды.
XS
SM
MD
LG