Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

Массалык маалымат каражаттары жана коомдук уюмдар мектеп рэкетинин баш оорусун талкууга алышууда.

«Массалык маалымат каражаттары жана коомдук уюмдар мектеп рэкетинин баш оорусун талкууга алышууда. Ал эми бул окуя өзүнүн логикалык өнүгүү чегин көздөй кетип баратат. Кеп эми мектеп рэкети жөнүндө эмес, Кыргызстандын мектептеринде орной баштаган криминалдык система жөнүндө сөз кылуу керек болуп жатат» деп жазды ушул жуманын 27-сентябрында окуучулардын Бишкектеги №38-орто мектебинде болгон массалык мушташ тууралуу «Московский комсомолец Кыргызстан» гезити.

Бактыга жараша милициянын өз маалындагы аракети менен мушташ жаңжалга айланып кетеле кезинде токтотулду. Учурда ушул окуяга катышы бар делген 50 окуучу суракка алынууда. Бирок окуянын чоо-жайы дагы эле түшүнүксүз бойдон кала берүүдө.

«Балдардын укугун коргоо лигасынын» башчысы Назгүл Турдубекованын айтымында спорт мектеби менен №38-мектептин ортосундагы «согуштун» созулганына бир жылдын жүзү болгон. Укук коргоочунун байкоосунда спорт интернаттын балдары №38-мектепке келип, кадимкидей эле салык салып, акча жыйнап кетип турушкан. Тилекке каршы, буга мектептердин жетекчилиги эч кандай маани беришкен эмес.

Ал эми физкультура жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин орунбасар деректири Алмазбек Касеновдун айтуусунда чыр-чатакты спорт мектебинин эмес, № 38-мектептин окуучулары баштаган. Алар спорт интернаттын короосуна таш ыргытып, дарбазасын таяк менен койгулап турушкан. Ал тургай кароолчулар балдардын курал-жарак көтөрүп жүрүшкөнүн көрүшкөн.

Ал эми Билим берүү жана илим министринин орунбасары Үмүткан Тыналиеванын айтымында мушташтын демилгечиси спорт мектебинин окуучулары болушкан.

ЖК депутаты Кабай Карабеков парламент кеңешмесинде ИИМдин дарегине катуу сөздөрдү айтты. Анын оюнча бул ведомство мындай аракеттерди алдын алмак тургай болочок уюшкан кылмыштуу топторду жаап-жашырып келатат. Кокустан бул окуяны мектеп кароолчулары менен жөн эле өтүп бараткан кишилер көрүп калбаганда аны аталган күч министрлиги дымын чыгарбай жаап салат болучу.

Кабай Карабековдун пикиринде бул коомго каршы жарыяланбаган согуш, демек олимпиадалык резервдеги бул окуу жайы Кыргызстанга уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн даярдап жатат деген ой келет. Спорт мектебинин бүтүрүүчүлөрү кыргыз спортунун келечектеги сыймыгы эмес – тескерисинче келечектеги бандиттер менен киллерлер жана рэкеттер. Мындай окуучулардын мындан ары бул окуу жайында окуусун улантууга моралдык укуктары жок, ал эми мектеп жетекчилиги менен эң жогорку деңгээлде катуу сүйлөшүү керек.

«МК Кыргызстан» андан ары гезит басууга даярдалып жаткан учурда ИИМ окуянын алгачкы версиясын жарыялаганын маалымдады. Көрсө спорт мектебинин 10-11-класстарынын 50гө жакын окуучулары №38- орто мектепти ташбараңга алардан мурда №2 орто мектепке чабуул жасап, эшиги менен 5 терезесин күбүп жиберишкен. Мектептин коопсуздук кызматкери менен жогорку класстын бир нече окуучулары токмоктолгон.

Мына ушундан кийин гана сопртсмен балдардын «бандасы» №38-мектепке жортуул жасап, 17 терезени талкалаган. «Мушташ маалында окуучулар массалык түрдө участкалык инспекторго кол салышкан. Анын тагдыры азыр кандай экендигин билүүгө жасаган гезит кабарчысынын аракетинен майнап чыккан жок. Азырынча башаламандыктты баштоочулар катары 10 окуучуга кылмыш иши козголду. Депутат Кабай Карабековдун билдирүүсүн ИИМ четке какты» деп баяндады.

Мектеп мушташы тууралуу бүгүн жарык көргөн «Дело №…» гезити да маалымдап, ал тууралуу толугураак гезиттин кийинки санында жазып чыгууга убада кылды.

«Кайрадан энергодиетага олтургузмай болушту» деп аталган макалада 1-октябрдан же эртеңден тартып электр жарыгын өчүрмөй кайра башталганы калганы баяндалат. Мындай жагымсыз кабарды электр өнөржай жана отун ресурстар министри Ильяс Давыдов сүйүнчүлөгөн.

Өткөн 2008-жылдын сентябрындагы президент Курманбек Бакиевдин: «Кыш бою шаардыктар электрэнергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болушат, жылуулук жана ысык суу боюнча да эч кандай проблемалар болбойт» деп сүйлөгөн сөзү эске түшөт. Мына ошентип сүйлөгөндөн кийин болбойт деген проблемалар болгондо да кандай болду. Эгере жараткан өзү жар болуп, кыш жумшак болбогондо көргүлүктү дагы көрөт элек» деп белгилеген жумалык өлкөнүн 1-вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов өкмөт кеңешмесинде «Түндүкэлектр» компаниясына кардарлардын карызы 1 млрд. 48 млн. сом болду деп айтты, так ушундан эки жума мурда же 11-сентябрда ошол эле «Түндүкэлектр» компаниясынын басмасөз кызматы 8 ай ичинде электр энергиясына төлөмдөр 99 пайызга аткарылып, капчыкка 1 млрд. 594 млн. сом жыйналганын билдирген эле. Эми кимисине ишенебиз?» деп жазды.

Ушул эле гезит «Кемчонтойлорду издешти эле, табалышкан жок» деген макала жарыялады. Анда Кыргызстанды тышкы карыздан кутултуу үчүн элдик эсеп ачуу идеясын агездеги финансы министри Акылбек Жапаров көтөрүп чыкканына, ошентип эки жылдан бери эсепке болгону 803 миң 816 сом жана 3350 АКШ доллары түшкөнүнө, ал эми эки жыл ичинде Кыргызстандын тышкы карызы дагы 400 млн. долларга өскөнүнө, эгер тышкы карызыбыз 2 млрд. 76 млн. 600 миң АКШ доллары болсо, ушул жылдын август айына ал карыз 2 млрд. 475 млн. 914 миң АКШ долларына жеткенине токтолуп, айрым жарандарга: «Кыргызстандын тышкы карызын жабуу үчүн акча салганга даярсызбы?» деген суроо менен кайрылганда мындай деп жооп беришти.

А. Бекназаров: - Мен бул эсепке 1 тыйын да салбайм. Себеби ал карызды мен жеген эмесмин. Аны кимдер жегенин эл эң сонун билет. Акаевдардан тартып азыркы өкмөт мүчөлөрүнө чейин бирден санап чыкса болот.

Өмүрбек Бабанов: - Эл төлөөгө милдеттүү эмес. Мамлекетти тышкы карызга батыргандар мамлекеттик аткаминерлер.

Темир Сариев: - Эсепке акча которгон күндө да ал жетер жерине жетпей уурдалып жок болот.

Феликс Кулов: - Мен өкмөт башында турганымда тышкы карызды жок дегенде бир аз жеңилдетейин деп ХИПИК программасына кирели дегемин. Бирок ой ишке ашкан жок. Ал эми эсеп ачып, акча чогултуга караманча каршымын. Ким бул демилгени баштаса ошол өзү салсын акчасын.

Азиза Абдрасулова: - Мен акча которгонго даярмын.

Төлөйкан Исмаилова: - Мындай эсеп ачуунун өзү маскарачылык, кайра эле элди алдоонун амалы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG