Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

15-сентябрда “Эркин тоо”, “Кыргыз туусу”, “Назар”, “Эл сөзү”, “МСН”, “Слово Кыргызстана”, “Обон”, “Тамчы кабар” гезиттери жарык көрдү.

“Назар” гезити “Бүгүнкү Кыргызстанды кимдер башкарууда?"- деп суроо коюп, жооп издеген.
“Өзүнүн отуздан өтүп-өтпөгөн курагында кыргыз президентинин кичүү уулунун таасири атасыныкынан ашса ашар, асти кемибейт. Кыска убакыттын ичинде кичүү Бакиев Акаевдерге тиешелүү болгон менчиктин көбүн өз колуна топтоп, натыйжада өздүк финансылык өндүрүштүк империя куруп алды, деп жазуу менен “Назар” гезити Максим Бакиев- эң кирешелүү экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чечүүчү фигура экенин далилдүү фактылар менен санап, өнөктөштөрү кимдер экенин кеңири баяндап берген WWW.VOKRUGINFO.RU сайтынан алынган көлөмдүү макаланы кыргызчалап, гезиттен кеңири орун берген.

“Анын жеке өзүнө, ошондой эле орусиялык жана америкалык өнөктөштөрү менен бирдикте ондогон ишканалар, банктар, холдингдер, компаниялар, фирмалар, массалык маалымат каражаттары тиешелүү. Максим Бакиевге ички иштер министрлиги, бажы, салык инспекциялары, каржы полициясы “каттоодон өтүп” шыбагасын берип турушат.

Кыргызстанды өзүнүн жеке менчигине өткөрүүдө президенттин уулуна анын океандын ары жагындагы кеңешчилери жардам беришүүдө. Ошол себептен Белоконь мырза көнгөн адаты боюнча АКШнын коргоо министрлигинин Чалгындоо башкармалыгынын айрым тапшырмаларын аткарып жаткан окшойт. “Азия универсиал банктын” директорлор кеңешинин курамына кирген Майкл Меред, экс-сенаторлор Беннет Жонстон менен Роберт Доул өңдүү америкалыктар жана дагы “МСN” групптун өкүлдөрү Лев Грожонко, Майкл Фокс-Рабинович, Роберт Генкиндер кичүү Бакиевдин үй-бүлөлүк бизнесине активдүү катышууда.

Тактап айтканда, АУБдун эсеп корлорунда Кыргызстандын бюджетинин жарымынан көбү, анын ичинде мамлекеттик сектордун кызматкерлеринин айлыктары, сөзсүз түрдөгү төлөөнүүчү камсыздандыруулардын бардык түрлөрү, пенсиялык сактоолор, кредиттер жана башкалар иштетилүүдө.

Максимдин империясынын топ-менеджерлери “Ысык-Көл”, “Ысык-Көл инвестбанк” “Казкоммерцбанк-Кыргызстан”, “Халык банк-Кыргызстан”, орус-кыргыз “Аман банк” жана башкаларды көзөмөлдөшөт. Дагы Максим Бакиевдин “ишмердүүлүгү”, бизнесинин сырлары тууралуу кеңири маалыматтарга “Назар” гезити орун берди.

Ушул “Назар” гезитинин баяндамачысы Үсөн Касыбеков “Балыкчы окуясына катышкандар башкаларга сабак болуусу үчүн катаал жазага чегерилээрин, ушунтип оппозициянын жүрөгүнүн үшүн алып коюу керек экенин, оппоненттерге каршы куугунтук күчөтүлүп, коркутуу-үркүтүү абалын орнотуу аракети катуу көрүлүп жатканын талдоого алган.

Ошондой эле коомдук ишмер Мирслав Ниязовдун “Кыргызстан бардык тармактар боюнча артта калган өлкө...” деген актуалдуу маеги жарыяланды. Анда өлкөдөгү учурдагы саясый-экономикалык абал талдоого алынган.

“Жерибиздин, элибиздин кызыкчылыктары үчүн күрөшпөсөк, анда башка элдин колун карап, кул болуп жашап калышыбыз мүмкүн” деп күйүп-бышуу менен Мирслав Ниязов “Кыргызстанда 2 миңден ашуун кен-байлыктары болсо дагы, ал түгүл дүйнөдөгү сууга бай 20 өлкөнүн катарында туруп, сууга зар болуп, суудан жаралган электр энергиясы тартыш болгонун, 10 жыл согуш болуп, 150 миң адамынын өмүрү кыйылган Тажикстан өлкөсүнөн дагы Кыргызстан учурда артта калганын далилдүү фактылар менен ачык айтып, эл-журтту намыска чакырган пикирлерди ортого салган.

“Назар” гезити окурмандардын ой-пикири аркылуу “Ар-намыс” партиясынын лидери, коомдук жана мамлекеттик ишмер Феликс Куловдун саясый бейнесин ачып берүүгө аракет кылды. “Бийлик аны элден атайын алыстатканын, ал саясатта өзүн көрсөтө албаганын, берген убадаларын аткарбаганын, учурунда “Ар-намыстын” азап-тозогун бирге тарткандарга да ал үчүн башын өлүмгө байлагандарга да рахмат айтканга жарабаганын, “генерал” деген наамын дагы актай албай калганын” окурмандар ортого алып, сын пикирлерди айтышкан.

“Эл сөзү” гезити “Ырыс алды- ынтымак” деген рубрика астында “ Ата Мекен” + КСДП = кубаттуу оппозиция болобу” деген Мирлан Токтошевдин макаласы жарык көрдү. Анда автор “Оппозициячыл партиялардын биригүүсү мүмкүнбү?” деген суроо коюп, ага жооп издейт.

“Оппозициялык партиялардын биригип, ынтымакка келиши Кыргызстандагы оппозициялык күчтөрдүн күчтөнүшүнө өбөлгө болмок. А күчтүү оппозиция мамлекетти оң жолдон тайдырбай өнүктүрүү үчүн абдан керек, -деп жазат Мирлан Токтошев.

“Тузу жок саясат же саясаты жок мамлекет” деген макаласында журналист Абдувахаб Мониев Кыргызстанда саясат деген сөз түп тамырынан бери өзгөрүлүп, бул бийлик, байлык, мансап саясатчылардын оюну болуп калганын талдоого аракет кылган. “Акаев-Бакиев “тандеми” сурак жүргүзгөн 18 жылдан бери кыргыз мамлекетинде канчалаган реформалар жүргүзүлүп, ошол реформа “сөрөйлөр” мамлекетке жана элге эч нерсе берген жок”- деп жазат автор.

“Эркин тоо” гезити кыргыз суусу дүйнөлүк рынокко чыгаарын, Бишкекте 21-25-сентябрда жыл сайын өтүүчү эл аралык “Бир дүйнө Кыргызстан-2009” аттуу адам укуктарына арналган даректүү тасмалардын фестивалы өтөөрүн, Бишкек шаарындагы турмуш-тиричилик калдыктарын ташып кетүүгө тарифтер кымбаттай тургандыгын, орозо айындагы кадыр түндүн мааниси тууралуу макала- маалыматтарга орун берди.

МСН басылмасында Кыргызстандагы суу байлыктарын пайдалануу боюнча долбоорду да орусиялык окумуштуулар менен биргелешип иштеп жатышканын, бул долбоор 2010- жылы Бельгия, Италия, Финляндия, Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн гидрогеологдору катышкан Эл аралык семинар менен жыйынтыкталаарын кабарчы Юрий Груздов маалымдаган.

“Слово Кыргызстана” гезитинде Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агентикке 5 жыл, мурдагы политехникалык институтка, азыркы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетке 55 жыл болгонуна байланышуу макала, маектер жарык көрдү.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университет учурда өлкөдөгү эң ири техникалык билим-илим борборуна айланганын, анда 7 факультет, 5 институт, илимий борборлор жетимиштен ашуун адистик боюнча 19 миңдей студентке билим берип жатканын, окуу жайында миңге жакын окутуучу иштеп, анын 43 пайызы илим доктору жана кандидаттары экенин жогорку окуу жайынын ректору Мураталы Жаманбаев кеңири баяндап берген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG