Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:54

Сен реформага ишенесиңби?


Президент Курманбек Бакиев башкаруу системасы кандай реформаланаары тууралуу билдирүү жасоодо.Бишкек, Өкмөт үйү, 20-октябрь, 2009-жыл.
Президент Курманбек Бакиев башкаруу системасы кандай реформаланаары тууралуу билдирүү жасоодо.Бишкек, Өкмөт үйү, 20-октябрь, 2009-жыл.

Гезиттердин дээрлик бардыгы башкаруу системасын реформалоо тууралуу жазып чыгышты.

“Жаңырык апта” гезити Марат Султанов, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Садыр Жапаров дегендерден турган “бригада” жандана баштады деп, “акжолчу” сегиз депутат бийлик бутагына конгону канат күүлөп атат деп, жаңы өкмөт түзүлүп бүткөндөн кийин кезек Жогорку Кеңештин өзүнө келет, каникулду жакшы көргөн парламент биротоло каникулга тарайт, бирок шайлоо “схемасы” эбак чийилген, кайра эле “Ак жол” партиясы парламентке келет, беш депутаты менен коммунист И. Масалиев өтөт, бир өзгөрүү бар - Социал-демократтардын ордуна Т. Сариевдин “Ак шумкары” 20 орунду ээлейт, “акжолчулардын” көбү мадырабаштардан туруп: “мына жаштарды өстүрүп атабыз” добулбасы кагылат деп кабар таратты.

Ушул эле гезит:”Кыргыз ажосу реформа кылды. Сиздин пикириңиз?” деген суроо менен айрым жарандарга кайрылып, төмөнкүдөй жооп алды.

Коомдук ишмер Т. Үмөталиева: - Жеке мага бул иш-чара революцияга катышкандарды бийлик системасынан алыстатчудай туюлат.

ЖК депутаты Б. Төрөбаев:
- Президентибиз реформаны дал учурунда кылды.

“Ар-Намыс” партиясынын төрага орунбасары Э. Алиев: - Иш жүзүндө кандай болот көрө жатарбыз.

“Кыргыз туусу” гезитинин башредактору К. Молдокасымов: - Эң туура иш болду. Жакшы иштер башталды.

Коомдук ишмер Д. Сарыгулов: - Эл күткөн жыйынтык чыкпайт деле го? Сүйлөгөн сөзүнүн баары мамлекеттик тилде болбосо, кайдагы жыйынтык?

ЖК депутаты Д. Исаева:- Экономикалык өсүп-өнүгүүгө бет алат деп ойлойм.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү А. Шыкмаматов:- Данияр Үсөновдун өкмөт башына келиши Ак үйдөгү бири-бирин менен кармашкан топтун компромистик варианты. 1-топко Президенттик катчылык, УКМК, Тышкы иштер министрлиги, губернаторлор, көмүскө акча айланган өнүгүү фонду көзөмөлгө алынды.

2-топ өкмөттүн жетекчилигин алды. Бул топко “этин алып, сөөгүн ыргыткандай” кылып коюшту.

Экс-губернатор А. Артыков: - Жыйынтык чыгабы, чыкпайбы, ага анча ишене албайм.

“Аалам” гезити журналист Жолдошбек Зарлыкбековдун “Курч реформа. 40 пайыз кыркылар чиновниктер” аттуу башкаруу реформасынын кадр маселесин талдоого алган макаласын сунуш кылды. Ушул эле автордун дагы бир макаласы: “Күзүндө А. Акаев күчөдү. Талибандар да ...” деп аталат. Макала экс-президенттин “Московский комсомолец” гезитине берген маегинин котормосунан жана ага автордун корутунду пикиринен турат.

Ошондой эле бул санда чуу түшүп басылган спорт мектеби жөнүндө атын дүйнө тааныган спортчулардын өздөрүнун айткан-дегендерине орун берилген. Ошондой эле Эшимкановдун экраны, анын дурус жана буруш жактары сөзгө алынган.

“Айат пресс” гезити “Кыргыз журналистикасы – төкмө өнөрүнө айланды” деген ат менен “алым сабак” уюштуруп, ага “Улуттук “Кабар” агенттегинин деректири Нарын Айып, журналист Турат Акимов жана Президенттин катчылыгынын кызматкери, белгилүү журналист Султан Жумагулов катышып, азыркы журналистиканын абалын тадоого алышкан. Оппозиция жана маалымат каражаты жөнүндө сөз кылган журналисттер ага төмөнкүдөй ойлорун айтышкан.

Султан Жумагулов: - Ленин деле революция жасардан мурда эң биринчи гезит керек экенин түшүнүп, “Искраны” ачпады беле? Анан бизде колунда маалымат каражаты жок туруп, кайдагы оппозиция калыптанат?

Турат Акимов: - Наполеон учурунда: “Үч армиядан көрө үч гезит керек” деп айткан. Мына ушул эң жөнөкөй стратегияны түшүнбөгөндөн кийин оппозициядагылардан кайдагы саясый күрөштү күтүүгө болот?

Нарын Айып: - Бул – оппозициянын өзү жок деген кеп. Анткени оппозициянын туруктуу саясаты жок болгон үчүн маалымат каражаты жок дээр элем. Деги эле Кыргызстанда оппозиция жок деп айтса болот.

“Асман преss” гезити аркылуу башкаруу реформасына баа берген коомдук ишмер, генерал Мирослав Ниязов буларды айтты:

-Бул жерде үй-бүлөлүк башкаруу системасы болуп аткандан кийин эч кандай деле проблемалар чечилбейт. Биздин мамлекетте буга чейин кетирген кемчиликтердин баарын моюнга алып, аларды жойгон система курбаса, бул реформа баягы эле мышык-чычкан оюнун ойногон реформалардын бири катары, зыянынан башка пайдасы жок болуп, коррупция күчөп, эл менен бийликтин ортосунда чоң жарака кетет.

“Учур” гезити саясат иликтөөчү Орозбек Молдалиевдин ойлорун ортого салды. Структураларды оптимизациялоо, кайталоолорду кыскартуу, коррупцияга бөгөт коюу идеялары чынында жакшы жышаана деп белгилеген саясат иликтөөчү, анткен менен бийликтин тең салмагы бузулуп, бир беткей бекемдөө жүрүп жатканын, президент өкмөткө чарбалык иштер калды деп айтканы менен, азыр чарбалык иштер деле жоктугун, баары эле жеке менчик болуп кеткенин эстетти.

Орозбек Молдалиев реформаны жан-дили менен берилип, аны түшүнүп, баш-оту менен иштеген, жоопкерчилигин сезген кадрлар болсо эле анын ишке ашып кетерине ишенет.

Кабарчы андан: - Данияр Үсөновдун өкмөт башына келишине кандай ойдосуз?-деп сурады эле,

Орозбек Молдалиев: - “Кыргызстанды гүлдөтөбүз” деп телевизордон күпүлдөп сүйлөгөнүн баарыбыз көргөнбүз. Ушул убадалар тилекке каршы аткарылбай эле кала берди. Д. Үсөнов маршруткалардын баасын 8 сомго кымбаттатканы менен элдин эсинде калган. Анан ошол кишинин премьер-министр болушун эл:"кадрлар жаңыланат дегени ушулбу?" - деп түшүнбөй турган чагы,-деп жооп берди.

Буга улай жаңы өкмөт башчысы тууралуу төмөндөгү жарандар өз пикирлерин мындайча билдирди.

Коомдук ишмер Касым Исаев: - Биздин чиновниктердин 99 пайызы өз кызыкчылыгы үчүн иштээрин билебиз. Данияр Үсөнов ошолордун анабашысы. Жеткен өзүмчүл,-деп,

Саясат иликтөөчү Александр Князев: - Дасыккан авантюрист. Мыкты бизнесмен. Бирок бул кишинин премьер-министрлик орунга келиши саясый кырдаалды кыйла оорлотот,-деп,

Саясат иликтөөчү Марс Сариев: - Жеке мен өкмөт башына Нариман Түлеев келет деп ойлогом,-деп,

Саясатчы Мукар Чолпонбаев: - Мыкты ишкер. Мындай кишилер дайыма өз кызыкчылыгы үчүн күрөшөт. Өкмөттүн ишин 2-орунга жылдырып, биринчи өзүнүкүн бүтүрөт,- деп баалашты.
XS
SM
MD
LG