Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:32

«Бириң өлүп, бириң кал, кыргыз»


Гезиттер ЖК депутаты К. Кадыровдон кол тийбестик алынышын талкууга алууда

Гезиттер ЖК депутаты К. Кадыровдон кол тийбестик алынышын талкууга алууда

Бүгүн жарык көргөн гезиттер экономика, социалдык маселелерден тышкары депутат К. Кадыровдун депутаттык кол тийбестигинине байланыштуу ой-пикирлерге орун берди.

Кол тийбестик тууралуу

«Учур» гезити «Кыргызстандын тарыхында 1-жолу парламент өз кесиптештеринин кол тийбестигин алып салды, 85 депутаттын 76сы Кубанычбек Кадыровдун депутаттык иммунитетин алып салууга «макул» добуш берди» деп кабарлап, бул боюнча айрым атуулдардын оюн сурады.

КР Башпрокурору Э. Сатыбалдиев: - Депутаттык кол тийбестигин алып салууну Жогорку Кеңештен суранууга мажбур болдук. Анткени К. Кадыров тергөөчүгө бир да жолу келип көрсөтмө берген жок. Эгерде ал суракка өз убагында келип, тергөө иштерине жардам бергенде, балким бул маселе козголмок эмес.

ЖК депутаты У. Ормонов: - Ким ак, ким күнөөлүү экендигин сот чечсин.

ЖК депутаты Р. Отунбаева: - Кадыровдун кол тийбестигинин алынышы кыргыз оппозициясына карата репрессиянын күчөшүнүн далили.

ЖК депутаты Б. Акунов: - Маселени иликтөө боюнча түзүлгөн комиссияга 1 айлык мөөнөт берилгенине карабай бир жуманын ичинде шашып жыйынтык чыгарып койду. Жер-жерлерге барып, жергиликтүү элден, камакта жаткандар менен сүйлөшүп, маалымат алган жок. Ошол эле күнөөлөнүп аткан Мирбек Асанакунов менен Кубанычбек Кадыровду сабаган органдын кызматкерлерине эмне үчүн кылмыш иши козголбойт?

х х х

ЖК депутаты К. Кадыровдун кол тийбестигинин алынышына ойлордун топтомун «Эл сөзү» гезити да жарыялады.

А. Эркебаев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын бири: - Илгери мен спикер болуп турганда Данияр Үсөнов, Үсөн Сыдыков, Мамат Айбалаев, Жамалбек Түлөбердиев, Баяман Эркинбаевдердин депутаттык кол тийбестигинен ажыратып берүүнү Баш прокуратура суранган болучу. Алардын бардыгына экономикалык айыптар тагылган эле. Бирок депутаттар буга макулдук берген эмес. Ал эми Кубанычбек Кадыровдуку саясый мүнөздө экени ачык эле көрүнүп турат. Саясый себеп менен депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу дүйнө тарыхында буга чейин катталбаса керек. 1-кезекте мамлекеттин, элдин ырыскысын жеп-ичкендердин депутаттык кол тийбестигин алып, кылмыш жообуна тартса болмок, бирок «акжолчу» депутаттар өз кесиптешин «кой сойгондой эле мууздап салышты».

Ө. Текебаев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын бири: - Бул саясый буйрук.

А. Бекназаров, саясатчы:
-Айрыкча кыргыз эмес депутаттардын парламентте сүйлөгөн сөзү «кыргыздар бириң өлүп, бириң кал» дегендей таасир калтырып жатат.

М. Чолпонбаев, юрист: - Саясый куугунтук.

С. Урманаев, мурдагы депутат: - Бул бийлик Аксы окуясына байланыштуу мени да күнөөлөп, депутаттык кол тийбестигимди алып салууну суранган. Ошондо маркум Дооронбек Садырбаев башында турган комиссия, депутаттардын дээрлик баары каршы туруп, депутаттык кол тийбестигимден ажыраткан эмес. Кийин Жогорку Сот актап чыккан. Мурдагы парламент бийликтин чекесине чыккан чыйкан болсо, азыркы парламент буйрук аткаргандан бөлөк эч нерсе билбейт.

Экономика, тил ж.б. маселелер боюнча

«Акүйдү күч менен басып алгандан кийин бийликке келген «түстүү режим» ооматы жүргөн 4 жылдан бери тынбай эле убада берилип, элди убада менен тойгузган сайын экономика эңшерилүүдө, орусиялык эксперт А. Миграняндын айтымында, кризисттин экинчи толкунун Борбор Азия аймагында ушул жылдын аягында күтсө болот. Эгер орус экспертинин айткандары чын чыкса Кыргызстан узакка созулган стагнация тилкесине кабылары анык. Ошондо банкротко айланган өлкөнүн экинчи соккуну көтөрө алышы кыйын. Өнүгүүнүн бардык критерийлери боюнча өтө төмөнкү деңгээлдеги Кыргызстан бар же жок болуу алдында кылтылдап турганын жокко чыгара албайсың» деп жазды баяндамачы Үсөн Касыбеков «Назар» гезитинин бүгүн жарыккка чыккан санына.

Назгүл Мамытованын макаласынын аты «Санжар Кадыралиев буйрук менен өлтүрүлгөнбү?» деп аталып, журналист ушул суроого жооп издөөгө аракет кылган. Калмурат Молдокулов менен Өктөм Калыеванын макалалары кыргыз тилинин көйгөйүнө арналган. Публицист Кален Субановдун «Ата Мекен коркунучта!» аттуу рубрика алдында жарыяланып келаткан макаласы бул жолу «Биз эмне үчүн жакыр жашайбыз?» деген ат менен жарык көрдү.

«Эл сөзү» гезити бул санын Рыскелди Момбековдун «Балык башынан эмес Балыкчыдан башталды» деген макаласы менен ачып: «Балыкчыда башаламандык болбогондугуна карабастан болгон деп жатышат. Мунусу менен бийлик баш көтөргөндөрдү ушинтип туруп узак мөөнөткө соттоп ийсек, калгандары коркуп калат» деп ойлоп атышса керек. Бирок буга элдин тизе бүгүп берерине эзели ишене албай турам» деп кеп кылды.

Аталган гезит Акүйдөгү аткаминерлердин кызмат алмашуу айыңына да кулак төшөп, президенттик админстрация башчысынын орунбасары Каныбек Жороев аз күндөн кийин Баткен дубанына губернатор болуп кеткени жатыптыр, Данияр Үсөнов Казакстандагы Кыргызстандын элчилигин суранып жатыптыр, Досбол Нур уулу кайрадан Билим министри болот экен деген каңшаарларды таратты.

Тил маселесине арналган Алмаз Темирбек уулунун макаласы «Орус тилине «орозо», кыргыз тилине камкордук» деп аталат. Буга улай эле Кыргыз-түрк «Манас» университетинин профессору К. Коңкобаев маек куруп, кыргыз тилине мамлекеттик колдоо жоктугуна, мамлекеттик тилди биринчилерден болуп мыйзамчылардын өздөрү бузуп жатканына, казактар эне тилин өнүктүрүү үчүн миллиондогон доллар бөлүп атса, кыргыз өкмөтү кыргыз тили үчүн он млн. сом да бөлө албаганынаа жаны кейип, бирок «кыргыз тили жок болуп кетет» деген ойлорго кошубастыгын, Айтматовду жараткан тил жөн эле жоголо койбустугуна ишенгенин билдирген.

«Назар» гезити өткөн ишембиде редакцияга чогулган «Мен ишенбейм» кыймылынын мүчөсү Мирсулжан Намазалиев, «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Максат Исмаилов жана саясат иликтөөчү Марс Сариев журналисттер менен Каркыра, Ак-Сай, Арпа, Жетим-Тоо боюнча талкуу жүргүзгөндөрүн маалымдап, талкуунун алгачкы бөлүгүн жарыя кылган.

Ал эми журналист Айгүл Бакееванын иликтөөгө алган макаласы «Төрөгөндү билбейсиң» деген врачтар же төрөтканадагы шумдуктар» деген ат менен окурмандарга сунуш кылынды.

XS
SM
MD
LG