Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Ө. Текебаев: Бакиевдин ордуна кармаш башталат


"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Ө. Текебаев "Эл сөзү" гезитиндеги маегинде эми Бакиевдин командасынын ичинде анын ордун басам дегендердин айыгышкан кармашы жүрөрүн айтат.
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Ө. Текебаев "Эл сөзү" гезитиндеги маегинде эми Бакиевдин командасынын ичинде анын ордун басам дегендердин айыгышкан кармашы жүрөрүн айтат.

Гезиттер өлкө аймагындагы жаңылыктар, саясат, эл турмушу тууралуу жазып чыгышты.

«Эл сөзү» гезитине «Ата Мекен» партиясынын башчысы Ө. Текебаевдин уландысы кийинки санга калтырылган: «Президент К. Бакиев өлкөнү жана коомду чүлүктөп жетелеп алды» деген ат менен орус тилиндеги интервьюсу жарык көрдү.

Кабарчынын: - Президент түзмөкчү болуп аткан жаңы институттарынан сиз өңдүү көрүнүктүү өкүлдөрүнө чакырык түштүбү?» - деген суроосуна,

Ө.Текебаев: - Азырынча андай чакырык түшөлек, институт да түзүлөлек, биз менен бул маселелер боюнча эч кандай кеп-кеңеш болгон жок,-деп жооп берди.

Саясатчы андан аркы сөзүндө, Кыргызстанда парламенттик мөөнөтсүз шайлоо сөзсүз болорун, анткени ага Бакиев жана анын айланасындагылар өзүлөрү кызыкдар экендигин, алар президент акыркы мөөнөтүн өтөп атканын, Бакиев мындан ары президент боло албасын эң сонун түшүнүшөрүн, ушуга байланыштуу Бакиевдин командасынын ичинде анын ордун басам дегендердин айыгышкан кармашы жүрөрүн айтат. Президенттин мурдагы башчысы, маркум Медет Садыркуловго жаңы жылдык белек катары жөнөтүлгөн «кулак менен сөөмөйдүн» кесиндисин эске салган Текебаев, Бакиевдин президенттик мөөнөтүнүн аягына чыгар мезгилинде андан да ашып түшкөн кандуу окуя болушу мүмкүндүгүн, анткени алдыдагы 3 жылдан кийин Бакиевдин командасы алсырап, убада кылган реформасы урап түшөрүн кеп кылган.

Аталган гезит кол тийбестик укугунан ажыратылган депутат Кубанычбек Кадыров Кыргызстандан качып кетиптир деген каңшаар тарады деп, кечээ Бишкектин «Дасмия» ресторанында берилген улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жылдык зыйнатына президент Курманбек Бакиев басып келип бата кылган жок деп, «Эр айдоочу» деп аталган укук коргоо уюмунун төрагасы Качкын Булатов менен «Асаба» партиясынын мүчөсү Жолдош Орозов жашыруун Варшавага учуп, Батыштан башпаанек сурай баштаптыр деп, Токтогул ГЭСиндеги 5 тыйынга өндүрүлгөн электр энергиясын өз элине 70 тыйындан саткан бийлик Кыргызстанды энергетикалык караңгылыктан куткарбаганы калды деп, Кыргызстан акыркы жылдары баңгизаттарын аткезчилик кылган өлкө гана эмес, баңгиликке баш оту менен кирген наркомандардын өлкөсүнө да айланып олтурат, республикада ырасмий каттоодо турган наркомандардын саны эле 10 миңден ашат деп маалымдады.

«Назар» гезити журналист Үсөн Касыбековдун «Курмушу» деген рубрика алдында «Адахан Мадумаров тилинен табабы?» аттуу макаласын сунуш кылды. Автор Коопсуздук кеңешинин катчысынын 23-сентябрдагы кайрадан өлүм жазасын киргизүү боюнча айткан сөзүн сынга алган. Адахан Мадумаровдун эл алдында чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө көбүнчө ички мазмунга эмес, сырткы формага, утурумдук натыйжага артыкчылык бермей адаты башынан белгилүү, ошондуктан мамлекеттин эң жооптуу кызматын А. Мадумаровго окшогон учкаяк адамдарга ишенип берүүнүн өзү эле таңкалычтуу деген ойго окурман көңүлүн бурган.

«Кыргыз туусу» гезити «Элдин үнү» деген рубрика алдында айылдык авторлордун каттарына орун берген. Бакайаталык Мелис Бокуев «Ач мугалимдерди ток окуучу кантип тоотсун?» деген катында базар экономикасы мугалимди дыйкан кылып салганын, бечара мугалим кара жанын багуу үчүн талаада да, мектепте да иштээрин, ошон үчүн мугалим деген кантип жан багууну ойлобостон мугалимдик кесипти гана аркалаганда татыктуу билим болорун жазса, Кадамжайдын Пүлгөн айылынан Кудбилла Закиряев аттуу жаран өзү жашаган аймактагы Жийделик көлү жөнүндө сөз кылып, көлдү жеке менчиктен ажыратып, элге кайтарылышын талап кылган 500 адам аны «К. Бакиев атындагы балдардын эс алуу жайына айландырабыз» деп кол топтоп койгонун кабарлаган.

Токтогулдук окурман Сарымсак Бекботоевдин каты «Аманбай Акаевди эмнеге эңсейт?» деп аталат. Автор «Элим менен, элим үчүн» деп аталган коомдук фонддун төрагасы Аманбай Сатыбаев аттуу адамды Акаевди жактаганыдыгы үчүн сынга алган. Ал: «Аманбай мырза өткөндөгү шайлоо ыплас өттү» дейт. Эмне Акаевдин учурунда шайлоо таза өтчү беле? Ыплас шайлоо өткөргөндү биз Акаевдин доорунда көрбөдүк беле?» деп каяша айтат. Кат ээси ошону менен бирге эле «14 жылда Акаев түбүнө жеткен экономиканы Бакиев 4 жылда оңдоп жибере албасы белгилүү, учурда чоң-чоң ГЭСтер курулуп, курулуш материалдарын чыгарган ири заводдор ишке киргизилип, миңдеген алдамдар жумуш орундары менен камсыз болуп атканы, Бишкек, облус, район борборлору гүлгө бөлөнгөн шаарга айланып баратканы Бакиевдин элге кылган кызматы эмес бекен?» деп суроо койгон

Гезитте ошондой эле буга чейин сандан-санга жарыяланып келаткан тарыхый жана адабий макалалардын уландырлары да жарык көргөн.

«Учур» гезити ЖК депутаты Ибрагим Жунусов эркин басылмаларга ызырынып, өчөшкөндөй иш жасап, мындан ары андай басылмаларды парламентке таратууга тыюу салдырган токтом токутуп койду, изилдей келгенде буга айрым маалымат каражаттары аны сындап койгону себеп болгон, өткөндө 5-телеканал депутат Жунусовдун мурдун чукуп олтурганын көрсөтүп ачуусуна тийиптир деп, президенттин катчысынын башчысы Оксана Малеванная АКШга элчиликке аттанат имиш деп кабар учурду.
XS
SM
MD
LG