Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:35

Укук коргоочу Ч. Жакупова Бакиевдин саатынын жебеси ал 2-мөөнөткө олтурган күндөн тартып тескери айлана баштады, ага берилген нөөмөт бүттү. Демек так-талаштын айыгышкан кармашына дагы 2-3 жылдан кийин кирип барабыз", - деп айтты "МК-Кыргызстан" гезитине берген маегинде.

«Парламентке таратылбайт деп убада берилди, өлкө башчысы калкка кайрылуусунда мамлекеттик башкаруу системасын сунуш кылды. Көбүбүз казынанын акчасы эми үнөмдөлөт, бирин-бири тоту куштай кайталаган министрликтер менен ведомстволор кыскарат, өлкө коомдук башкарууга өтөт деп кудуңдап жатабыз» деп жазган «Московский комсомолец Кыргызстан» гезити «Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова менен маектешип, бир катар суроолорго жооп алган.

Чолпон айым, президент чындап эле мамлекеттик башкаруу системасындагы баш оору маселелердин себептерин туура аныктагандыгын, коррупциялашкан бюрократиянын катуу каршылыгына байланыштуу экономикалык жана социалдык саясатты реформалоого жасалган аракеттерден буга чейин эч нерсе чыкпагандыгын, ошон үчүн эл нааразы болуп, бийлик өзүнүн колдоп ала турган пайдубалынан ажырап калгандыгын кеп кылган.

Экинчиден, президент бардык бийлик бутактарынын ишин канааттандырарлыксыз деп баалады. Ошентип иш жүзүндө Бакиев республикадагы легалдуу деген бир дагы институттун, тагыраак айтканда мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бийлигинин конституциялык милдеттерин аткарбай келаткандыгын мойнуна алды. Мына ушунун өзү эле чоң нерсе, деп эсептейт Чолпон айым.

Укук коргоочу айым президенттин бул аракетин колдоо менен бирге, эми бирин-бири кайталаган органдардын ордун Кыргызстандын Жогорку Курултайы жана Президенттик кеңешме деген эки жаңы институт толуктаганы калганын, анткен менен эртең эле, бул органдардын милдеттери кандай, булар юридикалык жана логикалык жактан башкаруу системасына кире алабы же жокпу, шайланабы же дайындалабы, андай болсо ким тарабынан жана канча мөөнөткө деген суроолор чыкпай койбойт деп айтты.

Кабарчы: - Кызык, президент сүйлөгөн сөзүнө тереңдеп үңүлүп чыкты болду бекен же силер жазып бердиңер, мен окуп бердим принциби менен мамиле кылып койду бекен?

Ч. Жакупова: - Эгер президент чындап эле өлкөдөгү анык абалды түшүнгөн болсо, анда анысын программа деп атаса болот. Эгер абалды түшүнбөсө, анда ал программа аныкы болбой, өлкөнү сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө башкарып жаткан кишинин программасы болуп саналат.

Ч. Жакупованын айтуусу боюнча Бакиевдин саатынын жебеси ал 2-мөөнөткө олтурган күндөн тартып тескери айлана баштады, ага берилген нөөмөт бүттү. Демек так-талаштын айыгышкан кармашына дагы 2-3 жылдан кийин кирип барабыз. Бул күрөш буга чейин болуп көрбөгөндөй өңүттө өтөрү турган иш.

Чолпон Жакупованын бул маеги «Мафия өлбөйбү?» деген ат менен жарык көрдү.

Ушул эле жумалык дагы бир макаласын парламентарийлер менен аткаминерлердин мыйзамга жасаган мамилелерине жана ички миграция маселелерине арнады.

«Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити азык-түлүк абалын талдоого алган макаласында Кыргызстанда жыл сайын 200 миң тоннага жакын эт өндүрүлөрүн, бул деген калкты эт менен камсыз кылып эле тим болбостон аны экспорттоого да жетерин маалымдап, тилекке каршы 2007-жылдан тартып мына ушул экспорт маселеси баш ооруга айланып келатканын жазат.

Айыл, суу чарба жана өнөржайын кайра иштетүү министрлигинин адиси Асанкул Искаковдун айтымында тыюу салынгандыгына карабастан биздин өлкөгө Кытайдын эти күргүштөп келүүдө. Бир кызыгы аны бизге апкелип аткандар эттин документин Кыргызстандан өндүрүлгөн эт катары тууралап туруп, Казакстан менен Орусияны көздөй айдашат. Албетте анча-мынчасы бул жерде калат. Ырас, сапаты анча эмес. Бактыга жараша мал ылаңынын коркунучтуу очоктору азырынча Кыргызстанда жок.

Орусия менен Казакстан Кыргызстандын эт экспорттоссуна байланыштуу 2007-жылы шарп ылаңына байланыштуу чектөө киргизген. Ага карабай эле дал ушул өлкөлөрдү көздөй Кыргызстан өндүргөн эттин 60-70 пайызы легалсыз түрдө ташылып жатат. Эларалык эпизоотикалык эрежеге ылайык мал ылаңы басылган акыркы күндөн 12 ай өткөндөн кийин мындай чектөө алынып салынууга тийиш эле. Андан бери 26 айдын жүзү болсо да тосмо алынбай келет.

Министрликтин дагы бир кызматкери Талантбек Узакбаевдин айтуусуна караганда ушу тапта Казакстан жана Орусия менен чектөөлөрдү алып салуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бүгүн Кыргызстандын базарларында сатылып жактан эттин орточо баасы – 150- 160 сом.

«Эмне үчүн архитекторлор өз шаарын көргүсү келишпейт?» деген макалада гезит Кыргызстандын архитекторлор союзунун төрагасы Эсенжан Бекташевдин бир кездеги Фрунзе деп аталган жашыл шаардын жүзү жоголгонун, Эркиндик жана Жаш гвардия гүлбагынан согуп турчу желдин жолу буулуп, ой келгендей тамдар салынып, шаардын кебетесин заман эмес, баарын чечип калган акча курутуп баратканына кейигенин мисалга тарткан.

Жумалык ошондой эле күндөлүк басма сөздү таркатуу жана басма ассоциациясынын вице-президенти В. Жамиашвилинин китеп көйгөйү боюнча айткан ойлоруна орун берген. Басма адиси Кыргызстанда алигиче мыкты басмаканалар жоктугун белгилеп, басылмалар менен китептерге салынып келаткан кошумча нарк салыгын алып салуу керек деген пикирин билдирген.
XS
SM
MD
LG