Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Бакиев - «Ак жол», «Ак жол» - Бакиевби?


Бүгүн «Учур» гезити гана жарык көрдү.

«Биз жеңишти шайлоого чейин эле алдырдык» деп интервью берген «Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев өткөн шайлоого баа берип, бул шайлоодо үй-бүлө менен мамлекет ортосундагы айырма болбой калганын, президенттин ант берүү аземинде дал ушул шайлоодо мыйзам бузуп, өз оюн ачык билдирген атуулдарды туура эмес соттогон соттор, мыйзамды бузуп добуш уурдаган күч органдарынын төбөлдөрү, кол алдындагыларды зордоп добуш салдырган мугалимдер, министрлер, мамлекеттик жетекчилер олтурганын баса белгиледи.

Бакиев ошолордун алдына чыгып алып: «мен коррупция менен күрөшөм» дейт. Анысы мурдагы бир премьер-министрдин окуясын эске салды. Ал киши өкмөт башчысы болор алдында (Акаев учурунда) эл өкүлдөр жыйынынын 45 депутатынын он бирине 15 миң долларга чейин пара берип шайланган. Анан ошол киши пара менен өкмөт башчылыгына бекип алып, ант бергендеги алгачкы сөзүн «мен мыйзам үчүн иштейм, коррупция менен аеосуз күрөшөм» деп убада берген. Мага ушул окуя кайталангандай таасир этти. Ал эми 23-июлду коррупциянын накта атасы десе болот» деп айтты"Учур" гезитинин кабарчысынынын суроосуна.

Андан ары Өмүрбек Текебаев азыр эл Бакиев десе – «Ак жолду», «Ак жол» десе – Бакиевди түшүнүп калганын айтты.

Кабарчы: - Бирок Атамбаев 23-июль күнү добуш уурдотпоо үчүн 100 миң адам алып чыгам дебеди беле?

Ө. Текебаев: - Атамбаев жолугушуудагы элдин сөзүнө ишенген. Жолугушууларда бардыгы «добушубузду уурдатпайбыз. Эртеден кечке шайлоо участкасынын жанында болобуз» деп убада беришкен. Тилекке каршы «үйдө батыр, жоодо жок» адатыбыздын айынан добуштарыбызды массалык түрдө уурдаттык.

Андан ары Текебаев шайлоодо камакка алынгандардын жарымы чыкканын, жарымы жакында чыгарын, бүгүнкү бийлик мындай террордук саясаты менен элди коркута албастыгын, кыргыздын мүнөзү ага жол бербестигин кошумчалады.

Ушуга улай эле «тойдон кийин» деген рубрика алдында макала жарыяланып, бийлик шатысында эми кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн деген маселе божомолго алынган. «Менимче» деп баяндайт автор, «Курманбек Бакиев өкмөттү толук тазалап, жаңы орундарга жаштарды деле тартып жибербейт. Ашып кетсе министрлердин жарымы кетет. Губернатор, акимдери деле тегиз шыпырылбайт. Жалпы жонунан алганда бийликте сенсациялуу деле өзгөрүүлөр болбойт. Дээрлик оппозицияны куугунтуктап, «сүрүп-жоготом» деген саясатка Бакиев барбайт. Себеби, эл арасындагы аброюн андан ары түшүрүп алгысы келбейт. Кыскасы азыр саясаттан бийлик да, оппозиция да чарчады. Ак үй саясатын оппозиция өкүлдөрү анализдеп, каталарын таанып, эриш-аркак Кыргызстан деген кемени чөгүп кетүүдөн сакташса болду. Акыры баарына калк тараза болот» деп жазды.

Гезит андан ары айрым серепчилерден «Баш мыйзамга ылайык өкмөт тарткатылышы керек, сиз кандай жаңыланууну күтөсүз?» деп сурап, мындай жоопторду алды.

Саясат иликтөөчү Т. Какчекеев: - Көптөгөн мамлекеттик органдар кыскартылышы керек. Мисалы УККны укук коргоочулар 30-жылдагы НКВДнын ролун аткарып калды деп күнөөлөшүүдө. Буга кошулса болот. УККны саясый иштерге аралаштыруунун кажети жок. Бул президенттин беделине көлөкө түшүргөндөн башка пайда алып келбейт. Ал эм парламент таркатылууга тийиш. Финполиция, өрт өчүрчү кызмат кайрадан ИИМ карамагына өтүшү керек. Андан сырткары кол тийбестик дегенди жоюу зарыл. Кол тийбестик бир гана сот органында болушу зарыл.

Экономист А. Сарыбаев: - θкмөт курамы өзгөрүп, компотенттүү кадамдар жасалса экономикада жылыш болот эле.

Укук коргоочу Т. Үмөталиева: - Мамлекеттик кызматта иштегендерди такай текшерип, көзөмөлдөп туруу зарыл. Эгер мен президент болсом, чиновниктерди бүт чет өлкөлөрдөгүдөй жөө жүргүзмөкмүн.

Публицист Б. Кылычбеков: - θкмөт таркатылган күндө деле жаңылануу болоруна күмөнүм бар. Мурунку эле жол менен кетебиз го. 2005-жылы эле президент өнөр жайын калыбына келтирем деп убада берген. Анысы сөз боюнча эле калбадыбы. Болгону алып-сатарлык гана өркүндөдү. Жашоону оңдош үчүн президент таза шайланышы керек. Андай болбогон соң жаңыланыш кыйын.

Коомдук ишмер Б. Ааматов: - Ириде 93-жылкы Конституцияны калыбына келтириш керек. Аны ордуна коймоюн мыйзамсыз иштер улана берет. Мына мыйзамсыз шайлоо да болду. Бийликти узурпациялоо жүрүп жатат. Ошон үчүн 93-жылкы Конституцияны ордуна коюш керек да, мамлекеттик кызматтагылардын баарын отставкага кетириш керек.

«Учур» андан ары «Канттагы орус аскер базасы турганда дагы бир аскер базасынын кереги бар беле?» деген суроо менен айрым саясатчыларга кайрылды.

БЭКтин жетекчилеринин бири А. Бекназаров: -Мамлекеттин туруктуу тышкы саясаты жок болсо ушинтип көрүнгөн коңшу мамлекеттер каалаган нерсесин ача берет. «Жаман үйдү коногу бийлейт» деген ушул. Кыргызстандай ажайып жаратылышы бар тоолуу өлкөгө эч бир аскер базанын кереги жок болучу.

ЖК депутаты Д. Молдошева: - Бул аскер базасы керек. Акыркы кездери дүйнөлүк террорчулук жана диний экстремчил күчтөр күч алууда. Алар Борбор Азияда халифат курууну көздөп, бизде жана θзбекстанда ар кандай террактарды уюштуруп келишет. Ушундай кырдаалды эске алганда Орусиянын ыкчам аракеттенчү күчтөрүнүн Кыргызстанга жайгашканы туура деп ойлойм.

Генерал М. Ниязов: - Эгер Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн эске алсак бул база бизге керек. Себеби Фергана өрөөнүндө үч мамлекеттин чегарасы чектешкен. Элдин бири-бири менен каттоосу жыл сайын кыйындап баратат. Ферганадагы жер, суу маселесине улуттар аралык коррупция, аткезчилик, диний экстремчилдик, жумушсуздук кошулуп, бул аймак азыр мына-мына жарыла турган бомбага окшоп турат. Ош, Баткен, Анжыян, Наманган окуялары дал ушундай проблемалардан келип чыккан. Ошондуктан бул базанын Түштүктө жайгшуусун колдойм.

Саясат иликтөөчү М. Сариев: - Базаны туура эле ачып жатышат. Бирок акыркы 5 жылда Канттагы Орусия аскер базасынын жыйынтыгын көргөн жокпуз, ошондуктан ушул базаны Түштүккө алып барса болмок. Кыргызстан кичинекей. Бизге үч база көптүк кылат.

Саясатчы М. Чолпонбев: - Бул базанын эч кандай кереги жок болучу. Жалгыз Орусия Орто Азиядагы маселени чече албайт. Бул жерде Бакиев өзүнүн саясый ордун бекемдеш үчүн Орусиянын алдында ушундай «менмакулдукка» барып жатканы көрүнүп турат. Бул базанын Орусия менен эле Бакиевге пайдасы бар. Болгону ошол. Бакиев муну базада жайгаша турган ыкчам аракеттенчү аскерлер менен оппозицияны коркутам деген ойдо жасап жатат.

XS
SM
MD
LG