Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Ооздугуң Орусияда


Бүгүн жарык көргөн үч гезит өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы окуяларды талдоого алды.

“КМШнын келечеги барбы?” Мына ушундай суроого бүгүн жарык көргөн “Назар” гезити аркылуу Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов жооп берди.

Коомдук ишмер Ниязов КМШ адам укуктарын жана эркиндигин коргобой эле альянстын мамлекет башчыларынын эч кимге жооптуу болбой, жыргап башкарууну каалаган корпоративдик кызыкчылыгын коргоону көздөгөн уюм болуп калганын белгилеген. "Ошондуктан КМШ ички табияты боюнча демократияга бөгөт уюм жана эл аралык жоопкекрчилиги жок түзүлүш болуп калды”, - деп айтты.

Ниязовдун оюнда эртеби-кечпи, шериктеш өлкөлөр алкагындагы бул авторитардык башкаруу баары бир ыңкылап жолу менен бузулат. Мындай процесстер көпчүлүктүн аң-сезиминде бышып-жетилип келатат. Демек ушу тапта аталган уюм ичинде өзөктүү ролду ойногон Орусиянын алдында эки жол турат. Биринчиси – эл аралык саясатта уюмдун мамлекет башчыларынын ыргагынан чыкпай гана иш алып баруу болсо, экинчиси – мына ушулардын гана кызыкчылыгын коргоого албастан, жалпы эл мүдөөсүн эске алып, алака-мамилелердин жана кабыл алынган чечимдердин коомго пайдалуулугун, ачыктыгын талап кылыш керек. Албетте, бул эки вариант тең Орусия үчүн оңтойсуз. Бирок саясатчы Ниязовдун байкоосунда, кандай болгон күндө да эл аралык жаңы уюмдардын кийинки тагдыры Орусия кабыл алган чечимдерге байланыштуу болмокчу.

Гезит андан ары “1-Улуттук канал мактап бүтөлбай аткан Камбар-Ата -1-2 ГЭСтерине Орусия бир канча млн. жашыл акча жумшап жатат. Мындай берешендиктин артында кыргыз элин биротоло тумчуктуруп, баш ийдирип алууга багытталган тымызын саясат жүрүп жатканын байкабай келебиз. Кыргызстан бүгүн олчойгон орус карызынан кутулуунун айласын издеп, жер мүлкүн, байлыгын аргасыз орустарга карматып жатса, Орусия Африкада жайгашкан айрым мамлекеттердин миллиарддаган карыздарын оңой эле кечип коюуда. Ушундан улам Орусиянын Кыргызстанга үстөккө-босток көрсөтүп аткан “боорукердигинин” негзиги максаты байкалып калды” деп баяндады “Орусиянын Кыргызстандагы максаты кандай?” аттуу макаласында.

“Эркин тоо” гезитинин жаңы санында Кыргыз президенти К. Бакиевдин Түрк тилдүү мамлекет башчылары катышкан 1Х саммитте сүйлөгөн сөзү жана төрт президент кол койгон “Нахичыван декларациясынын” баяны басылып чыкты.

Гезит мындан тышкары Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Баяс Туралдын мамлекеттик тилдин маселелери боюнча кабарчынын суроолоруна берген жообун, эмгек мигранттарынын учурдагы абалын талкууга алган тегерек үстөлүн, “Кыргызаэронавигациянын” башкы деректири Шакир Жангазиевдин орус тилиндеги макаласын, “Бишкек почтампттын” деректири Жусуп Тургунбаевдин интервьюсун жана кабарчы Жазгүл Кенжетаеванын мектеп рэкеттиги тууралуу баяндамасын жарыялады. Аталган макалада бүгүн Бишкек шаарында оор шартта жашаган же көчө таптап калган 800дөн ашуун балдар бар экенин, булардын дээрлик баары кылмышка аралашып калганын, борбор шаар боюнча катталган 1 миңдей сауна менен 300дөй мейманканалар өспүрүм кыздарды сойку катары “пайдаланып” турарын Кыргызстандын башкы милиционери Молдомуса Коңгантиев өзү айтканын мисалга тарткан.

“... Аскар Акаевдин убагында оппозицияга ар кандай кысымдар болгон. Анча-мынча адыраңдагандар түрмөгө түшүп турган. Бирок бүгүнкүдөй жапырт соттомой болбосо керек эле. Баш көтөргөндун баарын баш-аламандык беренеси менен белге чаап жатат. Этеги эмне менен аяктарын эйфорияга алдырган азыркы бийлик эсине албай жатса керек. КСДП партиясын кысып олтуруп, алты депутатын – Бабанов, Байсалов, Ирсалиев, Артыкбаев, Жээнбеков, Жураевди депутаттык мандатынан ажыратты. Кадыровдун депутаттык кол тийбестигин алды. Депутат Бешимовду Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз кылды. Шаботоев о дүйнөгө узап кетти” деп жазып чыкты бүгүн жарык көргөн “Эл сөзү” өзүнүн “Мөөнөтсүз куугунтукпу же мөөнөтсүз шайлообу?” деген макааласында. Аталган гезит ошону менен бирге КСДП партиясынан парламентте депутат болуп азыр Отунбаева, Өмүркулов, Ниязалиева, Карамушкина гана калганын окурмандардын эсине салган.

Ушул эле”Эл сөзүнүн” кабарчысы бийлик куугунтугуна кабылган Болот Шениязовго кайрылып:

- Болот мырза, оппозицияда жүргөндөргө кылмыш иши кылтыйса эле, Мекенин таштап, башка жактан башпаанек издеп кетип атышат, сиз да алардын жолоюна түшпөйсүзбү?- деп суроо салды.

Б. Шерниязов: - “Туулган жердин топурагы алтын” демекчи, Мекеним - Кыргызстан. Кыргыз жеринде менин ата-бабаларым, атамдын сөөгү жатат. Мен эч жакка кетпейм, ушул жерде болом. Негизи мени канчалык казып текшеришсе да эч илинчек таппайт, убара тарткандан бөлөк, - деп жооп берди.

Гезит дагы бир кабарында “Айат пресс” гезитинин башкы редактору Жылдыз Мусабекова өз каалоосуна ылайык жаңы кожоюндар менен иштеше албастыгын билдирип, ишинен бошоп кетти, ордуна кыргыз гезиттеринин кыйласын кыдырып чыккан Азамат Кыязов барды. Жылдыз менен кошо “Айат пресстин” эмгек жамааты бүт бойдон аны менен кошо баса бериптир деп, ушул эле “Эл сөзү” гезитине да куугун күчөп, башык редактор Рыскелди Момбековго Бишкектин 1-Май райсоту дагы бир бир башкы редактор Бабырбек Жээнбековддун доо арызы боюнча 50 миң сом айып салса, Ленин райсоту 5 млн. сомдук доо арызын карай баштаганын, ошол эле доогер “Ачык саясат” гезитинин 6 млн. сомдук доо арызын Бишкек шаар аралык сотуна, гезитти жабуу боюнча доо арызын Бишкек шаар сотуна тапшырганын, ал ортодо Кыргызстан муфтиятынын өкүлдөрү менен "Манас" кыргыз-түрк университитеинин жамааты дагы сотко арыз даярдап атканын маалымдады.
XS
SM
MD
LG