Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Элди эми Елисеев багабы?


Гезиттердин өзөктүү темаларынын бири – Камбар-Ата ГЭСтеринин күрөөгө коюлушу жөнүндө болду.

“Ошентип элибиз дүйнөнүн чар тарабына чачылып, жерибиз ар кайсы чет өлкөгө сатылып, ичинен ыдырашы космикалык тездик менен жүрө баштады.

10 тонна алтыныбыз биринчи өкмөт башчыбыз Насирдин Исановдун башын жуткан Бирштейн менен Швейцарияга кеткен.

Кумтөр алтын кени Канадага кетти.

“Манас” аба майданы АКШга кетти.

Үзөңгү – Кууш Кытайга кетип, артынан Ак-Сай, Арпа жайлоолору, Жетим Тоо темир кени кезекте турат.

Каркыра жайлоосу 4 пансионатка кошулуп, Казакстанга кетти.

Эми Жерүй алтын кени кезекте турат.

Баткенде 275 метр жер Тажикстанга кетти. Ошол жердин мурдагы Октябрь айлынын кыргыздары там-ташын тажиктерге сатып бүтөйүн деп калды.

Ош менен Жалал-Абаддын жарымы бүгүн болбосо эртең Өзбекстан болоюн деп кылдын учунда кылтылдап турат.

Эми минтип Камбар Ата 2 ГЭСи али курула элек Камбар Ата 1 менен кошулуп Орусияга кетмей болду. Дарыясы жок да ГЭС болмок беле? Демек Нарын дарыясына да Орусия кожоюн”
деп жазды журналист Машакбай Рахманкулов бүгүн жарык көргөн “Назар” гезиндеги “Эми Манастын күмбөзүн саталы...” аттуу макаласында.

Энергетика маселесин талдоого алган Үсөн Касыбеков баяндамасында Кыргызстандын улуттук энергетикасына кожоюндукту башка өлкөлөр Казакстан менен Орусия колго лаган, мындан бөлөк ылаажы жоктугун туюнудурарын белгилеп: “Улуттук энергетикадан ажыроо демек экономиканын биротоло сызга отурушу, эл караңгыда карайлап там сүзүп калышы дегендик, бул болсо мамлекет толук банкрот болгонун ашкерелейт” деп баа берди.

Ушул эле маселеге “Эл сөзү” гезитиндеги “Камбар Ата күрөөгө берилдиби же бирөөгө берилдиби?” деген макаласы аркылуу журналист Рыскелди Момбеков кайрылды. Ал Маммүлк комитетинин төрагасы Т. Турдумамбетовдун: “Камбар Ата ГЭСтерин Кыргызстандын өнүктүрүү фондуна күрөөгө койбосок, абалдан чыга албайбыз” деп сүйлөгөн сөзүн мисалга тартып, өнүктүрүү фонд дегенди А. Елисеев деген жетектээрин, президент Орусиянын Камбар Ата ГЭСине, АКШнын “Манас” аэропортуна, Канаданын Кумтөргө түшө турган акчаларын мына ушул А. Елисеев аркылуу өтө тургандай кылып койгонун, эртең эле кыргыз өкмөтү “Манас” аэропортуна келген акчадан бере тур деп мына ошол Елисеевден сурайт, ошондо ал: “Манас” аэропортуңду күрөөгө кой, анан берем” десе эмне кылабыз?” деп жаны кашайган суроону койду.

Ушул эле санга “Кыргызстанда бир гана нерсени менчиктештирүүгө болбойт, ал – акыйкаттык” деген ат менен Болот Шерниязовдун мындан 9 жыл мурдагы калк менен өткөргөн түз байланышы кайрадан жарыяланды.

Аталган басылма ошондой эле “Улуттук долбоор, ууру долбоорго айландыбы?” деген тема алдында “Камбар Ата – 2” ГЭСинин күрөөгө коюлушун жеке менчикке кетти деп эсептесе болобу?” деген суроо менен айрым атуулдарга кайрылды.

Генерал Исмаил Исаков: - Президент Бакиев: “Электр энергиялары эч качан күрөөгө коюлбайт, жеке менчикке берилбейт” деген. Демек анын сөзү жокко чыгып аткан соң, өлкөнү башка президенттер башкарып жатканы ошо. Өз суубузга, өз энергетикабызга өзүбүз ээ боло албай, шорубуз катат. Башка мамлекеттер Кыргызстанды топ кылып тээп ойношот,-деп,

Өнөржай ишмери Орозбек Дүйшеев:
- Камбар Атанын күрөөгө коюлушу жеке менчикке өтөт, мамлекеттин менчиги болуудан калат деген сөз,-деп,

“Акжолчу” депутат Табылды Орозалиев: - Кимдин акчасы көп болсо, ошол инвестор болот. Мамлекеттин ГЭСти курууга мүмкүнчүлүгү жогуна көз жеткенден кийин ушул чечимди кабыл алдык,-деп,

Депутат Роза Отунбаева: -Өкмөттүн кепилдиги менен Орусиядан келген 300 млн. доллар насыя акчага ээ болуп алган Елисеев башкарган Кыргызстанды өнүктүрүү фонду өзүбүздүн акчаны өзүбүздүн ГЭСти курууга бербей жатканын түшүнбөй турабыз,-деп жооп беришти.

“Кыргыз туусу” гезити профессор Исак Бекбоевдин “Билим берүүнүн сапатын көтөрүү – жалпынын иши” деген макаласында президенттин буйругу менен билим берүү жаатында улуттук концепцияны иштеп чыгуу боюнча атайын 9 кишиден турган топ түзүлүп, долбооор тездик менен иштелгенин, эми ага ылайык ар бир облустта үлгүлүү элиталык балдар бакчасын, элиталык гимназияны, улгүлүү кесиптик-техникалык окуу жайларын түзүү каралганын, бирок элиталык десе эле жалаң колунда акчасы бар аткаминерлердин балдары кабыл алынат деп түшүнбөө керектигине токтолуп, мындайларга жалаң идиректүү, таланттуу балдар тандаларына иштендирген.

Профессор Бекбоев бул долбоорго президент Бакиев өзү башчылык кылып, сөзсүз колдоого алабыз деп баарын милдеттендирип жатканын, ошондуктан максаттардын баары ишке аша тургандыгына үмүтү чоң экендигине көңүлдөрдү бурган.

Гезитке мындан сырткары профессор Анарбек Көчкүновдун “Көчмөндөр көптөгөн өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болгон” деген, журналист Бекбай Алыкуловдун “Бейшенбек Абдырасаковдун соттолушун каалагандар же кыргыздарды “квас” патриоттор деп атагандар” деген, Кыяс Молдокасымовдун “Барпынын баркына жетели” деген, профессор Өскөн Осмоновдун “Шабдан баатыр” деген, окумуштуу Омор Соороновдун “Бабур Базар-Коргондо” деген макалаларын окууга болот.

Рухий темаларга басым койгон “Көк асаба” гезити окумуштуу Бердибек Жумабаевдин “Кыргыз ак сөөктөрү үч керээзге токтолгон” деген ат менен рун жазмаларынын тарыхына басым жасап, Барсбек баатырга коюлган эстеликтин алдыңкы бетиндеги чегилген сөздөрдүн бир кезде академик С. Е. Малов которгон котормосун сунуш кылуу менен, жанына өз котормосун жарыялаган.

Бул санда “Акшумкар КУТ” жаштар коомдук бирикмесинин түптөөчүсү Айбек Бузурманкуловдун: “Колдомок тургай, мамлекет бизди коргой алган жок” деген маеги басылды. Маегинде ал өлкөдөгү жаштардын орду тууралуу сөз кылган.

Мындан тышкары акын Гүлжамила Шакированын баш кийим тууралуу ой толгоосу, күүчү, обончу Кайырбек Бийлибаевдин “Комуз – ички дүйнө жарчысы” деген баяны, айтылуу күүчү жана ырчы Нурак Абдыракмановдун ыр дастаны жарык көрдү.
XS
SM
MD
LG