Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:11

Бүгүн жарык көргөн гезиттер өлкө турмушунун ар кыл жактарын талдоого алышты.

«Аалам» гезити Нарындын Он-Арча айыл тургуну Төрөгелди Касымалы уулунун катын жарыялады. Окурман анысында мамлекеттин 1-жетекчилери жана алардын жанбагар кошоматчылары жөнүндө сөз кылган. Кошоматчылар «армиясы» Акаев учурунда аны туурап калпак кийип, кубулуп жүрүп түбүнө жетсе, бүгүн алар калпак кийбеген Бакиевди тегеректеп, калпактарын ыргытып, кыргыздан «киргизге» айланып, президент эл кыдырганда карапайым калкты ажонун жанына жолотпой, журттан коргоп калышканын, ошондуктан «президент элдин президенти эмес эле, кошоматчылардын президентиби?» деген ой кетет деген оюн ортого салган. Бакиев Нарынга келет дегенде облус, район чоңдорунун бири калбай дүрбөп, тытылган жолду жамаачылап, жыртык-тешикти бүтөп, актап-сырдап жандалбас уруп калышарын, мунун баарын көзү сокур эмес эл көрүп-билип турганын, бирок тилекке каршы Усубалиевди коштоп жүрүп өлбөгөн кошоматчылык, маркум Масалиевге келгенде анын таманын жалай албай жаман болгонун, анан эле Акаев келер замат кайра гүлдөп, Бакиев келер замат оюн салып, чардап жатканын кейиш менен кеп кылган.

Гезит кабарчысы Күнболот Момоконовдун макаласы «Эшимканов эсине алып койсо» деп аталып, элет элинин эрмеги жалгыз КТР экенине токтолуп, улуттук 1-телеканалдын буруш жана дурус жактарын талдоого алган.

Журналист Айгүл Бакееванын макаласы Кыргыз эл акыны Эрнис Турсуновдун 75 жылдыгына арналган.

Гезит муну менен бирге эле «төрөтканадан төрт аял каза тапса да министр Мамбетов солк этпейт» деп, түштүктөгү губернаторлор менен акимдердин мажүрөөлүгүнөн өзбек чек арачыларынын бөтөнзордугу токтобой койду деп, Акаевдин китепканасы деп аталган имараттын өкмөткө өткөн-өтпөгөнүн бир да жан билбейт, ал эми китепкананын камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү эсептелген кадимки Осмонакун Ибраимов, генерал Болот Жанузаков, Акаевдин «кол баласы» Кубанычбек Жумалиев өңдүүлөр «мыңк» этип, үн катып койгонго жараган жок деп жазып чыкты.

Басылма дагы бир тепкедей кабарында Геология боюнча мамлекеттик агенттиктин адиси С. Ерохиндин айтканы боюнча непадам Кумтөрдөгү Петров көлү жарылып кетчү болсо Нарын аймагын 3-5 метр бийиктиктеги суу каптап каларын, ошондуктан көлдүн деңгээлин 10 метрге чейин азайтуу керектигин кеп кылган кооптонуусун да маалымдады.

Гезит кабарчысы Бектуруш Салмагани макаласынын атын «А. Мусаевдин кадыры канча же дагы бир жолу билим берүү туурасында» деп аталат. «Дээрлик 14 жыл бою аялынын, кызынын «көмөгү» менен 5 млн. калкты «эзген» Акаев тушунда 2 гана мектеп курулса, К. Бакиев такка олтургандан бери 160тан ашуун сегиз жылдык жана орто мектептер курулуптур» деп калем шилтеген кабарчы Салмагани Мусаевге чейинки билим министрлери тууралуу учкай сөз кылып келип, азыркы министр Абдылда Мусаевге токтолот: «Билим берүүдөгү көйгөйлөрдү министр билбейби? Айда-а сонун билет. Билген менен Абдыкеңдин колунан эмне келет? Эч нерсе. Анын аты, кызматы гана министр. Анткени, улуттук жогорку окуу жайлардын ректорлорун президент өзү, мамлекеттин карамагындагыларын өкмөт башчысы дайындайт. Демек мындай ректорлор министрди уруп ойнобойт. Абдылда Мусаев деле министрлик иштен кетсе, эртең эле кайсы бир ректордун эшигин сагалап, «мени жумушка алсаңыз?» деп жалдырап калышы ажеп эмес» деп жазды.

Макаланын уландысы кийинки санга калтырылган.

