Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

“Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити “Ысык - Көлдүн келечеги кандай болот?” деген суроо менен анын губернатору Кыдыкбек Исаев менен маектешкен.

Губернатор Кыдыкбек Исаев чынында эле быйыл өткөн жылга салыштырганда эс алуучулар азыраак болгонун, буга күндүн жакшы жылыбай койгондугу жана айрым саясый жагдайлар себеп болгонун айткан. Ошентип туризм маалында чогулган жалпы жыйым өткөн жыл менен салыштырганда 30 пайызга кем болгон, эс алуучулардын саны да 25-30 пайызга азайган. Губернатор Исаев жалпы узундугу 76 километр болгон Түп-Кеген жолунун 30 километри бүтүп калганын, эгер эмдиги жылы бул жол пайдаланууга берилсе Алматыга чейин 2-3 саатта эле кирип барууга болорун айткан.

Бир кезде элди дүң түшүргөн Алматы- Чолпон-Ата жолунун тагдыры жөнүндө губернатор, өмүр бою ак мөңгү жаткан ашууга жол салам дегендин өзү кемчонтойлук болгонун, казына акчасынан сырткары эле 355 миллиондой каражат кумга сапырылганын, учурунда көлдүн бардык техникалары ушул жолдо иштегенин кейиш менен кеп кылган.

-Эми мындан ары Ысык-Көлдүн келечеги кандай болушу мүмкүн? Көпчүлүк адамдар көлдүн элиталык эс алуу аймагы болушун каалайт. Бирок биз түштүк тарабын элиталык эс алуу жайы, түндүк тарабын ар ким эле эс ала тургандай кыйла арзан эс алуу жайына айландыралы деген ойдобуз,- дейт губернатор.

Андан ары ал ушу кезде пансионаттардын 80-90 пайызга жакыны жеке менчикке өткөнүн, мамлекеттики дегендерден болгону профсоюздарга таандык пансионаттар, анан “Аврора” менен “Резиденция 2” деген пансионат калганын кабарлаган.

Акырында Кыдыкбек Исаев жакында эле Азия өнүктүрүү банкы Ысык-Көл дубаны үчүн 30 млн. доллар бөлгөнүн, бул каражат - Каракол, Чолпон Ата, Балыкчы шаарлары үчүн жумшаларын, “Тамчы” аэропортуна азырынча “Боинг” самолету коно албастыгын, аэропорттун курулушун президенттин тапшырмасына ылайык Бакыт Сыдыков өзү жүргүзуп жатканын кошумчалаган.

“Көгүлтүр отко болгон карызды массалык түрдө жыйнап жатышат, ошол эле учурда эл газдын дагы кымбатташын күтүп жашоодо” деп белгилеген “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити “Кыргызгаз” ААК басма сөз кызматынын билдиргени боюнча Кыргызстандын газ үчүн карызы адегенде 19,1 млн. доллар болгонун, азыр анын 3,6 млн. доллары төлөнүп, 15,5 млн. доллары калганын кабарлаган. Ал эми Кыргызстандын түштүк борбору карыз үчүн 9 млн. 684 миң долларды төктү. Азыркы учурда Оштогу тургундардын үйлөрүн текшерүү жүрүп жатат. Бул күнгө дейре 18 миң тургундун үйү текшерүүдөн өттү. Анткен менен азырынча газ кымбаттайт экен деген имиштер болбогон сөз. Тескерсинче жаңы жылдан кийин газ арзандап кетиши ыктымал.

Ушул эле жумалык Бишкектин Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде жакында жапон жана кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн курактан жасалган эмгектеринин көргөзмөсу болуп өткөнүн жазып чыкты. Деги эле курак курамай өнөрү кыргыздарга кайдан, качан келген? Муну бүгүн эч ким ырастап айтып бере албайт. Сыягы көчмөн турмушта оңой менен табыла бербеген арбир кездеменин өөнү аябай сарамжалдуулук менен сакталып, кийин куракка айланган болуш керек. Анын үстүно кыргыздарда улгайган адамдарды жерге бергенден кийин, өлүк коюу зыйнатына келген аялдарга жыртыш таратылат, жыртыш деген атайын маркум үчүн алынып келген кездеменин айрындысы. Ошол жыртыш чүпүрөктөр чогула берип кийин куракка айланган.

Ал эми Жапондорго курак Америкадан келип киргени айтылат. Бир кызыгы курак Кыргызстанда качан пайда болсо, Жапонияда да ошол мезгилде пайда болгон. Бирок Күн Чыгыш өлкөсүнө куракты адамзаттын кайсы маданияты алып киргени белгисиз. Ким билет балким Азиянын көчмөн уруулары алып келгендир деп жазат аталган гезит.

“Окуу жылы башталгандан тартып эле коомчулукта ата-энелердин өз ыктыярлары менен мектептерге чогултчу акчалары жөнүндө сөз жүрө баштаган болчу” деп эске салган “Комсмольская правда Кыргызстан” гезити жакында Жогорку Кеңеште мына ушул маселе талкууланганын, депутаттардын айтымында Билим берүү жана илим министрлигинин админстрациясынын тыюу салганына карабастан ата-энелерден акча жыйноо токтолбогонун белгилеп, буга байланыштуу билим берүү ведомствосу “Кыргызстандын жалпыга билим берүү жана мамлекеттик уюмдарындагы муниципалдык жана камкордук кеңеши жөнүндө” буйрук жобосу менен иштелип чыкканын маалымдады.

Эми мындан ары мына ушул буйрукка ылайык аталган кеңеш мектептердин материалдык-техникалык базаларын чыңдоо үчүн жеке жарадам берүүчүлор менен ата-энерлердин ыктыярдуу жардамдарын колдоого алат. Бирок жардам бергиси келгендердин гана акчасын алат, ким бергиси келбесе аларды кысымга алуу болбойт. Ошол эле учурда мындай кеңештерге мектеп башчылары мүчө болуп кире алышпайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG