Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:09

“Аппаратты кыскартуу жана башкаруу системасын өтө эле ийкемдүү кылуу жөнүндөгү чакырыктарга жамынган Курманбек Бакиев бийликти биротоло өз колуна топтоо аракетине өттү",-деп жазып чыкты өлкөдө жашап жаткан Эдил Байсалов "МК-Кыргызстан” гезитине.

“Кыргызгаздын” жетекчиси Саламат Айтикеев өткөн бейшембиден баштап газ бериле баштады деп айтканы менен Кыргызстандын түштүк аймагынын басымдуу бөлүгү дагы эле көгүлтүр отсуз отурат. Азырынча Майлуу-Суу электролампа заводуна гана газ толук өлчөмдө берилүүдө. Газ үчүн бир эле адам төлөбөй калса калган үйлөрдүн баары газсыз калууда. Ошол эле убакта газ жаккандардын 30 пайызы гана эл, калган 70 пайызы мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик мекемелер” деп кабарлады “Московский комсомолец Кыргызстана” гезити.

Гезит кечээ мамлекет башчысы башкаруу системасын реформалоонун негизги этаптарын белгилегенин, ушул эле күнү Игорь Чудиновдун өкмөтү отставкага кеткенин, бирок саясат иликтөөчүлөрдүн божомолдору боюнча министрлердин жарымынан көбү өз орундарында кала берерин маалымдоо менен буга карата чет өлкөдө жашап жаткан Эдил Байсаловдун түшүндүрмөсүн басты.

“Аппаратты кыскартуу жана башкаруу системасын өтө эле ийкемдүү кылуу жөнүндөгү чакырыктарга жамынган Курманбек Бакиев бийликти биротоло өз колуна топтоо аракетине өттү. Эми суперпрезиденттик республика тууралуу сөз кылуунун да зарылдыгы жок – биздин өлкө башкаруунун монархиялык жолоюна түштү. Азырынча толук монархиянын элементтерин камсыз кылуу үчүн ага бийликти мураска калтыруу механизмдери гана жетпей турат, бирок бул “кемчилик” башталган “реформанын” кийинки этаптарында жоюлмакчы” деп билдирди белгилүү саясатчы.

Эдил Байсалов андан ары жаңыдан түзүлгөн бийлик институттарына кенен токтолду жана аларды талдоого алды. “Жакынкы 2-3 жылга чейин бардык мамлекеттик органдар бир орундан экинчи бир орунга көчүп бармай, жаңы кадрларды дайындамай, кызмат бөлүштүрмөй, кабинеттерди жасалагаламай, эмеректер менен мекемелердин аты жаңыртылган такталарды илмей менен гана алек болушат” дейт ал. “Азыркы бийлик системасынын негизги баш оорусу – башкаруу схемасынын жана кызмат орундарын бөлүштүрүүнүн жарамсыздыгында эмес, тескерисинче бийликтеги жетекчилердин кесиптик деңгээлдери менен моралдык-этикалык нарк-насилдеринин өтө эле төмөндүгүндө, мамлекеттк кызматкерлердин ичинде ачыктан ачык эле жүргөн кылмышкерлер менен коррупционерлер бар. Ошентип бул реформа республиканын жыргылчылыгына пайда апкелеби же кезектеги эле аталыштарды алмаштырмай, кызматтарды дүңүнөн сатмай өнөктүгүнө айланабы, буга жооп берүү кыйын” деп айтты президенттин кечээ күнкү билдирүүсүнө түшүндүрмө берген саясатчы Эдил Байсалов.

“МК Кыргызстан” ошондой эле “чек ара” деген рубрика алдында окурмандарга эки макала сунуш кылды. Улугбек Бабакуловдун “Он жылдан кийин...” деп аталган макаласында коңшу Тажикстан тараптан өтүп келген белгисиз куралчандар менен кагылышуу болгону баяндалса, Сергей Кривошаповдун “Автоматчан көчмөндөр” аттуу макаласында Ооганстанда улам күч алып бараткан “Талибан” кыймылы Борбор Азиядагы туруктуулукту бузуу үчүн аркекттене баштаганы баяндалат. Орусиянын Ооганстандагы элчиси Замир Кобуловдун сөзү шилтемеге алынат. Кыргызстандын Түштүк аймагына Орусиянын дагы бир аскер базасын ачуу зарылдыгына басым жасалат. ЖККУнун баш катчысы Н. Бордюжанын: “Кыргызстандын аймагында Канттагы авиабазаны ичине камтыган бүтүндөй Орусиянын аскердик объекттеринин катарындагы бириккен аскер базасы түзүлөт” дегени мисалга тартылат.

