Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:42

Гезиттердин басым жасаган темасы ГЭСтердин айланасындагы талаш-тартыш, экономика, саясый-социалдык турмуш жагдайлар тууралуу болду.

“Айат пресс” гезити журналист Олжобай Шакирдин “Өлкө саясаты сойку, экономикасы чурку” деген ат менен макаласын жарыялады. Анда дыйкандардын жагдайы тууралуу сөз болот.

Саясат иликтөөчү Нур Омаровдун ушул эле гезитке берген интервьюсунун аты “Атамбаевдин карьерасына небак “крест” коюлган” деп аталат.

Кабарчы: - Президент К. Бакиевдин азыркы кадамдарына кандай баа бересиз?

Н. Омаров: -Президенттин айткандарынын көпчүлүгү бир жөнөкөй эле нерседен улам ишке ашпай калууда. Анткени чиновниктердин көбү саботажчы. Президент 20-октябрда жарыялайм деген мамлекеттик башкаруу реформасы көпчүлүк чиновниктердин тынчын алып, ишке болгон каалоосун суутту. Алар бүгүн өз тагдырынын чечилишин эле күтүп калышты. Орчундуу маселе мына ушунда.

Кабарчы: - Атамбаевдин саясаттагы орду биротоло өчтүбү?

Н. Омаров: - Атамбаев Бакиевдин сунушуна макул болуп, өкмөт башчысынын креслосуна барганда эле саясый карьерасына “крест” коюп койгон. Ушуну менен ал өзүнүн саясый жашоосун токтотту. Менин оюмча ал келечеги жок саясатчы.

Кабарчы: -Өлүм жазасын киргизүү тууралуу талашка эмне дээр элеңиз?

Н. Омаров: - Бул ачыктан-ачык акмакчылык.

Кабарчы: - Энергетика, газ маселесичи?

Н. Омаров:
- Маселе оор. Бул суроолорду чечүүдө Кыргызстан өз көз карандысыздыгынан четтетилди.

Саясат талдоочу андан ары президенттин реформасы жүргүзүлөрүн, ошону менен бирге эле оппозицияга каршы күч органдарынын мамилеси өзгөрбөй кала берерин, бирок кыргыз эч качан кыйноого көнө койбосун, анткени бул эл эркиндикти, теңдикти көбүрөөк талап кылган эл экендигин, ал эми азыркы Жогорку Кеңеш тилекке каршы президенттик админстрациянын юридикалык бөлүмүнө айланып калганын кошумчалаган.

Ушул эле гезит ГЭСтер, мектеп кылмышы тууралуу суроо менен үч кишиге кайрылды.

Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов:

-ГЭС деген стратегиялык объект. Мунун өкмөттүн карамагынан чыгарбай эле бюджеттик акчага курса болмок. Дүйнөдөгү бардык мамлекеттерде ГЭС, ТЭЦтер өкмөттүн колунда,-деп,

2-суроого: - Акаевдин убагында “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз” деп башка элдерди чогулта берип, азыр нукура кыргыз балдар бардык жерлерде кыйын акыбалда . ИИМ бул чатакты туура эмес көрсөтүп атат. Бул мындай болгон. Лебединовкадагы башка улуттун балдары ошол жердеги 30 пайыздай кыргыз балдарын уруп-сабап рэкеттик кылганда алар спорт мектептин балдарына келип жардам сураган. Маселе ошондон чыккан. Мунун артында чоң улуттук маселе бар,-деп,

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов:

-
Өзбекстан 15-октябрдан баштап Борбор Азиядагы бириккен энергосистемадан чыкканы турат. Казакстан да ушундай пикирде. Жылына 14 млрд. киловатка чейин өндүрүлгөн электр энергиябыз эч кимге керексиз болуп калганда ГЭСтерди куруунун зарылдыгы жок эле, андан көрө ТЭЦти курсак болмок,-деп,

2-суроого: -Окуу жайларындагы кылмыштуулукка таң калуунун кажети жок. Анткени бийлик башындагылар өздөрү коррупцияга жол берүүдө. Коррупция болгон жерде криминал да өсөт,-деп,

“Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев: - Бийлик экономикалык-стратегиялык объектилерди, кен байлыктарды элди багууга эмес, жеке адамдарды багуу үчүн сатууну алдына максат кылып койду. Мурунку парламент көп жылдан бери каршы туруп келген. Эмки парламент финансылык кызыкчылыктарга жол ачып берди,-деп,

2-суроого: -Жаштардын арасында криминализм өзүнчө бир идеологияга айланды. Коомчулук, ата-энелер жана күч органдары бирдиктүү аракет кылса, бул тез эле токтойт. Бирок токтотуунун эң негизги себеби - бүгүнкү бийликтин идеологиясы болуш керек,-деп жооп берди.

“Асман преss” гезити “Бир аял алгандын баары оппозиционер экен” деген кабар менен жаңы санын ачып, мурдагы депутат Мурат Жураев менен маек курган. Маектин аты “Мен өзүмдү “Ата Мекенден” көрө албайм” деп аталат. Камбар Ата 2 ГЭСи жөнүндө суроого жооп берген М. Жураев:

- Президент Камбар-Ата - 2ни өз күчүбүз менен бүтүрөбүз деп аны ынандырган адамдарды жоопко тартыш керек. Анткени президент ошолордун сөзүнө ишенип, “эл алдында өз күчүбүз менен бүтүрөбүз” деп көп жолу айтты. Ага туура эмес маалымат берилгендиктин кесепетинен бүгүнкү күндө жаманатты болуп жатат. Бирөөсүн жоопко тартса, башкаларга сабак болот эле,-деди.

Ушул эле гезит “Тогуз премьер-министр менен иштешкен Мурза Капаров эмнеден кайтыш болду?” деген ат менен маркумдун жубайы Майра эже менен аңгеме-дүкөн курган.

Ушул эле санда “Мектептердеги “разборкага” чекит коюлабы?” же 16 жаштагы Нурактын өлүмүнүн себептери тактала элек...” деген макала жарык көрүп, Таластын бир районунда мектеп окуучусунун өлүмүнө себеп болгон кайгылуу окуянын төркүн-төсүн талдоого алган.

“Учур” гезитинин кабарчысы Семетей Талас уулу бийликтин Болот Шерниязовго жасап жаткан куугунтугу тууралуу сурап, Өмүрбек Текебаевге кайрылганда ал, Шерниязов энергетика, алтын “Кумтөр” аферасы боюнча көмүскө иштердин ар бир деталына чейин терең билген инсан экендигин, ошон үчүн жайында коркутабыз деген ой менен үйүн өрттөөгө аракет кылышканын, шайлоо алдында жаңы түзулгөн “Кумтөр” аферасы тууралуу айтып чыкпасын деп артынан бандиттердин унаасы болгон “БМВ” менен кубалашканын, эми Шерниязовго “Көкбөрү” федерациясынын ишмердүүлүгү боюнча илмек салганга аркеттенип киришкенин, бул укуруктун максаты – бийликтин кен байлыктарды, ГЭСтерди четинен же дүңүнөн сатууга, арам кызыкчылыкка каршы чыккан Болоттой адамдарга кылмыш ишин козгоп, анын мисалында элди коркутуу болуп аткандыгын айтып чыкты.

Дагы бир кызыгы Болот Шерниязовго каршы арызды ИИМ министри М. Коңгантиевдин кол алдындагы кызматкер, көкбөрүгө эч кандай тиешеси жок полковник жазган имиш да, ошонун арызы менен кылмыш иши козголгон.

“Аалам” гезити ушу күндө уу-дуу болуп аткан Камбар Ата ГЭСинин айланасындагы маселеге журналист Жолдошбек Зарлыкбековдун макаласын арнады.

Журналист Күнболот Момоконовдун суроолоруна экономика илим доктору Айылчы Сарыбаев жооп берди.

Кыргызстандын рыногу толтура импорт болгондон кийин бизде эч кандай деле кризистин белгилери байкалбагандыгын, өлкөдө туризмдин деле чама-чаркы чактыгын, көл жээгине заңгыраган эс алчу жайларды канчалык курбайлы, эс алуу сезону эки айга гана созуларын, муну дүйнөдө “мертвый капитал” деп коюшарын, демек эч ким, акыл-эстүү бир дагы миллиардер өз акчасын бул өңдүү “мертвый капитал” кылып, көл жээгине сала койбостугун айтты экономика доктору.

ГЭС маселесин кеп кылган Айылчы Сарыбаев:


-Муну эч кандай чуулдатуунун кереги жок. Ал жерде эч кандай криминал жок. Менин оюма койсо Нарын суусуна 3-4 эмес, биртоп ГЭС курат элем. Бизде менчиктин бардык түрүнө уруксат берилген. Ошонун бир түрү ушул. А эмне үчүн бизде деле ГЭСти акционердик менчик аркылуу курууга болбосун? Болот. Тек гана ошол акционерлер Кыргызстандын мыйзмадары менен гана иштеш керек. А биз өзүбүз куралбай жатып, куруп берели десе чуулдап жатабыз,- деген оюн жар салды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG