Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Кантамырын кырккан кыргыз


Жарык көргөн гезиттер эгемендиктин 18 жылына, эл, жер тагдырына арналган макаларды жазып чыгышты.

«Кытайлардын «Мейлин Ресурсы» деген фирмасы 14 миң гектар жер сураган. Бирок Жети-Өгүз районунун акими Чекиев кытайларга 34 миң гектар жерди кармата берген. Ошентип Жети-Өгүздүн акими Нарын дубанына караштуу жерди берип койгон. Акимдин артында Ысык-Көлдүн губернатору Кыдыкбек Исаев турган. Исаевдин артында жогору жактагы дагы бир адам болгон». Жакындан бери уу-дуу болуп аткан Нарын районундагы Жетим-Тоонун Rытайга берилгендигинин чын-төгүнүн билиш үчүн барып келген Акыйыкатчы Турсунбек Акун бүгүн жарык көргөн «Назар» гезити аркылуу ушинтип айтты.

Турсунбек мырза Жетим-Тоо кайра кыргызга өткөнүн, губернатор Өмүрбек Субаналиев экөө барып ал жерди кытайлардан кайрып алышканын, ханзулар Жетим-Тоодогу Нарын коругун көздөй 4 чакырым жол салып жиберишкенин, тоо бузуп, таш казчу техникалары мыкты экенин, корук кызматкерлери 57 кытайды кармап, паспортторун текшере келгенде баарынын «виза» мөөнөтү эбак бүткөнүн, бирок ээн-элкин мыйзамсыз «иштеп» жүргөндөрүн, бечара Кыргызстан ар ким кирип-чыга берчү «атканага» айланганына арман кылган.

Акыйкатчы андан ары: «губернатор К. Исаев баарын билет, алар кытайлардан чоң акча алышкан деген имиштер бар, анткени жерди башка өлкөлөргө берип көнүп алышкан, Каркыраны да казактарга ушинтип беришкен. Эгерде Жетим-Тоо казыла турган болсо, анда Борбор Азиянын кантамыры болгон Нарын дайрасы соолуйт» деп айтты.

Журналист Үсөн Касыбековдун "Назар" гезитиндеги макаласы макаласы «Эми шыйрагыңарды жаккыла» дешпесе болду» деп аталып, элди энергия менен камсыз кылуу маселесин козгогон. Автор Кыргызстан жакын арада энергетикалык кризистен чыгалбасын, тескерисинче энергетикалык кырдаал мындан ары дагы татаалдашы мүмкүндүгүн белгилейт. Анткени Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы газ боюнча сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктаган. Өзбек тарап 18,5 млн. доллар карызыңарды төлөбөсөңөр эмдиги жылы газ болбойт деп ачык эле айткан. Азыр күйүүчү майлар да күн санап кымбаттап барат, демек мына ушул факторлордун баары айланып келип эле электр энергиясына болгон жүктү оордотот. Баса Орусияда кырсыкка учураган Саян-Шушен ГЭСиндеги суутрубина Ленинграддын заводунда жасалган. Токтогул ГЭСиндеги суутрубина да ошол заводдуку. Тилекке каршы Кыргызстандагы ГЭСтердин коопсуздугу боюнча акыркы 20 жылдан бери технологиялык жактан эч кандай жылыштар болгон эмес.

«Мындан 2-3 жыл мурда Жалал-Абад мамлекеттик университетин текшере келгенде бир эле факультеттеги 20 студенттин иш жүзүндө үчөө гана окуп, калгандарынын кайда экени белгисиз болуп чыккан. Диплом айрым студенттер үчүн такыр мааниси жок нерсе болуп калган. Учурда окуусун аяктады деген 7 миңден ашуун студенттин диплому министрликте жатат». Жогорку окуу жайларындагы билим берүүнүн көйгөйлүү маселелерин талдоого алган www. Kyrgyztoday. kg интернет каналынын башкы редактору Мирлан Дүйшөнбаевдин мына ушул макаласын бүгүн жарык көргөн «Агым» гезити жарыялады.

Эл аралык уюмдар дүйнөнүн 57 өлкөсүндөгү билим берүүнүн сапатын текшерип чыкканда Кыргызстан 87-орунду ээлеген.

Тарбия системасын талдоого алган КР билим берүү Академиясынын вице-президенти, профессор Советбек Байгазиевдин маеги «Тарбиядагы белгисиз маршрут» деп аталат. Ал эми Бишкек шаар башчылыгындагы билим берүү башкармасынын жетекчиси Гүлмира Кудайбергенова гезит кабарчысынын суроолоруна жооп берүү менен мектепке кирүү үчүн акча берүү мыйзамсыз экенин, бирок мектеп жетекчилигинин акча алуусуна шарт түзүп берген ата-энелер өзүлөрү күнөө кылып атканын, ошого байланыштуу ар кандай жагымсыз окуяларды жаап-жашырбастан жеткирүү максатында Билим берүү министрлиги менен Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгында ишеним телефондору ачылганын, алар: 66-29-34 жана 61-23-40 деген байланыш сандарынан турарын кабарлаган.

«Эл сөзү»
гезити жакында башталат деп аткан башкаруу реформасы кандай болоруна макала арнады. Журналисттин байкоосунда президенттин админстрациясы жоюлуп, анын милдетин ордунда кала турган катчылык аткарат. Маркум Медет Садыркулов президенттин кичүү уулу Максим менен мамилелеш болуп жүрсө, анын атаандаштары Данияр Үсөнов менен Адахан Мадумаров президенттин иниси Жаныш менен жакындан байланыш бар экени көпчүлүккө маалым. Рыскелди Момбеков андан ары К. Бакиевдин 2-мөөнөтү деле ушул эки топтун кармашы менен өтөрүн, өкмөттө анча-мынча өзгөрүү болгону менен анын башчысы И. Чудинов ордунда кала берерин, ал эми А. Бекназаров айткандай парламенттин таркаар-таркабасы президенттин уулу менен инисинин чечимине байланыштуу болорун, маселен Максим үчүн азыркы парламенттин кала бергени жакшы болсо, Жаныш үчүн анын таркатылышы жакшы болорун жазат.

Бакы Кадырбердиев «Кыргызстан биротоло көз каранды өлкөгө айланды» деген макаласында Кыргызстан эгемендүү деп аталган 18 жыл ичинде өз тагдырын өзү чечип, өз оокатын өзү кылган өлкөгө айлана албаганын, ал дагы эле Орусиянын этегине эрмешип, жакасына жармашып жансактап жатканын, алгачкы акаевдик, азыркы бакиевдик бийлик Кыргызстанды Орусияга биротоло көз каранды «марионеткага» айлантканын, анткени кыргыз бийлиги кичине эле кыйшаңдаса шыйракка чаап, «кың» дедирбей тыйып кое турган механизмдер колунда толтура экенин, анын бири – суу-энергетикалык ресурстардын эки тизгин, бир чылбырын ээлеш үчүн океңдер эбак эле пайдубалын түптөп, бетонун куюп койгонун кеп кылат.

Эгемендиктин 18 жылдыгы жөнүндө сөз кылган дагы бир журналист Абдувахаб Мониев кан төгүүсүз, көктөн кут түшкөндөй «түшкөн» азаттыкты кыргыз сактай алдыбы, анын баркына жетип, баалай алдыбы деген суроолорду коет. Уландысы кийинки сандан улана турган макаланын башы тоо-тоодо көчүп-конуп жүргөн калктын кантип союздук республикага айланганы тарых мисалдары менен тастыкталат.

"Эл сөзү" гезитинен сиздер ошондой эле белгилүү ырчы Роза Аманова менен маекти, Майра Керим кызы тууралуу эскерүүлөрдү, журналист Эртабылды Аттокуровдун «Баңги заттын «базары, калкка түшөт азабы», Дүйшөке Дөкөнбаевдин «Кыргызстан – Орусиянын телиндисиби?» деген макаласын окуй аласыздар.

Бүгүнкү санын «Бактылуу элбиз» деген ураан ыр менен ачкан «Кыргыз туусу» гезити, жер титирөөдөн кыйраган Нура айылында үйлөр ашыгы менен салынып атканын, президент К. Бакиевди 100 жашка толгон Социалисттик Эмгектин Баатыры Жоро Шералиев куттуктаганын, мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынганын, Түп - Кеген автожолу оңдолорун, дыйкандар өндүргөн буудайдын бир килограммы 10 сомдон сатылып алынмай болгонун кабарлады.

Академик Бектемир Мурзуибраимовдун «Эгемендиктин кечээгиси жана келечеги» деген макаласы көз карандысыздыктын 18 жылдык «өмүрүнө» ой калчаган. Казакстандын Кыргызстандаггы элчиси Бейбит Исабаевдин маеги «Баш мыйзам – бакубат турмуштун пайдубалы» деп аталып, анысында Казакстан тууралуу, казак-кыргыз алакалары тууралуу сөз кылган. Статмаалымдоо мекемесинин эсеби боюнча, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүнүн 156,4 млн. АКШ долларына жеткенин, казак банктары Кыргызстандын экономикасына каражат салууну улантып жатканын айтып берген.
XS
SM
MD
LG