“Кыргызстандын тышкы карызы улам азая берет деген үмүт акталган жок. Тескерисинче акырындап өсүп баратат. Бүгүн ал – 2,5 млрд. долларга жетти” деп макаласын баштаган “Аргументы и факты в Кыргызстане” жумалыгы мындан бир аз жылдар мурда Кыргызстан кабыл албай койгон ХИПИК программасын кайрадан эске салган.

ХИПИКке кирүү же кирбөө жөнүндө талаш болуп аткан ошол 2007-жылы тышкы карызыбыз 1 млрд. 56 млн. доллар болсо, бүгүн ал эки жарым миллиард долларды чапчып, өлкөнүн бүткүл дүң продукциясынын 40 пайызына чейин жеткенин белгилейт. ХИПИК программасын сунуш кылгандар ири алды менен гидроэнергетика жана тоокен өнөржайлары өзгөчө көзөмөлгө алынарын айтканын, энергетика жана алтын өндүрүүдөгү бардык уурдап-талоолорго жана коррупцияга бөгөт коюлуп, Кыргызстанды тышкы карыздан тезирээк кутултуу ал программанын негизги макасаты болгонун жазат.

Ошол эле убакта ушул программага ылайык Токтогул каскадындагы ГЭСтерди менчикке берүү каралбаганына, ошондуктан коррупцияны көзөмөлгө алуудан корккондор ХИПИК программасына каршы атайын бузуку маалыматтарды таратып турганына көңүлдөрдү бурат.

“Мына эми”- деп жазат аталган гезит: “ Камбар Ата ГЭСтери жөнүндөгү мыйзамдар кайра жазылды. Ошондо ХИПИКке каршы болгондор Кыргызстандын энергетикасы менчик колдорго өтүп кетет деп айгай салышты эле. Бүгүн эми эмне болду, карагылачы? Ата Мекендин энергетикасы бөлөк-бөтөн колдорго өткөн жокпу? Тышкы карызыбыз көбөйбөсө, азайдыбы? Мүмкүн бул жагдай Кыргызстандын дефольтко кирип бараткандыгынын белгиси болуп жүрбөсүн?” деп суроо койду.

Аталган жумалык: “Күч ыкмалары же Кыргызстанда кыйноо барбы?” деп аталган суроолуу макаласын Кыргызстанда кыйноолорго каршы кылмыш иштерин козгоо мыйзамда бар экенине, бирок мындай жаза менен ушул убакка чейин бир дагы адам жазаланбаганына арнаган. “Абактагыларды кыйнаган мисалдар барбы?” деп ИИМ башчысы, генерал М. Коңгантиевге кайрылганда ал мындай фактылар жок экендигин айткан. А бирок ошол эле убакта эл аралык уюмдар Чүй дубандык Ички иштер башкармалыгынын базасында “Ички иштер органдарындагы кыйноолорду жок кылуу” деген программа менен иштеп жатышпайбы. Эгер кыйноолор жок болсо, анда мындай программа менен иштөөнүн кандай зарылдыгы бар эле?” деп суроо койду.

Жумалык андан ары “Кылым шамы” адам укугун коргоо борборунун башчысы Азиза Абдрасулованын камалагандарды уруп-сабаган милийсалар өздөрүн эч кандай күнөөлүүмүн деп сезбегендиктерин, мындайларга кылмыш иштерин козгоо мыйзамы такыр эле иштебей калганын мисалга алып, дал ушундай кыйноонун айынан Акылбек Сакеев деген жаран көз жумганын далилге тарткан. Эске сала кетчү жагдай 48 жаштагы Акылбектин өлүмү үчүн алгач Нарын шаарынын 5 милийсасына кылмыш иштери козголгон. Уруп-сабалган адамдын 5 кабыргасы, башы талкаланып, мээсине кан куюлуп кеткен.

Бирок 2007-жылдын 28-январында Нарын шаардык прокуратура иликтөө иштерин токтотуп салып, укук коргоочулардын кийлигишүүсү менен гана иш кайрадан каралган. Анткен менен адам өлүмүнө себеп болгон милийсалар жеңил-желпи жазалар менен кутулуп кеткен. Ал эми ошол окуяга катышы бар Чыңгыз Керимкулов менен Таалайбек Чыпаев өңдүү милийсалар дагы эле кызмат орундарында иштеп келатышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG