Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Гезиттер президенттин кечээги сүйлөгөн сөзүнө түшүндүрмө беришүүдө.

Кечээ Жогорку Кеңештин пленардык кеңешмесинде президент Курманбек Бакиев: «Убадаларды ишке ашыруунун удулу келди» деп айтты. Мамлекет башчысы Жогорку Кеңешти тарайт деген сөздөрдүн негизи жоктугун билдирери менен депутаттардын жаны жай ала түштү. Өлкө башчысынын сөзү боюнча ал экинчи мөөнөткө дал ошол убадаларын жүзөгө ашыруу үчүн келген. (сыягы Бакиевдин буга чейинки иштегени жөн эле ошол убадаларды ишке ашыруу үчүн жасаган машыгуусу болсо керек.) Мамлекет башчысы Кыргызстандын абалы кыйын экендигин акыры мойнуна алды. «Эң эле башкы маселе идеологиянын жоктугу. Биз бул өлкөнүн аймагында эмне үчүн жашап жатканыбызды билишибиз керек» деди ал.

Чын эле, ал өз өлкөсүндө эмгиче эмне үчүн жашап жатканын билбесе, анан каяктагы экономикалык өсүш, каяктагы социалдык жыргалчылык жөнүндө сөз болушу мүмкүн? Курманбек Салиевич андан ары реформа мамлекетти башкаруунун бардык институттарында, биринчи иретте президенттик институттун өзүндө жүргүзүлөрүн жар салды. Эми анын тутумунда эки жаңы түзүм - Аймактык жана этномаданий маселелер боюнча мамлекет башчысына кеңеш берип туруучу Кыргызстандын Жогорку Курултайы жана ар түрдүү социалдык топтор аралык сүйлөшүүлөрдүн майданы боло турган Президенттик Кеңешме түзүлмөкчү. Мындан тышкары өлкөнү өнүктүрүү үчүн дагы дагы жаңы үч түзүм – Кыргыз Республикасын өнүктүрүү институту, Кыргызстанды өнүктүрүү Фонду, инновация жана инвестиция боюнча Улуттук өнүктүрүү агенттиги.

Президент мындан ары Мамлекеттик катчылык институту жоюлгандыгын да кошумчалады.

Бүгүн жарык көргөн «Московский комсомолец Кыргызстан» гезити президент К. Бакиевдин кечээ күнкү парламенттин жыйынында сүйлөгөн сөзүнө ушундай деп түшүндүрмө берди.

Гезит андан аркы макаласын энергетика маселесине арнады. «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун техникалык деректири Мурат Калкабаевдин айтымында, калкты күз жана кыш маалында электр энергиясы менен камсыз кылуу 70 пайызга даяр болду. Ушул жылдын 7 айында 580 км. электрөткөргүчтөр жана 77 подстанция ремонттолду.

Газ көйгөйүн талдоого алган «МК Кыргызстан» жумалыгы, Кырызстандын өзбектердин көгүлтүр отуна болгон көз карандылыгы дагы көпкө дейре созула тургандыгын, эми «Кыргызгаз» менчикке берилгени калганын, жаңы кожоюн болуучу Орусия «Газпромунун» башчысы Алексей Миллердин билдиришинче, Кыргызстандын газчарбасын «адамсыягына» келтириш үчүн эле жарым миллиард доллар талап кылынарын кеп кылды.

Эгер өлкөнүн газчарбасы менчикке өтсө көгүлтүр оттун басы бир топ эле төмөндөшү мүмкүн деп кыргыз өкмөтү ишендирүүдө. Өзбекстан болсо 18 млн. доллар карызыңарды төлөмөйүн сүйлөшпөйбүз деп эшигин жаап алды. Газчылар менен энергетиктерди, жылуулук менен камсыз кылып туруучуларды канчалык жаман көрбөйлү, бирок биз дагы өз күнөөбүздү моюнга алып, газга, электр энергиясына, жылуулукка өз маалында төлөп турганды унутпоого тийишпиз деп эскертти. «Бүгүн биздин бир бутубуз – капитализмде, бир бутубуз – феодализмде, ал эми ортобузда социализм, тагыраак айтканда «эмне болсо ошол болсун» деген психология турат, мына ушуну мээден тазалап салуу керек» деп жазды аталган басылма.

Гезит ошондой эле Валерий Хон аттуу белгилүү ишкер менен өлкөнүн 1-вице-премьер-министри Ө. Бабановдун мүлк талашмай жоругун «жомоктогон» көлөмдүү макалага окурман көңүлүн бурган. Макала: «Падышалык аңчылык. Чоң аткаминер башка бирөөнүн менчигин тартып алгысы келүүдө» деп аталат.

Президенттин башкаруу реформасын жасайм дегенине бүгүн жарык көргөн «Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити да баа берип, президент калайык-калкты өлкөнүн экономикалык кандай деңгээлге жеткени эки жылда, ашып эле кетсе үч жылда көзгө көрүнүп каларына ишендиргенин, Бакиев: «Мен бул жөнүндө ишенгеним үчүн айтып атам, болбосо мен жөндөн жөн эле эч качан сүйлөй берген киши эмесмин» деп айтканын шилтеме кылуу менен маалымдады.

Гезит андан ары И. Чудинов кетет экен деген кеп ал өкмөт башына келген күндөн баштап эле тынбай келатканын, бирок ал «кетет-этети» жок эле алданемедей иштеп атканын, кечээ жакында Путин менен сүйлөшүп, 150 млн. доллар грант, 300 млн. доллар жеңилдетилген карыз акча алып келгенин, босогодо Камбар-Ата ГЭСи үчүн 1,7 млрд. доллар «түшүрүү» милдети турганын эстетти. Бирок аткаминерлердин «агородунда» ар кандай ушак-айыңдар басылбай, өкмөт башына финансы министри Марат Султанов же Бишкек шаар башчысы Нариман Түлеев келет экен деген сөздөр жүрүп атканын, такталбаган маалыматтар боюнча Бишкек шаар башчылыгы Темир Сариевге убада кылынган экен деп кабарлады.

Кыргызстан тепкедей эле өлкө. Бирок аткамингичтер армиясынын көптүгү жагынан килейген Орусия менен кылкылдаган Кытайды эске салат. Бүгүн бизде министрликтер менен ведомстволордун саны эле 32, же чечмелеп атйканда 25 министрлик, 6 мамлекеттик комитет, 11 мамлекеттик агенттик бар. Президент кечээги сөзүндө мамлекеттик аппарат деген чакан жана ийкемдүү болуш керек деп бекеринен айткан жок. Биздикиндей өлкө үчүн бюрократиялык көчүгү көтөрүлбөгөн ашка жүк аппарат өлүмгө барабар. Биринчи иретте ИИМ, ТИМ, Коргоо министрликтери жана УКК реформаланууга тийиш.

Экинчи бир жагдай. Экономика министрлигинин карамагына эми Энергетика, Өнөржай, Айыл, суучарба жана өнөржайын кайра иштетүү министрликтери, геология мамагенттиги ж.б. кириши мүмкүн.
Баяндамада көптөн бери элдин сынына кабылып келаткан Билим берүү министрлиги да реформаланышы зарылдыгы белгиленет. «Ошентип мамлекеттик башкарууну реформалоого убада берүү менен президент күчтүү кадам жасады, бул прагматикалык жакшы кадам болду, эми кандай болгон күндө дагы мамлекетти башкаруунун реформаланышы: Президент, эл турган бир өйүз менен жалаң аткаминерлер турган экинчи өйүздү бириктирчү факторго айланууга тийиш» деп жазды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG