Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:49

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин башкы темасы президент жар салган реформа, саясат, кыргыз тилинин абалы ж.б. тууралуу болду.

«2009-жылдын 1-сентябрында Кыргызстанда эң маанилүү саясый окуя болуп өттү. Бир сөз менен айтканда, кыргыз улуту өз мамлекетин башкаруудан мыйзамдуу түрдө четтетилди. Эми биздин мамлекетти орус финансисттери, бөтөн улуттун өкүлдөрү башкара турган болду.» Бүгүнкү санын мына ушундай саптар менен ачкан «Назар» гезитине публицист Кален Субанов «Улуттук долбоор: «Мен кыргызмын» деген рубрика алдында «Улутка чакырык» таштаган.

Журналист мындай кырдаалга каршы күрөшүүнүн алгачкы кадамы катары «Мен кыргызмын» деген төш белгини тагынып жүрүүнү сунуш кылса, гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков «Кыргызстан биринчи иретте кыргыздыкы» деген макаласы аркылуу: «… кыргыз мамлекетинин горизонтунда Оксана Малеваная, Сергей Масаулов, Александр Елисеев, Дамир Лисовский сыяктуу «мамлекеттик ишмерлер» пайда болгондон тартып биздин саясый мамлекеттин сөз куржунунан кыргыз улуту деген сөз четке ыргытылып, бардык улуттарды бир короого айдап кирүү доору башталды» деп жазып, буга байланыштуу Кыргызстан менен кыргыздарды башка улуттардын башкаруусуна каршылык көрсөтүү боюнча гезит аркылуу 1-улуттук долбоор ишке киргенин, бул иш-чара 10-сентябрдан 10-октябрга чейин өлкөнүн бүткүл аймагында уланарын жар салды.

«Оппозиция президенттин демилгесине ишенбейт». Эмне үчүн? Анткени мындай убадаларды К. Бакиев жарым жыл ичинде 4-5 жолу бергенин мисал кылган Саясый куугунтукка каршы комитеттин төрагасы Т. Тургуналиев: «Марттын онунда биз «саясый куугунтукту токтоткула!» деп Элмурза Сатыбалдиев, Досбол Нур уулу, Оксана Малеваная келгенде айтканбыз. Бирок алар саясый куугунду токтоткон жок» деп айтып чыкты.

Гезиттен булардан тышкары саясат изилдөөчү Кубан Абдымендин «Жаңы өзгөрүүлөргө күмөнсүнүү күч» аттуу интервьюсун, Үсөн Касыбековдун «Жылаңач король» жана кризис тууралуу жазгандарын, Кыргыз экономикалык университетинин окутуучусу Чынара Жакупбекованын Башпрокурор менен ИИМ министрине жазган кайрылуусун, адвокат Автандил Сакыбаевдин президентке катын, «Өлбөй кал Рысбек, Баяман!» аттуу эскерүүнү, Данияр Үсөновдун ишмердигин жиликтеген баянды ж.б. материалдарды окуй аласыздар.

«Кыргыз туусу» гезити жаңы санын Суучарба департаментинин башкы деректири Равшанбек Камчыбековдун «Талкаланган сугат тармагы оңолууда» деген сөзү менен ачып, деректирдин эки бет көлөмүндөгү маегин окурмандарга сунуш кылды. Президент К. Бакиевдин мамлекетти башкарууну реформалоо жөнүндө айткандарына үн кошкон Аксылык мугалим Абдымомун Калбаевдин, ЖК депутаты Роза Абдраимованын, Шериктештик коомунун төрагасы Эмилбек Эралиевдин, Кыргызстандын финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын стат-катчысы Ормон Шаршеновдун айткандары жарыяланды. Төрт макаланын төркүнүн – президент өз кайрылуусунда келечектүү максаттарды алдыга койгонун, президенттик башкарууга жаштардын кошулушу мамлекетти башкаруунун ачыктыгы менен тазаллыгынын үлгүсү болорун, эми ал айтылгандарды турмушка ашыруу үчүн ар бир адам жоопкерчиликтүү милдетин так аткаруусу керек деген ойлор түзөт.

Журналисттер Бекбай Алыкулов менен Мырзакат Тыналиевдин макалалары мамлекеттик тилдин маселелерин козгогон. « … жаза берип, айта берип эч майнап чыкпай келет. Анткени мыйзамдуулук жагынан алганда мамлекеттик тил статусу жогору болгону менен иш жүзүндө кыргыздардын мамлекетинде кыргыз тили орус тилинин дублеру катары гана кызмат кылууда» дейт авторлордун бири М. Тыналиев. Ал андан ары жүйөлүү мисалдарды келтирет.

«Эл сөзү» гезити былтыркы катуу жер титирөөдөн жапа чеккен Нура айлынын абалы тууралуу макаласында «Президент К. Бакиев кырсыктан кийин Нурага барып: «Суук түшкөнгө чейин бардыгыңар жылуу үй менен камсыз болосуңар» деп сөз бергенин эскертип, ошол кырсыкта Алайдын Нура айлынын 70тен ашуун тургуну каза болуп, 152 үй кыйрап, 780 киши там-ташсыз калганын, азыр алар темир контейнерлерде баш калкалап жатканына крабай кыргыз өкмөтү кенедей айыл элин үй менен толук камсыз кыла албай кала тургандыгын белгилеген. Кабарчы Тайчабар Улукбеков: «Нурада жаңыдан пайдубалы түптөлгөн үйдү 20 күндүн ичинде сыйкырчы эле бүтүрбөсө, кыргыз бүтүрө албайт. 1-вице-премьер-министр Ө. Бабанов болсо өткөн аптанын этегинде Нурага барып: «25-сентябрда жаңы конушка көчүп киресиңер» деп балп эттирди. Суук болсо түшө баштады» деп баяндады.

Басылма дагы бир кабары аркылуу «Кыргызстанда 4 миллиондон ашуун мусулман бар экенин эске алсак, жок дегенде алардын жарымы жан башына 15 сомдон битир-садага бергенде эле 30 миллиондон көп акча чогулат экен, эми ушул акчалардын баары кайда кетерин кимден сурайбыз? Былтыркы жылы муфтий Мураталы Жуманов ашып-кетсе 1 миллион сомдун тегерегинде акча чогуларын айткан эле. Калганы кайсыл капчыкка кетип атканын ким айтат?» деп кулак кагыш кылды.

Бул санда ошондой эле «Президент Бакиевдин учкан уясынан уурдалган кыз жана укук коргоо органдарынын кайдыгерлиги» деген макаланын уландысы, журналист Э. Аттокуровдун «Оппозициянын «чыры», реформанын «сыры» аттуу макаласы жарык көрдү. Ушул эле автордун билим берүү тармагындагы коррупцияны талдоого алган дагы бир макаласы «Сүйлөшө билсең орун бар» деп аталат. Автор «Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан мектептерде кыйынчылыктан улам «өз ыктыяры менен төлөмдөр» 250 сомдон 400 сомго чейин көтөрүлгөн экен, бул акчалар тиешелүү банктарга төгүлүп турат, демек жергебизде 1 миллионго жакын окуучу болсо, аны 400 сомго көбөйтсөк 400 млн. сом чогулат экен. Бул ири суммадагы каражат кайсыл макасатка жумшалат?» деп сурады.

«Эл сөзүнө» аталган гезиттин башкы редактору Рыскелди Момбеков маек куруп, аны «Назар» гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча доо арыз менен Бишкектин 1-Май райсотуна кайрылганын, райондук соттун судьясы жакында ишти карап, Р. Момбековду күнөөлүү деп таап, 50 миң сом айып салганын, эгер ага окшоп «энеден» сөгүнгөндөрдүн баарын соттой берсе Таласта адам калбастыгын, эми Жээнбековдун 5 миллиондук дагы бир арызы Ленин райондук сотунда жатканын, ал да караларын кеп кылган.

Гезиттин бул санына мындан тышкары журналист Баратбай Аракеев Жети Өгүз районунун акими Тынчтыкбек Чекиевден интервью алган. Аким жакында Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун 34 миң гектар жерди кытайларга берип жиберген деп күнөөлөгөнүн, бирок 34 миң гектар эмес 34 гектар жер Геологиялык чалгындоо комитетинин лицензиясы менен 10 айлык мөөнөткө гана берилгенин, аны жер саткан адам катары көрсөтүүгө аракет кылган Турсунбек Акунга таарынганын айткан.

Журналист Молтой Тумандын «Эне тилге «эксперимент»» жүргүзүүлөр качан токтойт?» деген макаласы тил көйгөйүнө арналган. Белгилүү ырчы Сагынбек Момбеков «Кыргызстанга президенттин курултайы керекпи же элдикиби?» деген суроонун алдында өзү теңтөрага болгон «Элдик кеңеш» коомунун жоболорун жарыялай баштаган.
XS
SM
MD
LG