Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Коррупция байкуш «кор» болууда


«Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити Орусияда атайын интернет сайт ачылганын, айрым өлкөлөргө виза режимин киргизүү үчүн кол топтоо башталганын, кара тизмеге Азербайжан, Армения, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан киргенин маалымдады.

Интернет сайт ачкандар мекендештерине кайрылып, орустардын маданияты менен улуттук каада-салтын сактоого чакырык таштаган. Өз өлкөсүнөн ушул жылдын 1 кварталында эле 5 млрд. доллардын сыртка чыгып кеткенине тынчсыздангандыктарын билдиришкен. Ошон үчүн жогорудагы кара тизмеге кирген өлкөлөрдөн тынбай агылып келип аткан мигранттарды каттоого алууну мындан ары катуулатуу, келишим мөөнөтү бүтөрү менен аларды кайра келген жагына кайтаруу маселесин коюшкан.

Интерент сайтта Орусия Федерация прокуратурасынын кылмыштарды иликтөө комитетинин башчысы Александра Бастрыкинанын пикиринен шилтеме келтирилген. Анын айтымында Маскөөдөгү ар бир үчүнчү кылмыш мына ушул КМШ өлкөлөрүнөн мыйзамсыз келген эмгек мигранттар тарабынан жасалат. Сайттын түзүүчүлөрү октябрь айына чейин 50 миң кишинин колун чогултмакчы болушууда. Албетте, ал юридикалык күчкө ээ болбойт, бирок океңдер ушундай жол менен өз өлкөсүнүн бийлигинин бир чечимге келишине таасир этүүнү көздөшүүдө.

«Эмне үчүн ушул кезге дейре бир дагы коррупционер кармала элек?» Ушундай суроо койгон ушул эле гезит, Кыргызстан эгемендигине ээ болгон күндөн бери эле коррупция менен «аеосуз» күрөшүп келатканын, бирок «коорупция» деген статья менен бир дагы кылмыш иши козголо электигине таң калган..

«Транспренси интернешнлдин» индекси боюнча дүйнөдөгү өтө эле коррупциялашкан 133 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 2003-жылы 118-орунга чыкса, бир жылдан кийин 146 өлкөнүн ичинен 126-орунга, 2005-жылы 158 өлкөнүн ичинен136-орунга чыккан. Ал эми үстүбүздөгү жылы дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча 166-орунду «багындырды».

Гезит андан ары акыркы 5 жылда бир дагы чоң чиновниктин жок дегенде бири пара менен кармалбаганын, ал эми Акүй аткаминерлеринин бири Ишенбай Кадырбековдун камакка алынышы кылмыш ишине караганда саясый боегу көбүрөөк окуяга жакын болуп калганын баяндады. Басылма коррупцияга каршы күрөшүүнүн бир эле мисалын келтирет. Маселен Кыргызстанда сотторду коррупция менен күнөөгө жыгуу оңой менен ойго келбей турган иш. Анткени КР Кылмыш-жаза Кодексине ылайык сотторго Баш прокурордун жеке көрсөтмөсү менен гана иш козголот, бирок Жогорку Соттун төрагасынын маклдугусуз ал жоопко тартылбайт, алтургай пара алып жаткан жеринен кармап алсаң да.

Ошентип бечера коррупциянын шору шорподой кайнап, Кыргызстанда аябай «кор» болууда.

«Московский комсомолец Кыргызстан» жумалыгы жаңы санын адаттагыдай эле журналист Елена Агееванын «президентке каты» менен ачты.

Автор жакында Улуттук 1-канал аркылуу «Кош жылдыз» деген долбоор менен жалаң Акүй аткаминерлери ырдап чыкканы жатканын кеп кылган.

«Анткен менен Курманбек Салиевич, өлкөнүн каратаман жарандары бул долбоорду кош колдоп жактырышып, кудай жалгасын, эл багарлар ушинтип иштегенден көрө ырдап берсин дешүүдө. Ансыз да сиздин атка минерлдер айтып атышпайбы: «Эгер биз дайым эле кылмыштуулук, кырсык, жаман нерселер тууралуу айта берсек жакшы эч нерсе болбой калат. Ошондуктан жалаң гана жакшы нерселерди айтышыбыз керек» деп.Ошондо мээңе: «Коррупция, коррупция деп эле канчалык какшай берсек коррупция деген ошончолук гүлдөй берет» деп айткан Адахан Мадумаровдун сөзү түшө калат экен.

Жолдош президент, сиздин министрлериңиз менен депутаттарыңыз кайдан сүйлөбөсүн бизде баары жакшы, бизде баары сонун дешет. Ал эми Акүйдүн сыртындагы карапайым калк каери жакшы, каери сонун экенин биле албай башы маң, анан калса алардын силерчилеп ырдаганга да, бийлегенге да чолосу жок эмеспи» деп жазды.

Гезит муну менен бирге эле мындан бир ай мурда Энергоөнөржай министрлиги электр жарыгын өчүрбөй кыштан чыгуу үчүн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд. куб метр өлчөмүндө топтолсо жетиштүү болоруна ишендирген. Азыр Токтогулдагы суунун көлөмү 12, 4 млрд. куб метр. Эми бул министрликтин аткаминерлери суу сактагычтагы суунун көлөмү 14 млрд. кубдан ашуун топтолушу керек деп «сүйүнчүлөй» баштады деп кабарлады. Азырынча сугат кезеңи бүтөлек. Демек суу сактагычтагы суунун көлөмү дагы азайышы мүмкүн. Азыртан эле айыл жерлеринде 8-9 сааттан жарыкка чектөөлөр болуп аткандыгын билдирген маалыматтар келип түшүүдө. Мисалы президент шайланып бүтөрү менен Ново-Павловка кыштагында жарыкты саат 9дан 5ке чейин өчүрүп салышкан.

Аталган басылма кары-картаң адамдар пенсиябыз көбөйдү деп сүйүнүп бүтө электе, өлкөдө дары-дармектердин баасы асманга чыгып кеткенин, аны сатып алганга кудурети келбеген пенсионерлер аргасыздан чөп менен дарыланууга мажбур болуп атышканын, маселен орус өкмөтү кары-картаңдары үчүн бир калыптагы бааны кармап турарын, ал эми кыргыз өкмөтү каякты карап олтурганын билбей калгандыгын кеп кылды. «Бизде качан болсо чет өлкөлүк дары-дармектерди саткандар «өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип», каалаганын жасап турушат, өлкөдө бир дагы мамлекеттик аптека жок. Ошондуктан бечара пенсионерлер: «Биз эми кепинибизди сүйрөп алып, түз эле көрүстөнгө кете бергенден бөлөк айлабыз калбай калды» деп өксүп олтурушпайбы» деп жазды.
XS
SM
MD
LG