Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Кызыл кулактар президенттен күчтүүбү?


Гезиттер Кыргызстандын ички жана тышкы турмушун жазып жатышат.


«Эл сөзү» гезити академик Жамин Акималиевдин «Черчилл тамекини Кыргызстандан алып чеккен» деген ат менен маегин басты. Айыл чарбасынын айтылуу адиси Кыргызстанда жашаган 5 млн. адамга 1 млн. тонна буудай, 150 миң тонна буудай уругу жетерин, азыр жер-жерлерде эгин жыйноо өнөктүгү жүрүп атканын, бирок ушу кезде Ысык-Көлдөн башка өрөөндөрдөгү дан эгиндери 10 күндүн ичинде чаап-жыйналып алынбаса түшүмдүн 20 пайызы талаада каларын какшай берип тили тешилгенин кеп кылган.

Буудайдын баасына токтолгон академик, президент баасын 10 сомдон кемитпегиле дегенин угуп да койбостон басы 4-5 сомго түшүрүлгөнүн, мунун баарын жасап аткандар кызыл кулактар экенин, алар кампаларына катып алып, учуру келгенде 15-20 сомдон кайра элдин өзүнө сатарын, азыр бир бөтөлкө суу 15 сом турарын, ал эми бир килограмм буудай араң 5 сом болгонун, кыскасы азык-түлүк баасын мамлекет өз колуна алмайын эч качан ишибиз оңолбостугун баяндаган. Жамин Акималиев андан ары айылчарба министрлигинин ролун көрсөтүп, кант заводдорунун көйгөйүн козгогон.

Ушул эле сандан журналист Эртабылды Аттокуровдун суу, энергетика жана «Алтын ордо» жаңы конушу тууралуу жазгандарын, айтылуу ырчы, композитор Каныкей Эралиева менен маекти, гезит кабарчысы Айбек Шамшыкеевдин көгүлтүр оттун көйгөйүн көтөргөн макаласын, төкмө акын Аалы Туткучевдин «Ким эле кыргыз, ким болду?» деген термесин окуйсуздар.

Гезит «Ата Мекен» партиясы менен Социал-демократтар партиясынын биригүүгө кылган аракетин оң баалап, мындай биригүүнү өлкөдөгү саясый-экономикалык кырдаал талап кылып атканын, бирок бул биригүү алдыдагы парламенттик шайлоонун камын көрүп, 2007-жылдагы «Ата Мекен» менен «Ак шумкардын» «ынтымагындай» убактылуу саясый кызыкчылыкты көздөсө анда эле алардын саясый «биримдиги» биротоло ыдыроого барат деп мүнөздөп, буга карата айрым жарандардын ойлорун ортого салды.

Генерал И. Исаков:- Эки партиянын биригиши кыргыз эли үчүн пайдадан башка зыяны жок.

«Акжолчу» депутат Б. Наргозуев: - Бириккени жакшы. Бирок бириккен күнү деле бийликке коркунуч келтире албайт.

«Улуу биримдик» партиясынын төрагасы Э. Каптагаев: - Эки партия тең социалисттик идеяга таянып турушат, экөө тең эларалык социнтерндин мүчөсү. Бириккени туура.

«Ак шумкар» партиясынын төрагасы Т. Сариев: - Мен азырынча пикиримди, көз карашымды да билдире албайм.

«Кыргыз туусу» гезитинин кабарчылары Мырзакат Тыналиев менен Папан Дүйшөнбаевдин бүгүнкү сандагы макалалары ШКУга мүчө өлкөлөрдүн бирдиктүү акча бирдиги туурасындагы маселелерди талдоого алышкан.

Бул санга профессор Турду Жыргалбековдун Турдакун Усубалиевдин 90 жылдыгына арналган макаласынын корутунду бөлүгү басылды. Академик Бектемир Мурзубраимов Кыргызстандын борбору Бишкек шаары жөнүндө сөз кылып, шаарда жасалып аткан иштердин дурус жана буруш жактарына токтолуп, баалуу сунуштарын айтуу менен «мэриянын алдында кыргыз тилинде гезит ачылса жакшы болот эле, «Вечерний Бишкек» деген менчик басылма, анын улуттук маселелер менен кымындай да иши жок» деген оюн жарыя кылды.

«Назар» гезити ушу тапта Петровкадагы окуяга байланыштуу камакта жаткан С. Аргымбаев, У. Рыскулов, Э. Булекбаевдин өмүрү коркунчта, булар кылымыш дүйнөсүнө тиешеси бар адамдардын колу менен жок кылынганы жатат деп, «Бакиевдин 2-мөөнөтү репрессия менен башталдыбы?» деген тема алдындагы макала аркылуу ал тууралуу бардык укук коргоочулар коңгуроо кагып, Кыргызстан демократиялык баалуулуктардан кол жууп баратат деп чыгып атканын, Өзбекстандын Ханабад шаарында АКШ аскер базасы кайра ачыла турган болуп калды шекилди, анткени Маскөө бул сапар Ташкенге Каримовдун эшигин тээп кире турган И. Сечин менен А. Сердюковго окшогон жогорку даражалуу кишилерин жөнөтө албады, себеби Каримовдун кабинетине алардан мурда АКШ генералы Дэвид Петреус мырза кирип чыкты, буга байланыштуу Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын 2-аскер базасы ачылар-ачылбасы белгисиз бойдон калууда деп маалымат таратты.

Публицист Кален Субанов «Кыргызгаз» эмес, кыргыз эли сатылды» деген макаласында «Кыргызгаз» ачык акционердик коому акцияларынын кыргыз өкмөтүнө, демек кыргыз мамлекетине тиешелүү пакетин Орусиялык «Газпромго» сатууга макулдугун бергенин, эми кыргыздар газ тармагында да орустун акча көпөстөрүнө күнкор болуп калганын белгилеген.

«Эпчил козу менен шүдүңгүт козу» деп аталган макала белгилүү журналист Үсөн Касыбековдун калемине таандык. Ал Кыргызстандын кризис учурундагы экономикалык «жашоо-тиричилигин» талдоого алат. Жада калса өлкөнүн тышкы саясаты, эл аралык алака-мамилелери финансылык кызыкчылыктарга багыныдырылып калганын, азыркы режимдин кай бир кошоматчы эксперттери бийликтин "Манас" авиабазасы боюнча эки жүздүүлүгүн көп вектордуу тышкы саясат деп түшүндүрүүгө далбастап, «эпчил козу эки эмет» деп бийликти мактоого чейин барышканын, бирок Кыргызстан ошол эле маалда эл аралык коомчулук алдында беделин түшүрүп, ишеними жок шүдүңгүт козуга айланганын капарына албаганын сындап жазып чыкты.

Андан ары «Кыргыздар өз жеринде кул болобу?» деген рубрика алдында Чүйдүн Москва районуна караштуу Серетенка айылында 58 жаштагы 2-топтогу майып Аралбек Эдигеевди 30 жаштагы райкеңештин төрагасы Александр Бугаев деген өлөрчө сабаганы тууралуу макаланы окуй аласыздар. Автор окуя кандай болгонун сүрөттөө менен «Петровка башаламандыгы кайталанабы?» деген суроону коет.

Белгилүү коомдук ишмер Бегиш Ааматов азыркы бийлик, оппозиция тууралуу маек куруп, 93-жылдагы Конституция бузулгандан тартып Акаев менен Бакиев заманынын айырмасы болбой калганын, мыйзам деген жоктугун, болгону Бакиевдин амирине жараша гана иш жүрүп калганын, коррупция гүлдөгөнүн, кийинки өзгөртүлгөн Башмыйзам байлыкты жалмап жеш үчүн, өзү гана эмес чет элдик машыккан ууруларды чогултуп келип жеш үчүн жасалганын, мына ушундан улам Кыргызстандын келечеги кандай болорун да билалбастыгын кепке алат. Бегиш Ааматов укук маселесине токтолуп, бүгүн Кыргызстандын эли өз каалаганын шайлаганга да, өзү шайланганга да укугунан ажыраса, эми ага кошулуп митингке чыгуу укугунан да ажыраганын кошумчалаган.
XS
SM
MD
LG