Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:51

"Бакиев жетишкен ийгиликти бекемдеп калуу үчүн аракет жасайт. ...Жарандык секторго жана бийликке баш ийбеген жалпыга маалымдоо каражаттарына чабуул башталат",-деп жазат "МК-Кыргызстан" гезити.

«Курманбек Бакиевдин экинчи келишинен эмнени күтсө болот?». «Московский комсомолец Кыргызстан» гезитинин кабарчысы Сергей Кривошаповдун мына ушундай темадагы макаласында, мамлекет башчысы өзүнүн экинчи мөөнөтүн аягына чейин сактайбы же орто жолдон Путиндин жолун кайталап, президенттигин бирөөгө өткөрө коюп, өзү өкмөт башы боло калып, же дагы бирдеме ойлоп таба салабы, азырынча андай-мындай деп айтканга эрте, бирок өлкөгө көзөмөл кылуучу кыртыш эмитеден түптөлүшү керектиги белгиленет.

Эми кандай болгон күндө да Бакиев жана аны айлангандар жетишкен ийгиликти бекемдеп калуу үчүн аракет жасайт. Андыктан адегенде эле жарандык секторго, өкмөттүк эмес уюмдарга жана бийликке баш ийбеген жалпыга маалымдоо каражаттарына чабуул башталат. Авторитардык тенденциялар күчөйт.

Азыр оппозициялык партиялар менен кыймылдар аябай алсыз. Анткени шайлоо мезгилинде булар өздөрүнүн эмнеге жөндөмдүү экендиктерин көргөзүп бүттү. Шайлоо өнөктүгү оппозициябыз дегендердин демин өчүрүп, суусун сыкпаган жеринен сыгып алып, демократия үчүн күүлөгөн «күүчыбыгын» бычып салды. Анын үстүнө оппозициянын акчасы да түгөдү. Ушундан улам, «бириккен элдик кыймылга» баштарын бириктиргендер эми акырындап өз-өз «квартираларына» тарап жок болот.

Сергей Кривошапов андан ары, эгер буга дейре социал-демократтар партиясы саны жагынан парламенте 2-орунда болсо, бул ирет анын жолу тумандап турганын, кийинки парламентте анын ордун бийликке ийкемдүү партиялардын бири басарын, «Ак жолдун» айрым мүчөлөрү партияны таштап, жаңы бирикмелерди түзөрүн, ал эми 3-вариант боюнча мурдагы СДПКнын ордун Т. Сариевдин «Ак шумкар» партиясы ээлеп каларын кеп кылган.

Темир Сариев шайлоо маалында Атамбаев менен бириккен жок, Бакиевди сындабады, эми аны мындан ары толук кандуу оппозиционер деп да атоого болбойт. Сариев азырынча партиясы менен парламентке келип, Бакиевдин мөөнөтү бүткөнчө күтүп, андан соң дагы бир жолу бактысын сынап көргүсү келген адам.

Айтор К. Бакиев дагы бир жолу өз колундагы «хоп майли» парламентин түзөт. Анын тышкы саясатында деле өзгөрүү болбойт. Бакиев ушу тапта шайлоонунун ийгилигинен кийинки эйфорияда турган чагы. АКШ менен транзиттик борбор түзүү келишимине келе калып, Маскөө эле эмес килейген Пекинди да «мыш» кылды.

Демек Американын базасынын Кыргызстанда калып калганы үчүн Маскөөдөн да Пекиндин кыжыры алда канча кайнап турган кези. Ошондуктан тышкы саясатта күтүүсүз кадамдар жасалбайт. Көп тараптуу саясат улана берет. Албетте демократиялык баалуулуктардан ажыраганы жана адам укуктарынын сакталышы тегерегинде Брюссель менен «кагылышуу» болбой койбойт. Бирок экономикалык анча байланышы болбогондуктан Еврошериктештик өлкөлөрүнүнүн Кыргызстан менен иш жүргүзүүсү кыйынга турат.

Кыскасы Кыргызстандын тышкы жана ички саясаты кандай өңүт менен өр алары келаткан сентябрь-октябрь айларында ачыкка чыгат.

«Жакында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа Кыргызстандын түштүгүнө жайгашмакчы болгон орус батальонунун түзүмүнө Өзбекстандын каршылык кылганына түшүнбөгөнүн билдирди. Расмий Маскөө маселе өзбек тарап менен кеңешкенден кийин жөнгө салынарын жар салды. Анткен менен айрым бир эксперттер «Өзбекстан менен кеңешкенден майнап чыкпастыгын» айтышууда.

«Маскөө менен Вашингтон өз күчтөрүн «Борбор Азия аркылуу сынап жатат» деген аталыштагы макаласын мына ушул кириш сөз менен баштаган журналист Елена Агеева, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазгандарына караганда Орусиянын Кыргызстандагы 2-аскер базасы күч көрсөтүүчү аскерий базага салыштырганда сүр көрсөтүүчү мааниге көбүрөөк окшош. Эгер Маскөө Вашингтонго «Борбор Азиянын чыныгы кожоюну ким?» экенин далилдегиси келсе, анда анысы баланын оюнундай болуп калган.

Мына ушул жагдайдан алганда да бул аскер база Кремль үчүн иттин бешинчи буту сыяктуу артыкбаш нерсе. Орус политологу, саясат жана аскерий анализ Институтунун бөлүм башчысы Александр Храмчихиндин бир гезитке берген интервьюсунда «Орусия жөн эле өз ызыасын кайда батырарын билбей жатат, анткени авибазаны нөлдөн баштоо үчүн эле жүз миллиондогон доллар талап кылынат, бирок мындай базанынын кайтарымы болобу, жокпу, анны болжолдоо кыйын».

Орусиялык дагы бир саясатчы Алексей Митрофановдун оюнча Маскөөнүн Борбор Азиядан да маанилүү таасир бере турган аймактары бар, бирок ага болбой эле ал Борбор Азияга жармашууда. Саясатчынын байкоосунда аткезчилик жана террорчулук менен күрөшүү аскер бөлүгүнүн иши эмес, ан үчүн ар бир мамлекеттин алдында түзүлгөн атайын кызматтар бар. Орусиянын 1 батальону тургай 70 миң аскер бөлүгүнөн турган НАТОнун жоокерлери канча жылдан бери карай Ооганстандагы террорчулук менен наркозат агымынын жолун бууй албай келатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG