Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

Жарык көргөн гезиттер саясаттагы айың кептер, социалдык турмуш-жагдай жана башкалар тууралуу жазышты.

«Менин жеке байкоомдо элибиздин аң-сезимдүү катмарынын дээрлик бардыгы коркок, кошоматчы. Демократияны Акаевдин айбалтасынан алып калабыз деп, Бакиевдин сыйыртмагына салып бердик. Сыйыртмактан кантип чыгуунун ордуна «мекенчилдерибиз» коомдук өнүгүштүн феодалдык-патриархалдык жолун сунуш кылууда» деп жазып чыкты «Жаңырык апта» гезитинин жаңы санындагы «Жолбүгүнүндө» Алым Токтомушев. Автор оппозиция тууралуу да сөз кылып, оппозиция ушу кезге чейин саясый ишмердик дегенге профессионалдуулук деген зарыл экендигин түшүнбөгөнүн, «Акаев кетсин!» же «Бакиев кетсин!» ураанына бириккен оппозиция эртең эле урап түшөрүн тажрыйбалар тастыктаганын, опозиция оппозиция болгондон бери өзүнө таандык телерадио эфир толкундарын мындай кой, бир барак гезити да жоктугун, ал бир ишти баштарда анын аягы эмне менен бүтөрүн ойлонгонго кудурети жетпей келаткандыгын бетке айткан

Гезит ошондой эле «Ак жол» партиясынын дагы бир депутаты Советбек Сакыбаев мандатынан баш тартты, айрым божомолдорго караганда анын Чүйдөгү аким агасын президент кызматынан айдаганга байланыштуу болду дешет деп, «Кыргызгаздын» башчысы Саламат Айтикеев Өзбекстанга газ сурап барып куру кол кайтты деп, Бишкектин №64 бала бакчасынынын тамак-ашынан курт чыкты деп маалымдады.

Милийсалар сабап каза тапты деп чуу болгон журналист Алмаз Ташиевди өлтүрдү деп шектелгендер дагы эле жазаланбай жүрүшкөнүн, өлкөнүн баш милийсасы К. Конгантиевдин орунбасары буга байланыштуу 7 милийсаны иштен бошотттук деп айтып чыкканы менен алардын төртөө дагы эле иштеп жүргөнүн маркумдун бир тууган иниси Мелистин айтып бергенине таянуу менен бүгүн жарык көргөн «Асман преss» гезити маалымдады.

Ушул эле гезит Мундуз уруусунун республикалык курултайынын катышуучуларынын жалпы кыргыз элине кайрылуусун жар салды. Кайрылууда Мундуздар кыргыздын үч канатын ынтымакка чакыруу менен Арстанбаптагы кароосуз калган кыргыз мазарын мамлекеттик корукка алып, белги орнотуп, өкмөттүк деңгээлде ыйык жайга айландыруу маселесин койгон.

«Асман преss» айрым жарандардан: «Бүгүнкү күндө мектептен медресе көп дегенге кошуласызбы?» деп собол салды.

Буга коммунист К. Ажыбекова: -Мамлекет күчтүү болуш үчүн адамдар билимдүү болуш керек. Динге болгон фанатизмдин айынан көпчүлүк жаштардын аң-сезими тескери бурулуп жатат,-деп,

Мударис Кусейн Исаев: - Совет убагында мугалим «кудай» болчу. Тилекке каршы мугалимдер азыр бечарага айланды. Демек медреселердин санын көбөйтпөстөн мектептердин санын көбөйтүп, мугалимдерди социалдык жактан көзөмөлгө алсак, жаш балдар медреседен кайра мектептерге качат эле,-деп,

И. Арабаев атындагы университеттин мугалими Ито Хиронори: - Мектеп болобу, медресе болобу, иши кылып адамды эмгекти сүйүүгө тарбияласа болду. Экөөнүн айырмасы деле жок. Медресе деген билим системасындагы диний мектеп,-деп

Саясатчы Дастан Сарыгулов: - Бүгүн кыргыз динин да, тилин да билбеген өтө коркунчтуу абалга кептелди. Кыргыздар өз динин чанып ислам динине эмес, баптист, Хизб- ут Тахрир ж.б. диндерге кирип, адам сапатынан алыстап, маңкурттук жолго ыктап баратат,-деп,

Укук коргоочу Т. Тургуналиев: - 18 жылдын ичинде 1300дөн ашуун мечит курулуптур. Өлкөдө диний экстремисттер күч алды. Алар буга чейин түштүктү каптаса, эми түндүктү каптады. Муну тартипке салган адам жок. Бара-бара өлкөнү ошолор башкарып калабы деп корком,- деп,

Коомдук ишмер Б. Жанузаков: - Ленин: «Дин – элдин башын айлантуучу апийим» деген. Демек динге баш-оту менен кирген адамдарды кайра артка кайтарыш кыйын. Учурда ислам динин эмес, кайдагы бир түшкө кирбеген диндерге кирип, алардын ырын ырдап, оронуп-чулганып, сакал коюп алышканы акылга сыйбаган көрүнүш,- деп жооп берди.

Кыргыздын белгилүү ишкери Табылды Эгембердиев Бишкектин тоо таянган тарабына «Супра» деген ат менен маданий эс алуучу ажайып жай курганын, «супра» деген кыргыз элинин кадимки эле жайыл дасторкону болорун, аны илгери өңдөлгөн териден ийлеп жасап келгенин, маданий эс алчу жай мына ушул унутулуп бараткан ат менен аталганын, кесиби инженер-куруучу болгондуктан бардык долбоорун өзү чийгенин, курулушка кыш, темир, бетон дегендерди жолотпой, жалаң жыгач, топурак, таш, камыш жана чийден курдурганын, ал эми айланасын жашылдантуу үчүн чым менен гүлдү Суусамырдан топурагы менен алдыртып олтургузганын бүгүнкү «Айат пресс» гезитине берген аңгемесинде кеп кылды.

Кабарчы ага: -Кыргыз суусундуктарын дүйнөгө таратам деп Кытайга да «Шоро» заводун курдуңуз эле, ал эмне болду?- деп суроо салды.

Т. Эгембердиев:- Кашкарга ачкам, кыргыз аз болгондуктан максым аз ичилип, өзүн актабай койгондуктан кайра жаап салдым. Азыркы жаштар бактылуу. Азыркыдай мүмкүнчүлүк мурда болгондо мен таптакыр башка адам болмокмун. Бул жашоодо арманым жок. Спирт ичимдигин бала кезимден оозума албайм. Орозо кармап, намаз окубайм, бирок кудайга ишенем,- деп жооп берди.

«Айат пресс» мындан тышкары сүйүү дептерин 44 жылдан кийин таап алган Кыргыз эл акыны жана Кыргыз эл баатыры Сооронбай Жусуевдин кубанычын окурмандар менен тең бөлүшкөн. Аксакал акыныбыз чын эле «Махабат» деген ат коюлган ыр дептерин 65-жылы жоготуп жиберип, эми тапкан. Акын анысын китеп кылып чыгарганы жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG