Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

"Жаңы Ордо" гезити бийлик төрүндөгү кызмат талашуулар жөнүндө, "Агым" гезити салык саясатынын оош-кыйыштары жөнүндө жазышты.

«Жаңы ордо» гезити той менен мааракелерден башы чыкпай жүрүп, акыры Мамлекеттик катчы деген кызматтын «башын жуткан» Досбол Нур уулу мамлекет башчысынан губернаторлукту, элчиликти же ректорлукту бер деп сурап атыптыр деп, президенттин админстрация башчысы Данияр Үсөнов менен президенттин катчылыгынын жетекчиси Оксана Малеваннаянын биринчиликти талашы жетер жерине жетип, эми ажо алардын кимисине артыкчылык берери кийинки жумада чечилет деп, УТРК башчылыгына ЭлТРдин башчысы барат дешсе, ЭлТРге «Эркин тоо» гезитинин башкы редакторун кудалашууда, ал эми «сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн» Мелис Эшимканов бул жолу Оксана Малеваннаянын ордуна барып калышы ыктымал деген сөздөр көп айтылууда деп каңшаар таратты.

«Агым» гезити мамлекеттик ишмер Амангелди Муралиев менен аңгемелешип, Кыргызстандын учурдагы абалы тууралуу сураганда ал экономика өнүгүп атканы менен эл каалагандай эместигин, бизде орточо айлык 150 доллар болсо, биздикиндей эле 5 млн. калкы бар Молдовада 270 доллар, коңшу Казакстанда 500 доллар экендигин белгиледи. Салык саясатына саресеп салган Муралиев: «Айрым айылдарда жер салыгы он эс жогорулап кетти. Автоунааларга салык өстү. Эмми кыймылсыз мүлккө салык салынат деп атышат. Бул курулуш тармагын тушайт. Убагында бир топ мамлекеттер түшүнүп, мындай салыкты алып салышкан. Негизи салык жыйноонун максаты казнаны толтуруу эмес, экономиканы көтөрүп, элди иш менен камсыз кылуу, инвесторлорду тартуу болуш керек эле, бизде андай болбой эле бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга жанталашкан кыпкызыл фискалдык саясат болуп калды» деп айтты.

«Назар» гезити бүгүнкү санын публицист Кален Субановдун «Жерүйдү Назарбаев сатканбы?» деген уландысы кийинки санга калтырылган макаласынан үзүндү жарыялоо менен ачып, «Жерүйдүн» чыныгы ээси Орусия издеп «табалбай» койгон кадимки Борис Березовский экендигин аныктай турган далилдерди келтирген.

Тележурналист Бөкөнбай Боркеевдин макаласы «Бакиев кыргыздарга ишенбейби?» деп аталып, Акүйдүн айрым бийлик тепкичинде орус улутундагы жарандардын олтурганына жаны кашайган. Дагы бир тележурналист Сонунбүбү Кадырованын «Кут» деп аталган макаласында «кут» деген түшүнүк ар бир кыргыз баласынын көкүрөгүндө жакшылыктын жышааны катары жашарын, Бишкекте адамдардын ниетин тазартууну аркалаган мына ушундай ак боз үй барын жазып келген.

Коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун маеги «Акүйдө олтурбай деле далайлар кыргызга кызмат кылып жатпайбы» деп аталат. Дастан мырза маегинде мамлекеттүүлүк, анын идеологиясы, коррупция, калыстык тууралуу сөз кылат. Эгер эрки жетсе президенттин башкарууну реформалоого 100 пайыз мүмкүнчүлүгү бар экенин, мындай вазийпа кийинки жүз жыл ичинде бир дагы өлкө башчысынын тагдырына туш келелектигин, эми муну Бакиев пайдаланып калабы же жокпу, маселе ушунда жатканына токтолгон.

«Эл сөзү» гезити жаңы санын журналист Абдувахаб Мониевдин президентке ачык каты менен ачты. Автор президенттин өткөндөгү кайрылуусунун кыргызча бөлүгүндөгү стилдик каталарды мисалга алып, көпчүлүк сүйлөмдөр «көктантык» сөздөрдөн куралып, анча-мынча сабаты бар адамдардын да башын маң кылган, келегей, түшүнүксүз маанилерге жык толгонун далилдүү жүйөгө алуу менен сынга алган.

Алмазбек Атамбаев Балыкчы шаарында шайлоо күнү камакка алынгандардын аракетине токтолуп: «Эгер биз акыйкат издеп аткаруу бийлигинин алдына баргандарга «башаламандыкка жол берилди», «Конституциялык түзүлүшкө каршы чыкты» деп эле камай берсек, анда андайды 2005-жылдын март окуясынан башташыбыз керек. Ошо кезде массалык башаламандыкты баштагандардын башында Бакиев өзү турбады беле? «Акаев кетсин!» деп айкырганыбызды, Акүйдү басып алганыбызды кантип танабыз?. Ушунчалык кыйын болушса 2005-жылы Улуттук Банктын Жалал-Абад бөлүмүнөн уурдалган 22 млн. сомду табышпайбы, аны кимдер уурадаганын ансыз деле эл жакшы билет» деген суроону койду. Петровка чатагына токтолгон А. Атамбаев ал окуяга байланыштуу камакта жаткан Э. Бөлөкбаев, С. Аргынбаев, У. Рыскулов «дүжүр» берене менен соттолгону турушканын, бийлик мындай мыйзамсыз кадамдарын улданта берсе жагымсыз жагдайлар жаралып кетиши ыктымалдыгын кошумчалаган.

Журналист Молтой Тумандын «Мамтилдин 20 жылдыгына карата» рубрикасындагы макаласы оорубай онотоп жаткан эне тил тагдыры тууралуу кейиштүү жагдайларга токтолгон.

«Журналисттерди уруп өлтүргөн менттер сүттөн ак болуп чыгабы?» аттуу маекте журналист Алмаз Ташиевдин бийлик өкүлдөрүнүн, тагыраак айтканда Ноокаттык милийсалардын колунан токмок жеп каза болгондугун айтып берген маркумдун иниси, эми ошол ур-токмокко алган милийса «тил катты мен жазгамын» деген баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартып, «мен жазган эмесмин» деп танып атканын, сот чечимин гана күтүп калганын сөз кылган.

«Кыргыз туусу» гезти өзүнүн 85 жашка чыгып калганын, бир кылымга жакын мезгилден бери алгачкы агартуучулугунан баштап бүгүнкү күнгү чейин аткарып келген кызматы эбегейсиз зор болгонун белгилеп, элден колдоо күтөрүн, гезиттин 85 жылдык мааракесине карата марафон өткөрүлөрүн кулак кагыш кылды.

Гезит андан ары Ысык-Көлдүк эмгек ардагери Керимбек Мамбетовдун кыргыздын көрүнүктүү уулдарынын бири Болот Миңжылкиевдин татыктуу бааланбай жаткандыгы тууралуу оюн ортого салган, Дагы бир эмгек ардагери Абен Казыбаев менен юрист Автандил Арабаев президенттин кайрылууларына үн кошуу менен Бакиев түзмөкчү болгон жаңы институттар эң демократиялуу органга айланарын, Курманбек Салиевич дүйнө тез өзгөрүп аткан шартта улуттук саясатты иштеп чыгып, аны жүзөгө ашырууда озунуп иштөөгө жөдөмдүү башкаруу системасын түзүүнү белгилеп атканын кубаттоого алышкан.

Аталган гезитте булардан тышкары Манас менен Чыңгызга арналган баян, эл жазуучусу Мырзабек Тойбаевдин «Кыргыз тили жоголуу тизмесинен чыгабы?», «Лейлектик жазуучу Нууман Саадинин «Мамлекеттик тил десе эле майнап чыкпайт» аттуу тил тагдырына сыздап күйгөн макалалары басылды.
XS
SM
MD
LG