Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:58

Максим Бакиевдин Инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин башчысы болуп дайындалышы гезиттердин башкы темасы катары кызуу талкууга алынууда.

“Назар” гезитиндеги “Күтүлүп-күтүлбөгөн дайындоолор” деген макаласы аркылуу журналист Үсөн Касыбеков Акүйдүн акыркы кадрдык дайындоолорун иликтөөгө алды. Автор мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдын 11-статьясындагы: “мамлекеттик жогорку кызматтагы адам өзүнө түздөн-түз баш ийген ишке жакын туугандарын (ата-энесин, аялын же күйөөсүн, бир туугандарын, эже-карындаштарын жана балдарын) алууга чектөө коюлат” деп жазылган жобонун бузулганына, жаңы түзүлгөн президенттик институттун ичиндеги параллель бюджети бар параллель өкмөттүн башчысы кылып өзүнүн кенже баласын дайындашы бийликтин коомдук пикир менен эсептешпей калганын билдирерине көңүлдөрдү бурду.

Орусиялык “Время новостей!” басылмасынын баяндамачысы Аркадий Дубнов өз учурунда президенттик институттагы агенттиктин башчылык кызматы “Максим Бакиев үчүн атайын түзүлгөн” деп жазган эле. Эми келечекте Кыргызстандагы бийликтин атадан балага мурас катары өтүшүн жеңилдетүүнү көздөйт. Аркадий Дубновдун айтканы азыр 100 пайыз чын чыкты” деп кеп кылды.

Ушул эле гезит “БЭК чарчадыбы?” деген макала басты. “Бир сөз менен айтканда оппозиция саясый жүрүштөгү эң акыркы аялдамасына келип жеткендей. Ошентип бир кездеги Аскар Акаевдин ашкере жумшактыгынан пайда болгон кыргыз оппозициясы толук жеңилүүгө учурап, “демократия аралчасы” деп аталган өлкөдө анын акыркы “ырлары” ырдалып бүтүп баратат” деп баа берди журналист Кенжебек Арыкбаев.

“Кыргыз туусу” гезити 85 жылдык тоюн Токтогул атындагы улуттук филармонияда өткөрөрүн, андыктан ырдайм деген ырчыларды, куттуктайм деген санаалаштарды 6-ноябрь күнү саат 10дон баштап редакциядан күтүп аларын кабарлады.

“Агенттиктин максаты - өлкөнү өнүктүрүү” деп аталган макаланын автору Мырзакат Тыналиев, кечээ күнкү өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин жетекчилиги өткөргөн басма сөз жыйынын толугу менен баяндап берген.

“Маданиятка көңүл бөлбөгөн мамлекеттин келечеги болбойт. Биз президенттик Жаңылануу багытынын алкагында күчтүү маданий саясый маданиятты ишке ашыруу боюнча иштиктүү кадамадарды жасай баштадык” деп маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү менен куттуктаган президент К. Бакиевдин сөзүн макалага баштемага айлантуу менен шилтеме кылган макалада композитор Каныкей Эралиевага, ырчы Юрий Бобоковго, улуттук консерваториянын доценти Роза Амановага “Кыргыз Республикасынын эл артисти” деген ардак наам берилгени маалымдалган.

Андан ары маданият агенттигинин башчысы Султан Раевдин министрликтин агенттикке айланып калышы маданият иштерине жасалуучу мүмкүнчүлүктөрдү чектебей тургандыгын, тескерисинче кайра жакшы шарттар түзүлөрүн, маданият кызматкерлеринин штаты 30 пайызга кыскартыларын айтканы мисалга алынган.

Бактыбек Максүтовдун макаласы “Т. Усубалиевдин “Манас” эпосуна камкордугу” деген ат менен жарык көрдү.

Ушул эле санда Сексенбай Турдукожоев аттуу автордун макаласы “Чаар атчан Чаа бий же “Хан Тейиш” тарыхый романына экскурс” деп аталып, анда Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамовдун жаңы романы туурасында ортого салган ойлорунун биринчи бөлүгү окурмандарга тартууланды.

Буга удаа эле эл акыны Эрнист Турсуновдун “Драматург болбосо – ал Тойбаев болбой калмак” деп аталган макаласы басылып чыкты. Анда Кыргыз эл жазуучусу Мырзабек Тойбаевдин драматургиядагы жемиштүү иштегени баяндалат.

“Эл сөзү” гезитиндеги баш макаласында Рыскелди Момбеков “Эки анжы болуп келген элибиз, эми бийликтин “эки тизгин, бир чылбыры” бир эле Бакиевге эмес, бүт Бакиевдерге таандык экенин талаш албай калат. Үсөновго үмүт артпайт. Тагаевге талап койбойт. Бардык бийлик Бакиевдерге өткөнүн көргөндөн кийин, башканы айтып баш оорутушпайт. Ажобуздун бир дагы үгүт жарнагында “Курманбек Салиевич Бакиев” деп жазылган эмес. Баарысында эле “Бакиев накта президент”, “Албетте Бакиев” деп жазылып, кайсы Бакиевди тандаарыбызды табышмактатып коюшкан. Мына ошол табышмактын жандырмагына күбө болуп олтурабыз” деп белгилеп, “андыктан мамлекеттик маанилүү кызматка барган Максим Бакиевди сындагандан көрө тыңдай туралы, күтө туралы, алты айдан кийин деле сындасак жетишебиз. Эгер аман турсак, 6 ай аралыгында ата-баланын аракети дайын болот. Максим кандай иштесе да мындан кийин калк көзүндө, эл сөзүндө болот. Жакшы иштесе атасына аброй алып келет, келечегине же мураскерликке жолу ачылат, жаман иштесе жолу жабылат” деп баа берди.

“Кыргыз улутунун рухуна кол салынды!” деп аталган Алмазбек Темирбек уулунун макаласында ”Каркыраны казактарга тарттырып жибергенде Болот Шерниязов казактар Каркыраны эмес, тарыхыбызды тартып алганын айтып каңырыгын түтөттү эле. Эми болсо кытайлар “Манас” эпосубузду тартып алса да мыкты чыкма төбөлдөрүбүз ооз ачканга жарай элек, Садык Шер-Нияздан бөлөк кыргыздын бир да мырзасы “Манасты” коргоп чыкканга далалат жасабады” деп кейиди. Буга улай эле “Манас” эпосунун Кытай мамлекетинин атынан ЮНЕСКОнун тизмесине кириши сизди ойлондурабы?” деген суроого жооп берген сегиз жарандын ой-пикири да жарыяланды.

БЭКтин штаб башчысы А. Бекназаровдун маеги “Үзөңгү-Кууш менен атым чыкканына уялбайм, сыймыктанам” деп аталат. Анда Аксы окуясы жана ошол окуяга катышы бар Ч. Абышкаев, А. Карыпкулов, З. Кудайбергенов, О. Ибраимов ж.б. тууралуу кенен кеп болот.

“Көк асаба” гезити маданияттын абалын сурап айрым маданий ишмерлерге кайрылды.

Композитор Атайбек Бөдөшов:- Азыр классикага көңүл бурулбайт, кызыкчылык, стимул жок,-деп,

“Саамал” этнографиялык-фольклордук ансамблдин жетекчиси Асылбек Насирдинов: - Маданият агенттигинде маданиятка эч кандай тиешеси жок, “чоор” дегенди “жоор” деп түшүнгөн, кокусунан келип калгандар көп. Дегеле бул агенттикти жоюп салса деле андан искусство жок болуп кетпейт, анткени анын маданиятка эч кандай пайдасы жок,-деп,

Куудул Жамбыл Камчиев: - Союз жаңы тараганда Кыргызстанда 960 маданият үйү бар эле, бузулуп, таланып, дүкөн, мечит болуп олтуруп, азыр 640ы эле калыптыр. Эми маданият агенттиги менен дин агенттигин бириктирип койсо болчудай, түшкө чейин ыр-бий уюштуруп, түштөн кийин мечит кылып коюш керек, -деп,

“Тунгуч” жаштар театрынын жетекчиси Асылбек Өзүбеков: -Илгеркидей күркүрөгөн спектаклдер, премьералар жок. Эптеп-септеп өз арбайыбызды согуп келатабыз,-деп,

Эмгек сиңирген артист Шайыр Касымалиева: - Башка өлкөлөргө караганда бизде маданиятка көңүл бурулган жок,-деп,

Жазуучу Асыкбек Оморов: - Илгери Чыңгызхан жана анын урпактары, улуу Темирлан басып алган жеринен биринчи кезекте таланттуу адамдарды: акын-жазуучуларды, тарыхчыларды, ырчы-бийчилерди, сүрөтчүлөрдү, усталар менен курулушчуларды өлтүртпөй, империялардын борборуна үйбүлөлөрү менен көчүртүп келип, үстүнө үй, астына аш берип, айлыктарын 2-3 эселеп көбөйтүрүп турган,-деп,

Драматург Бурул Калчабаева: -Маданият жок эл, эл болуудан калат,-деп,

Акын Гүлжамила Шакирова: -

Боз түшүп Ата Журттун асманында,
Боз булут неге айланып кетпей турат.
Кыйналган дараметке акыл кошоор,
Кыргызга кыргыз дээр жетпей турат.

Чыркырап, бакыт күтүп бул жашоодон,
Чырагы кембагалдын өчпөй турат.
Байлыгын бүт элге тең үлөштүрөр,
Чыныгы кыргыз ханы жетпей турат,-
деген ыр саптары менен жооп берди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG