Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

И. Чудинов: «Отставкага кетпейм»


Шаршемби сайын жарыкка чыгуучу «Дело №…» гезити эс алууга кетип, бүгүн орус тилдүү эки гезит жарык көрдү.

«Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити кыргыз президенти 60 жашка толгонун, Жамааттык Коопсуздук Кеңешине кирген өлкөлөрдүн башчылары кыргыз президентин туулган күнү менен кызуу куттуктап коюп, үйлөрүнө учуп кетишкенин, президенттерден жалгыз Н. Назарбаев калып калганын, ал эртеси К. Бакиевдин ант берүү аземине катышканын кабарлап, баса, оппозиция лидери Алмазбек Атамбаев «саясатчылардын аксакалы» катары так ушул адамга кайрылып, президент Бакиевдин ырасмий шаан-шөкөттөрүнө катышпоосун өтүнгөн эле, бирок Н. Назарбаев инагурацияга катышып олтурду деп жазды.

Аталган гезитке Бишкектик Н. Атабаев аттуу окурман: «Президенттин кайрылуусун уктум. Эмне үчүн мамлекет башчысы буга чейин айтып келгендерин кайра кайталай берет?» деп суроо берген. Буга түшүндүрмө берген редакция: « Ооба, аппаратты кыскартам деп көп ирет айткан. Бирок кыскардыбы? Башкаруу тармагы тууралуу деле ушуну айтса болот. Президент өзүнүн жыл сайын калкка кайрылуусунда өлкөнүн өнөржайын көтөрөм деп айтып келет. Бул сөз анын оозунан биринчи жолу 2005-жылы чыккан. Ошондо эле ишканалардын ишин жандандырууга, токтоп калган өнөржай объектилерин ишке киргизүүгө убада берген. Бирок бир нерсени эске алуу керек. Мамлекет башчысы деген калкка кайрылууларында ушинтип айтат, бирок аны кантип турмушка ашыруунун механизмдерин айтпайт. Ал механизмди иштеп чыгып, айтылганды андан ары турмушка ашыра турган өкмөт деген болот. Мына ошол өкмөткө көзөмөл жакшы болбогондуктан коюлган тапшырмалар аткарылбай, президент анысын жыл сайын кайталоого мажбур болууда. Жыл сайын тапшырма берилет, жыл сайын аткарылбайт. Маселен мугалим окуучуга күн сайын тапшырма берет, күн сайын аткарылбайт. Ушул сыяктуу» деп кеп кылган.

Гезит андан ары «Эл ичинде эмне кеп» деген тема алдында, эл арасында ар кандай имиштер жүрүп турарын айтып, анын бирине токтолгон. «Игорь Чудинов кетет экен. θлкөнүн «Газпромун» жетектегени калыптыр, аялы Маскөөдөгү үйүн иретке келтире баштаптыр» деген телефон чалуулар тынчыбаганда өкмөт башчынын өзү менен байланышканын, И. Чудинов: «Москвада эч кандай кыймылсыз мүлкүм жок. Эч кандай отставкага кетпейм. θкмөт, министрлер, комитеттин жана агенттиктердин жетекчилери кадимкисиндей эле өз орундарында иштеп жатышат. Премьер-министрдин талапкерлигин кароо тартиби Жогорку Кеңештин 50 пайыз мандатын алган саясый партия тарабынан гана президентке сунуш кылынат. Анын үстүнө Баш Мыйзамда президенттик шайлоонун ырасмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин өкмөттү отставкага кетирүү жөнүндө норма жок» деп жооп берген.

«Московский комсомолец Кыргызстан гезити» бүгүнкү санын адаттагыдай эле Елена Агееванын « президентке кат» рубрикасынын алдындагы макаласы менен ачып, Курманбек Салиевичти Путинден да көп добуш алышы менен куттуктап, Бакиевдин: «Биз жарандардын өзгөчө маанилүү укугу болгон шайлоо укугун канчалык жоопкерчиликтүү жана цивилизациялуу жол менен жүзөгө ашыра аларыбызды бүт дүйнөгө даңазалай алдык» дегенин шилтеме кылып: « Да-а, чындап эле Курманбек Салиевич, сиздин колдон бары келерин дүйнөгө көрсөттүңүз, албетте, шайлоонун таптаза өткөнүнө дүйнөнүн баары эле макул эмес деңизчи, эми алардын деле айласын табарбыз. Биздин БШКда буга дейре андай деле аты-жыты жок, бирок сууга салса чөкпөгөн А. Елисеев өңдүү жарандар бар эмеспи, ошол Елисеев ЕККУнун байкоочуларын каратып туруп: «А силер таза эмес өткөнүн далилдеп бергилечи!» деп турбайбы. Бир карасаң бул көрүнүш, пара берип аткан жеринен кармалып калган чиновниктин: «Пара алганымды далилдебейсиңерби? Каяктагы пара! Бул деген мени куттуктаган открытка!» деп кара жанын жеп, карганып атканына окшоп кетет экен. Анча болду, атаганат, Елисеев ЕККУнун байкоочуларына тилин деле көрсөтүп койсо болмок экен» деп какшыктады.

Ушул эле гезит эки макаласын Жамааттык Коопсуздук Кеңешине кирген өлкөлөрдүн көлдө өткөн галстуксуз саммитине арнады. «База болот, бирок кийинчерээк» деген макаласында гезит «Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын базасынын кандай зарылдыгы бар эле? Ага канча төлөйт?» деген суроо койду. «Галстуксуз саммите Медведов менен Бакиев орустардын аскердик базасын ачуу тууралуу келишимге келген өңдөнүштү. Бирок Бакиев бир заматта ойлогон оюнан жанып кетерин эсепке алганда бул аскердик база тез эле ачыла калышы мүмкүн эмес. Ал эми анын кечеңдеши адегенде Америка тарапка ыктап, андан соң Орусияны карай шак бурулуп, өлкөсүн ЕвроАзия экономикалык кеңешинен чыгарып кетип, ыкчам аракет кылуучу күчтөрдү түзүүгө кол койгондон баш тарткан Каримовго жагат. Дагы кошумчалай турган бир жагдай, эгер Орусиянын дагы бир аскер базасы орногон күндө дагы Кыргызстанга бир тыйын төлөбөйт. Анткени Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн бири болуп саналат» деп жазды.

Ушул эле база маселесин талдоого алган 2-макалада Орусиянын аскер базасын ачуу маселеси оңой-олтоң эле жүрө калбаганын, Орусия Федерациясынын сан-эсеби боюнча бир батальонго чейинки кошумча аскер контингентин 49 жылга дейре калтыруу жөнүндөгү меморандумга Медведов менен Бакиев меморандумга кол коюшканын, бирок базанын кайсыл географиялык аймакта жайгашуусу азырынча чечиле электигин, Маскөөнүн каалаганы Ош болсо, кыргыз бийлиги Баткенге ыктап турганын белгилеп, бул боюнча келишимдин жыйынтыгы 1-ноябрда кол коюларын, базанын жайгаша турган орду ошондо дайын болорун кошумчалады.
XS
SM
MD
LG