Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

Гезиттер да шайлоо өнөктүгүн улам жакындата баштады...

“Кыргыз руху” гезити академик Абдыганы Эркебаевдин “Күчкө карата биримдик же дагы бир жолу А. Атамбаев жана Т. Сариев жөнүндө” деген макаласын тартуулады.

“Эмне үчүн президент БШК белгилеп берген теледебатка келбейт, 4 жыл мурун берген убадалары тууралуу суроолордон качат, түз диалогго барууга даабайт? Эмне үчүн 4 жыл ичинде көптөгөн депутаттар атылып, бирөө дайынсыз жок болуп кетти? Өзгөчө Раатбек Санатбаев менен Үсөн Кудайбергенов үчүн ич күйөт. Эмне үчүн азыр дагы К. Байболов, Ө.Абдрахманов, Э. Байсалов, Ч. Орозобекова, Ж. Эдигеев өңдүү белгилүү уул-кыздарыбыз мекенине келалбай жүрүшөт? Эмне үчүн кечээ эле К. Бакиевдин шакирттери, пикирлештери болгон А. Бекназаров, Р. Отунбаева, А. Атамбаев, И. Исаков, Р. Жээнбеков, И. Кадырбеков, А. Жекшенкулов, Т. Тургуналиев, Э. Болөкбаевдер оппозицияга өтүп кетишти? Эмне үчүн айрымдары түрмөдө олтурат?

Албетте, калыстык үчүн белгилеп коюу керек. К. Бакиев учурунда бир аз жылыштар болду. Бюджет 3 эсеге өстү, айлык, пенсия көбөйдү. Бирок Акаевдин учуру менен салыштыруу, ал кездегиден азыркыны мыкты деп мактануу ыңгайсыздыкты жаратат. Суроо туулат. Ошондо К. Бакиев өзү жана анын айланасындагылар кайда жүрудү эле? Дал ошолор Акаевдин үлгүлүү шакирттеринен эмес беле? Бүгүн дуулдап сөз болуп аткан Камбар Ата ГЭСине орусиялык кредит берүү маселеси Акаевдин учурунда эле чечилбеди беле?”
деп суроо койгон академик мырза андан ары шайлоо жүрүшү, А. Атамбаев, Т. Сариев тууралуу сөз кылып, алдыда чечүүчү убак жакындап калганын, биригүүгө али кеч эмес экендигин, мындай биригүүнү ал Атамбаев менен Сариевге эле каалабастан Жеңишбек Назаралиевге да каалаарын, ушул үчөө бириксе шайлоонун жыйынтыгын коргоп калууга болоруна ишенген.

“Агым” гезити “Кыргызстандын түштүк аймагына Орусиянын 2-аскербазасын ачуунун зарылчылыгы барбы деген суроо менен бир катар атуулдарга кайрылып, төмөнкүдөй жооп алды.

Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков: - Аскербазаны Баткенге жайгаштыруудан зор утуш алабыз.

Коомдук ишмер Жумагул Сааданбеков: -Түштүктө демографиялык абал өтө курч. Кыргыздар азчылыкка айланып барат. 10-15 жылдын кийин түштүктө тажик менен өзбектер калктын 60 пайызын түзүшү мүмкүн. Өзбекстандын бизге мамилеси татаал. Ушул кырдаалга Кыргызстан жалгыз туруштук бералбайт. Сөзсүз колдоо көрсөтөр бирөө керек. Ал – Орусия.

Коомдук ишмер Амангелди Муралиев: - Ооганстан менен Пакистандагы террорчулар халифат түзүп, Өзбекстанга кирүүнү башкы максат кылышкан. Демек мындай база керек.

Саясат иликтөөчү Марс Сариев: - Бизде коопсуздук маселеси татаал, армиябыз алсыз. Орусиянын эмес, ОДКБ курамындагы авиабазаны так ошол Баткен облусуна жайгаштыруудан утабыз. Өзбекстан менен теңата сүйлөшүүгө да кеңири жол ачылат.

Бишкек шаар тургуну Гүлжигит Нартай уулу: - АКШ менен Орусиянын бирден базалары эле жетиштүү. Кудай өзү сактасын, эгер түштүктө ызы-чуу башталса Канттагы аскер базасынын учактары деле тез арада жетип барат. Менимче, Москва түштүктө экинчи базасын ачуу аркылуу бизге болгон үстөмдүгүн күчөтүп, Америкадан таасир талашуу аракетин көрүүдө.

Ушул эле сандан бандамачы Келдибек Назировдун “Чабактар көлмөсүндогү киттер” аттуу террорчулуктун тамырын талдоого алган макаласын, Дин, укук жана саясат боюнча көзкарандысыз аналитика борборунун деректири Кадыр Маликов менен инервьюсун ж.б. авторлордун ар кыл өңүттөгү материалдарын окуй аласыздар.

“Түштүк кыргыз цементи” ишин баштады” деген макала менен жаңы санын ачкан “Кыргыз туусу” гезити Боршайкомдун төрагасы Дамир Лисовскийдин “БШК шайлоого толук даяр” аттуу макаласын, “Россиядагы жарандарыбыз үчүн шайлоого шарттар түзүлгөн” деген тема алдында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуровдун интервьюсун жарыялады. Элчи Орусиянын 14 шаарында шайлоо участкалары уюштурулганын, бардыгы 21 шайлоо участогунан турарын, башка өлкөлөрдүн жарандыгын алган Кыргызстандыктар да шайлоого катышарын, анткени алардын кыргыз жарандыгы да сактала тургандыгын айтып берген.

Мындан тышкары эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жыйнап келаткан Чыңгыз Айтматовдун “Насыяты”, айтылуу обончу “Канымгүл Досмамбетованын керээзи”, эл жазуучусу Мырзабек Тойбаевдин Султан Ибраимов тууралуу баяны, эс алуу мезгилинин даярдыгы тууралуу кеп кылган кабарчылар Бермет Маткеримова менен Нарынкүл Назаралиеванын макалалары да ушул санда.

“Айгай” гезити Виктор Тарасюк деп аталган автордун “Кыргыз шайлоосунун жыйынтыгы анык болуп калды” деген макаласына орун берди. Автор шайлоо өнөктүгүнүн учурдагы абалын талдоого алуу менен шайлоо жыйынтыгы өзү күткөндөй болбой калса президент К. Бакиев өлкөгө озгөчө абал киргизиши мүмкүндүгүн, бирок анда ал өзүн абадан кокунучтуу абалга кептеп саларын кеп кылган.

Саясат иликтөөчү Жыргалбек Турдукожоев “Убада” деген ат менен президенттин 4 жыл ичиндеги элге берген убадаларын, сүйлөгөндөрүн жыйнап жарыялаган. Маселен автор Бакиевдин 2005-жылдын августунда аткаруу бийлик жетекчилери менен жолугушууда: “Бийлик котур койго окшоп алсыз, арык, жүдөө, жүнү жок, жылаңач, эчнерсеге жараксыз болуп баратканына күбөбүз” деп айтканын мисалга тарткан.

“Эл сөзү” гезити Бишкек шаар башчысы Нариман Түлеев Көк-Жар жаңы конушунун шайлоочулары менен жолугушуп атып: “Урматтуу көкжарлыктар! Сиздер добушуңарды кабинага киргенде мени уят кылбай Бакиевге берип койгула. Менин да ал кишинин алдында жүзүм жарык болсун” дегенин шилтеме кылып, бул аткаминер көз көрүнөө мыйзам бузду деп, кечээ Болот Шерниязов башчылык кылган коомдук комиссия түзүлүп, жалпы кыргыз жерин коргоого чакырык таштады деп, ушул айдын аягында ОДКБнын кезексиз саммитине Орусия президенти Дмитрий Медведов баш болгон президенттер Чолпон Атага чакырылды, “балким К. Бакиевдин бул демилгесинин артында “өлгөн иттин сөөгү” жашырылып жатпасын, анткени эл оозундагы “президенттик шайлоонун жыйынтыгы мурда эле чыгарылып, К. Бакиев баары бир президент болору чечилип калган” деген ушакты бийлик өзү тастыктап жаткан жокпу” деп, бийлик кысымына карабастан Жалалабад дубанынын Шамалды Сай шаарчасынан Таалайбек Бердигулов деген жаран Атамбаевди колдоо максатында накталай 5 миң сом которду, түштүктө Алмазды колдоочулар көп, бирок Өзгөндө “Бакиев” деп жазылган футболкаларды кийген жигиттер Атамбаевдин сүрөттөрүн тытып кетип жатат деп маалымат таратты.

Ушул эле санда алдын ала көрө билген көлдүк аялзатынын “үч ирет каршылашуу болот, алгачкысы 27- июль күнү башталат, ушул үч жолку кармаштан кийин шайлоо такталып, президент аныкталат. Өлкө башына арыкчырай, чапжаак, узун бойлуу адам келет” дегни да басылып чыкты.

“Назар” гезити “Жомоктор дүйнөсүндө” деген рубрика алдында Зарибек Бактыбаев аттуу автордун учурдагы президенттин үгүт иштериндеги аша чабууларды сындаган “Бакиев деген жакшыбы?” аттуу макаласын сунуш калды. “Борбордо “накталыгы” жана “татыктуулугун” баяндаган көп эле жарнактар турат. Төрт жылда 300 миңге жакын жаранын чет өлкөгө тентиткен, касиеттүү жерлерин, анын ичинен Каркыраны саткан адам эмнеге татыктуу болуш керек эле?” деп суроо койгон автор жакында үгүт жарнактарынын катарын “Бакиев жакшы” деген сүрот такта толуктаганын, Бакиевдин үгүт-насаатчылары аны жомокко айлантабыз деп атып, жомоктогу терс каарманга айлантып атышканына калк назарын бурган.

Данияр Өсөров аттуу автордун “Бакиевдин убадасы – “Акжолдун жолдуулугу” деген макаласында Бакиев жүргүзгөн бийлик жолою, унутулган убадалар, шайлоо ыпластыгы, тууралуу баяндалып, “Акжол” эмес, мурдагы парламент болгондо Көлдөгу 4 пансионат менен Каркыра эч качан казактарга кетпей калмагын кеп кылган.

Гезит кабарчысы Гүлниза Молдокулова ЖК депутаты Гүлжамал Султаналиева менен маек куруп, ушул күнгө дейре уу-дуу болуп келаткан Ак-Сай жана Арпа жайлоолорунун тагдыры жөнүндө сураган. Депутат Нарынга барып келбегенин, бирок иш төркүнүн нарындыктар менен телефон аркылуу сүйлөшүп укканын, теңиртоолуктардын айтымында ошол жайлоодогуүй куруучулардын баары кытай улутундагылар экенин, арасында аскер кийимчендери да жүргөнүн, баарынан кызыгы аларды биздин чегарачыларга автоматчан кайтартып коюшканын... Кыскасы чырдын чыгышына ушул себеп болгонун, анткени үй салынып аткан жерге бир фермердин малы кирип кетип, айдап чыгарганы келген ээсин кыргыз жоокери автомат менен уруп жиберип, ызы-чуу ошондн башталганына токтолот.

Депутат Султаналиева андан ары элдин тынчысздануусунун себеби барын, акаев убпагында Үзөңгү-Кууш деле ушинтип берилип кеткенин, андан кийин каркыра кеткенин, ак-Сай, Арпа жайлоолору бир эле Нарын, Ат-Башы эли эмес, Ак-Талаа элине да таандык жайлоо экендигин белгилейт.

Бирок 49 жылга ижарага берилди деген расмий документтер жоктугун, эгер андай болсо адегенде Ат-башы райкеңешинин депутаттарынын чечими чыгып, андан соң Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланарын, ансыз узак мөөнөткө жер ижарага берилбестигин, кыргыз-кытай чегараксы 99-жылы эле такталып бүткөнүн, демек аны ары-бери жылдырганга эч кимдин акысы жок экендигин кошумчалаган.
XS
SM
MD
LG