«Биз Ысык-Көл коомчулугунун аксакалдары катары сиздерден калыстыкты жана адилеттүүлүктү талап кылабыз. Эгер сиздер чындап эле жаңыланууга багыт алган болсоңор Жогорку Кеңештин депутаттары Кубанычбек Кадыров менен Мирбек Асанакуновго куугунтукту токтоткула, камакта жаткан уул-кыздардын баарын бошоткула, алардын үстүнөн козголгон кылдмыш иштерин кыскарткыла. Азыркы кырдаалда бийлик ушундай кадамдарды жасашы зарыл деп эсептейбиз». Бакиевге, Тагаевге жана башпрокурор Э. Сатыбалдиевге Ысык-Көл дубанынын коомчулугу кайрылган кат «Учур» гезитинин бүгүнкү санына жарыяланды. Кайрылууга Кыргыз эл баатыры Мамбет Мамакеев, коомдук ишмерлер Ишенбай Абдуразаков, Сулайман Иманбаев, Жумагул Сааданбеков баштаган көлдүн мыктылары кол койгон.

Ушул эле гезит Семетей Талас уулунун «Ырысын көтөрө албаган өкмөт» деп аталган макаласын сунуш кылды. Автор быйылкы буудайдын мол түшүмү өлкө боюнча буудайга болгон баанын төмөндөшүнө алып келгенин, бирок «буудайдын 1 килограммын 10 сомдон сатып алабыз» деп убада берген өкмөттүн убадасы аткарылбай, бечара дыйкандар колундагы эгин-тегинин аргасыздан 4-5 сомдон пулдап атканын кабарлады.

«Асман преss» гезити коомдук ишмер И. Абдуразаков менен маек куруп, бийлик тарабынан жүргүзүлмөкчү болгон реформага байлыныштуу оюн сурады. «Ооба башкаруу системасын реформалайбыз деп атабыз. Ушул өңүттөн алганда биздин саясый элита бүгүнкү демократиялык шартта мамлекеттин миссиясы, ролу кандай болуш керек дегенди эмдигиче интеллектуалдык жактан даана түшүнө элек» деп белгилеген Абдуразаков, Кыргызстандагы башкаруу жолоюнун тоталитардык адаттан чыгалектигин, мейли президент түзмөкчү болгон курултайы да, кеңешмеси да болсун, бирок ал жерге кимдер келери, билими, тажрыйбасы, абийири барлары келеби, чечүүчү фактор ушул болорун, демилге көтөрө билген, бийликке кошомат кылбай түз жүргөн адамдар керектигин, кокус мындай болбосо реформадан эч нерсе чыкпастыгын айтты. Абдуразаков андан ары акыл-эстүү өлкөдө мугалим деген авторитет болушу керек болсо, азыр бизде рэкеттер авторитет болуп калганын, элдин ден соолугу начарлап, аракечтик, баңгилик күчөп, мугалимдин ордун кылмыштуу күчтөр ээлеп алганын сөз кылды.

Аталган гезит тунгуч президенттин жубайы Майрам Акаеванын эскерүүсүн жарыялай баштады. Майрам айым Кеминге келин болуп келген учурун тамшануу менен кеп кылган. Гезит андан ары «Акаевдин китепканасы» аталган имараттын өкмөткө өткөнүнө байланыштуу Аскар Акаевдин Маскөөнүн «Эхо Москвы» радиостанциясына берген интервьюсун кыргыз тилинде тартуулады. «Менин өздүк архивимдин конфискацияланышы мыйзамсыз жана Кыргызстандын Конститутциясына карама-каршы келет. Бул үйгө үй-бүлөм менен кайра барып, өмүрүмдүн калганы өтсө дегемин, бул үй менин жана менин үй-бүлөмдүн жеке каражатына курулган болучу. Ал эми үй турган жер тилкесин совет учурунда эле, мен Улуттук илимдер Академиясынын президенти болуп турганда алгамын» деп белгилеген Акаев: «Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мыйзам жок. Кыргызстан укуктук өлкө болбой калган жана полициялык мамлекетке айланган» деп билдирди.

Басылма булар менен бирге эле Өзгөн районунан 8 миң 63 адам кол койгон катты да жарыя кылды. Анда киши колдуу болуп окко учкан ЖК депутаты Санжарбек Кадыралиевдин иши толук тергелбегенин, кылмышкер деп шектелген Раатбек Саипбеков аттуу жаран ооруканада жатат деген шылтоо менен сотко келбей атканын, бирок шектүү делген Раатбек Саипбеков менен Алтынбек Итибаевдин жазаланышына каршы экендиктерин, анткени «заказчик» Маташев Мурасбек Талипбековичке ушул кезге чейин издөө салынбай, кармалбай келатканына президент баш болгон бийлик өкүлдөрүнүн көңүлдөрүн бурууга аркеттенген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG