Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:31

«Дело №…» гезити жаңы санын Кытайдын жылып келаткан «жылма саясатына» арнады. «МК-Кыргызстан» гезити макалаларынын бирин туризмге арнады.

«Дело №…» гезити жакында Бишкек менен Ош шаар жүргүнчүлөрүн ташуу үчүн Кытайдан кезектеги автобустар келгенин, Кытай өкмөтү 8 млн. долларлык 183 машинаны грант түрүндө бергенин дагы бир ирет эске салып, «деги Кытайдын акыркы кездеги мындай берешендигинен эмнелерди күтсө болот?» деген суроо менен белгилүү саясат иликтөөчү Марс Сариевге кайрылды.

Саясат иликтөөчүнүн байкашынча акыркы кездери алтургай айылчарба тармагыбыз агып келип аткан кытай азык-түлүгүнө туруштук бере албай калды. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БДСУ) мүчө болуп калганыбыздын натыйжасы ушул, биз жадагалса Кыргызстанды каптап кеткен кытай базарларын да жаба албай калдык, жапканга укугубуз да жок. Батыш (КМШ өлкөлөрүн бөлүп-жаруу максатында) өз кезегинде бизди дал ушул сода уюмуна сүйрөп кирген болучу. Ал эми кытайдын стратегиясы Батыштыкына караганда алда канча амалкөйлүгү жана алысты аңдай билген көсөмдүгү менен айырмаланат.

- Деги Кытайга биздин эмнебиз керек?- деген суроого Марс Сариев:

-Кылкылдап батпай жаткан элине жер керек. Бирок Кытайдын эң башкы максаты – энергорсурстар болуп саналат. Ошон үчүн ал Борбор Азиянын байлыктарын көздөй умтулууда. Бекеринен биздин чөлкөмгө темир жолун салганы жатат дейсизби. Эң кейиштүүсү коррупцияга колу-буту кишенделген Кыргызстандын Кытай мафиясын токтотконго кудурети жетпегендигинде,- деп жооп берди.

Марс Сариевдин ою боюнча Кытай миллиарддаган доллар транш берүү менен биздин элитанын башын оңой эле айлантып, акырында аны «крыша» катары пайдаланып алат. Биздин элитанын барып турган жаңылыштыгы – Акаев убагынан бери карай эле «мейли кытайлыктар иштей берсин, пайдасын биз көрөбүз» дегенинде. Өтө эле алысты мээлеген Кытайдын окуу жайларында кыргызстандык жүздөгөн улан-кыздар билим алышууда же кытайдын Кыргызстандагы болочок элитасы даярдалууда.

Кытайлыктардын кыргыз кыздарына үйлөнүп жатышынын өзү да ошол стратегиянын бири. Мындан миңдеген жылдар мурда эле кытайлар гунндарды багындырыш үчүн алардын башчыларына кытай кыздарын аялдыкка алып берип, тукумун алсыратып, бара-бара өзүлөрүн жок кылган.

Кытай балким 50 жылдан кийин кыргыз элитасын өздөрүнүн элитасы менен алмаштырышы ыктымал. Кыргызстандын парламенти менен өкмөтүндө кытай бийлигинин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган элита иштеп калышы мүмкүн. Бирок корко берүүгө да болбойт. Кытай деген жыландын уусу сыяктуу, демек аны ашкере көп эмес, азыраак өлчөмдө пайдалансак, дары сыяктуу эле пайдасы тиет.

-Тилекке каршы, кыргыз элитасы тышкы коркунуч менен күрөшүүнүн ордуна өз ичиндеги өз кишилери менен күрөшүүнү адат кылып алды. Кландар байлык үчүн кармашып жатат. Минте берсек кытайсыз деле, башкасыз деле, өзүбүз урап түшөбүз. Эң башкысы биз кытай эмес, өзүбүздү- өзүбүз жок кылып атканыбызды моюнга алышыбыз керек,- деп айтты Марс Сариев.

Ушул эле гезит жакында «Манас» аэропортунан орусиялык «мыйзамдагы ууру», мурда соттолгон, грузин жараны Андро Топурия кармалганын, бирок тинтүү учурунда паспорту менен башка документтери жайында экенин, курал-жарак да табылбаганын белгилеп, орус президенти Д. Медведов Мамдумага мына ушундай «мыйзамдагы ууруларга» же жалпы эле уюшкан кылмыштуулукка каршы аеосуз күрөш жарыялаган мыйзам долбоорун кийиргенин, эми ага ылайык кылмыш чөйрөсүнүн аталыктарына мындан ары катуу жаза колдонуларын, керек болсо өмүрлөрү өткөнчө түрмөгө олтургузуларын мисалга тарткан.

«Ошентип мындан ары орус мыйзамына ылайык «мыйзамдагы ууру» аталгандар же кылмыш топторунун аталыктары террорчулар менен теңештирилмей болду» деген гезит, ушундан улам Орусия сүрүп чыгарганы калган жүздөгөн кылмыштуу топтор күтүүсүздөн «жалпынын жатаканасына» айланган Кыргызстанды каптап кетпес бекен деп кооптонгон суроону койгон..

«Московский комсомолец Кыргызстан» гезити макалаларынын бирин туризм маселесине багыштады. «Кыргызстанда туризм десе эле Ысык-Көлдү элестетишет. Чын-чынына келгенде өлкө казынасына оңой эмес олжо киргизе турган эң сонун жерлерибиз бар экендигине карабастан Ысык-Көл туризм кирешесинин бирден бир булагы бойдон кала берүүдө» деп жазып, мындан бир апта мурда туризм боюнча Мамлекеттик агенттиктин Түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн башкы адиси Жолчу Жээнбеков быйыл Ош дубанына 88 миң турист келип, аймактын бюджетине 59 млн. сом түшкөнүн, бирок өткөн жылга салыштырганда 8 миң турист аз келгенин айтты деп белгилеген. Андан ары гезит кабарчысы белгилегендей Ысык-Көл дубанына чыныгы туристтер келип-кетип турса, Кыргызстандын түштүк дубандарына көбүнчө кытай товарын алып кетүү максатында Тажикстан менен Өзбекстандык майда соодагерлер, алып сатарлар келип-кетип турушат.

«Ош-тревел» деп аталган туристтик компаниянын башчысы Лада Хасанова айымдын айтуусунда туризм тармагын өнүктүрүү ишине мамлекет катышпай жатат. Туризмди өнүктүрүү боюнча өлкө түштүгүн камтыган программалар дээрлик жокко эсе. Түштүккө туристтер көбүнчө Арстанбапка келишет. База жайгашкан аянт кенен, мейманканасы кыйла кымбат болгонуна карабастан эки гана дааратканасы бар.

Кемчиликтерин текшергени келген «текшерүүчүлөр» өздөрү эс алышат да «баары ойдогудай» деп көздөн кайым болушат. Тилекке каршы, мындай көрүнүштү Ысык-Көлдөн деле байкоого болот. Бирок бир айырмасы көлдүктөр үйлөрүн эс алуучуларга «жатакана» катары берип акча тапса, арстанбаптыктар анте алышпайт. Антип киреше табууга алардын алы жетпейт, анткени көлдүктөргө караганда кедей жашашат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG