Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Ноокаттагы жин


Бүгүн шайлоодогу ар кандай үгүт иштерине тыюу салынган күн. Гезиттер да тынч...

Милицияда кимдер кызмат өтөйт? Участкалык милийса жаранды өлүп калгыча тепкилеген”.

“Дело №...”
гезити мына ушундай темадагы макаласын Ноокаттык милийса колдуу болуп өлгөн 33 жаштагы журналист Алмаз Ташиевдин ажалдуу окуясына арнаган. Окурмандарга буга дейре жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу белгилүү болгон окуяны дагы бир жолу баяндап келип, “деги кыргыз милийсасында кимдер кызмат өтөйт?” деп ИИМ жетекчилеринен сураса болобу? Же коомдук жайларда, болгондо да өздөрүнүн кызмат жайларында олтуруп алып мас болуп, аракка тоюп, арыз-муңун айтканы келген жарандарды тепкилей берсе, алтургай өлтүрүп койсо болобу?” деп суроо коюп чыкты.

“Медведов Бишкекке галстугу жок учуп келет” деп жазган ушул эле жумалык, орус президенти Д. Медведов 30-июлда Дүйшөмбүгө учуп, андан Бишкекте өткөнү турган Жамааттык Коопсуздук Кеңеши уюмунун бейформал саммитине катышуу үчүн Бишкекке келерин, уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин жолугушуусу Ысык-Көлдүн жээгинде өтөрүн кабарлады.

Президент админстрациясынын айтымында галстуксуз саммит кыргыз тараптын демилгеси менен өтөт. Саммитке Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдон башкаларынын баары келерин билдиришүүдө.

Кремлдеги булактарга шилтеме кылган ИТАР- ТАССтын маалыматы боюнча бул жолугушууда Ооганстандагы маселелер талкууланат. Орус президентинин бул сапары аскердик жагдайларга байланыштуу экендиги эч кимге деле жашыруун эмес.

Кыргызстандын түштүгүндө өзүнүн аскерий катышын кеңейтүүнү каалап аткандыгы Орусиянын вице-премьери Игорь Сечин менен коргоо министри Анатолий Сердюктун жашырынып келип-кетишинен кийин эле дайын болгон. Муну жакында американын “Нью-Йорк Таймс” гезитине берген маегинде президент Курманбек Бакиев да бекемдеп, “Кыргызстандын түштүгүндөгү террорчулук менен жакшылап күрөшүү үчүн биздин коргоо кызматы менен Орусиянын коргоо кызматы Баткенде же Ошто, же Жалал-Абадда террорчулукка каршы борбор түзүү ишин иликтеп жатышат” деп айтты.

Бирок мындай борбордун түзүлүшүнө жакын коңшуларыбыздын бири Ислам Каримов каршы. Аталган гезит ошону менен бирге эле транзиттик жүктөрдү ташуучу америкалык борбордун иштей баштаганына эки жума болгонун маалымдады.

“Үрүмчүдөгү тополоңдон кийин абал аябай эле чыңалып турган чагы. Ид-Кех деп аталган шаар борборундагы эң чоң мечиттин өткөн базарда жабылып калышына нааразы болгон 200гө чукул уйгурлардын көчөгө чыгуусу полицейлердин аларды камакка алуусу менен аяктады. Коопсуздук органдарынын кызматкерлери мейманканаларды тинтип, андагы чет өлкөлүк журналисттерди аэропортко алып барып, кете турган жагын көрсөтүп коюп атышат” деп баяндаган Эгемберди Кабулов аттуу Великобританиляык автордун макаласын бүгүн жарык көргөн “Московский комсомолец Кыргызстан” гезити басып чыкты.

Азыр Кашкарда абал тынчып калган сыяктуу. Бирок полицейлердин айтымында мындай беймарал тынчтык заматта чакчелекей түшүшү мүмкүн. Аэропорттон тышка уча турган багыттардын баары токтогон. Анткен менен миңдеген аскерлерди ташыган аскер учактары тынбай каттоодо. Асманды аскер вертолеттору күзөтүүдө. Эми Эски Кашкар шаарын кантип кайра куруп чыгуу керектигин Пекин эң сонун билип калды. Жер титирөөгө чыда албайт деген шылтоо менен көптөгөн тарыхый мааниси бар имараттар, жер тамдар бузулуп, анда жашаган эл көп кабаттуу үйлөргө көчүрүлөт. Ошентип Эски Кашкардын тарыхтагы өң-түсү таптакыр таанылгыс болуп өзгөрөт. “Тилекке каршы бир дагы эларалык уюмдар, ЮНЕСКО өндүү абройлуу уюмдун өзү дагы кытайдагы уйгурлардын эски шаарынын жүзүн сактап калуу үчүн кымындай аракет кылганга жарашкан жок” деп капаланган италиялык турист Марика де Готинин нааразы болуп айткан сөздөрүн далилге тартат ангилиялык уйгур журналисти.

“Хирургия – илимдин падышасы” деп коюшат. Бирок чыныгы хирургдарды азыр табуу кыйындап баратат. Мындай атамекендик адистердин айрымдары цыган барондорундай жашап жатканын көрүүгө болот. Манжаларында асыл таш чөгөрүлгөн шакек, моюндарында алтын чынжыр, гараждарында кымбат машиналар. Ал эми алган маянасы болгону 5 – 7 миң сомдун тегереги” деп маалымдаган “Московский комосмолец Кыргызстан” гезити ушу заманда Кыргызстанда бекер операция жасай турган хирургдарды табуу мүмкүн эместигин, кокус табылып калса Кызыл китепке киргизсе болорун кеп кылган.

Гезит андан ары операция жасагандыгы үчүн ала турган чөнтөк акыларынын справкасын мисалга тартат. Маселен Бишкектин клиникаларында жалпы анестезия акысы 2 миң сом турат. Балдардын грыжасын жана сокур ичегисин алып салуу операциясы 5 миң сом. Майда-чүйдө, айрылып кеткен жерлерди тигүү ж.б.д.у.с. 600 сом. Медиктин кеңеши 100 сом. Палата акысы суткасына 100 сом.

Мындай кымбат төлөө азабынан кантип кутулса болот? “МК Кыргызстан” гезити пацинеттердин укугун коргоочу “Альянс” коомдук бирикмесинин президенти Сабырбек Орозалиев менен айрым маселелер боюнча маектешет. Сабырбек мырза, медиктердин үстүнөн арыздар көп түшөрүн, сапатсыз жасаган иши үчүн көп акча алып коюп жатат деп даттанышарын белгилейт. Адистин айтымында оорулуулардан мындай көмүскө акча алгандар менен күрөшүү үчүн менчик медицинаны өнүктүрүү зарыл. Ошондо гана мамлекетитик медицина менен чыныгы атаандаштык түзүлөт.
XS
SM
MD
LG