Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Деген экен...


Бүгүнкү гезит баяныбыз орус тилдүү эки гезиттен болмокчу.

“Московский комсомолец Кыргызстан” жумалыгы адаттагыдай эле жаңы санын Агеева Еленанын президентке жазган каты менен баштады.

“Эсиңизде бар болсо керек жолдош президент, бир ирет сиз: “Бизде кандай министр алмашпасын, аппаратындагы кызмат орундарына өзүнүн жердештерин сүйрөп келе берет” деген элеңиз. Ооба, биздин мамлекет башчыбыз да ошондой, президент кандай алмашпасын, өз алдындагы кызмат орундарына өз үйбүлөсүн сүйрөп келе берет. Анысын Курманбек Салиевич “өлкөдөгү жаратылыш жана адам ресурстарын баалоо” катары мүнөздөйт. Биздеги президенттиктин нарк-насили ушундай: биринчиден, президенттик эки мөөнөттү болушунча пайда көрүп калгандай пайдалануу, экинчиден, мураскер боло турган адамды өз маалында тандап алуу, үчүнчүдөн, ар кандай төңкөрүш-мөңкөрүш дегенден алыс болуп, буга чейин жыйып-терип алгандарды бөөдө чачып албай, бийликти татынакай кылып өткөрүп берүү. Болгону Башмыйзамга: “шайланган президент өлкө башкаргандан өзү тажамайын аны алмаштырууга жол берилбейт жана кийинки боло турган президент мурунку президент аркылуу тандалып алынат” деп гана түзөтүү киргизип коюу абзел. Баса, саясат илиминин доктору Жолборс Жоробеков жазмакчы, жолдош президент, сиз ашкере чапчаң, аябай күчтүү жана чечкиндүү президентсиз, анткени өлкө жашоосунун өзөгү болгон стратегиялык негизги тармактын жүгүн өз уулуңузга ишенип тапшыруу менен өлкөнүн бүтүндөй жоопкерчилигин өз мойнуңузга алдыңыз” деп жазды.

Ушул эле “МК Кыргызстан” басылмасы айрым жарандарга кайрылып:

-Ысык-Көл менен Арстанбапты, Саймалуу-Таш менен Бурананы патенттеп алыш керек деп айткан депутат Б. Абдырасаковдун сунушун кандай кабыл алдыңыз?-деп суроо салды.

Президенттин катчылыгынын кызматкери Илим Карыпбеков: - Ансыз да аталган жерлер Кыргызстандын аймагында тургандан кийин аларды патенттөөнүн зарылдыгы жок деп ойлойм,-деп,

“Фергана. Ру” веб-сайтынын башкы редактору Даниил Кислов: -Кимдер эле аны көтөрө качып кетмек эле? Же бирөөлөр бозүй жасаганды үйрөнүп алып, кардарлар кыргыздар жасаган бозүйдү сатып албай калмак беле? Балким мындай бозүй казактарда да бар экени депутаттын ичин күйгүзүп аткан чыгаар. Анын мындай сунушунун суу кечер жагын байкаган жокмун,-деп,

Юридикалык компаниянын башчысы Олег Панкратов: - Ысык-Көлдү кантип патенттөөгө болсун, түшүнө албайт экемин... Ал эми кийим-кечелерди патенттесе болот,-деп,

Журналист Алмаз Калет: - Мен каршы эмесмин. “Манаска” кытайлар көз арткан сыяктуу болбосо экен деп ойлойм. Ошондуктан улутту улут кылып турган нерселерге өтө этият мамиле кылышыбыз зарыл
,-деп,

Жеке ишкер Аделаида Радова: - Мээ менен кол жеткен жердин баарын патенттесе болот. Мен кыргыз элин жакшы көрөм, бирок Ысык-Көл менен Арстанбапты бул эл өз колу менен жаратканга ишенбейм,-деп,

Блоггер Бектур Искандер: - Менин оюмча өзбектер ээлеп кетпес үчүн мантуу менен самсыны, бозо менен палоону, казактар ээлеп кетпес үчүн “Ө” тамгасын, электр жарыгынын өчүрүлүп жатканын, Ош базарын, баса унута электе айта кетейин Санта Клаусту, анан тезекти тезирээк патенттеп алышыбыз керек,-деп жооп берди.

Гезит андан ары ушул санынан тартып электрэнергияны жаккандыгы үчүн карызын төлөбөй жүргөн Бишкек тургундары менен мекеме-ишканалардын аты-жөнүн, дарегин жарыялап турууну чечкенин маалымдап, шаардагы 1-Май районундагы карызга капталынан баткандардын алгачкы тизмесин шардана кылды.

“Келечекти болжогондор 2025-жылы Бишкектеги эл дагы 1 жарым миллион адамга арбый турганын айтып жатышат” деп кабарлаган “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити, ал жылдары ар бир адамдын керектөөсү азыркы кездегидей 8 чарчы метр турак жай аянтынан 20 чарчы метр турак жай аянтына чейин өсөрүн, автомобилдердин саны 16 жылдан кийин 2 жарым эсеге көбөйөрүн, бирок Бишкекте калктын санынын өсүшүнүн кесепетинен өзгөчө электрэнергиясы менен тамка-ашка болгон каатчылык катуу сезилерин кулак кагыш кылды.

Ушул эле жумалык жаңы санына “Хизб ут-Тахрирдин” камчысы менен пряниги же эмне үчүн жетим балдарга караганда диний экстремисттерди коргогондор көп?” деген макала басты. Адатта “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик партиясы эң эле кубаттуу финансылык колдоого ээ, бирок ага бул акча кайдан келип түшүп аткандыгы ушу кезге чейин эч кимге белгисиз. Алтургай анын жытын атайын кызмат өзү да билбейт. Талдоочулардын айтуусунда бул процесс эгер ушул калыбынан жазбай жүрүп олтурса Фергана өрөөнү бүтүндөй халифатка айланат да, Кыргызстан жер шарынын картасынан мамлекет катары жашоосун биротоло токтотот. Диний экстремизм жана диний фанатизм маселеси жыл сайын күн тартибине коюлганы менен күпүлдөп сүйлөп алып, тарап кеткенден ары ашпай жатат.

Гезиттин жазганына караганда депутаттардын ою боюнча аталган партиядагы адамдарды диний ишеними үчүн эмес, укук бузгандыгы үчүн жазалаш керек.

Депутат Алишер Сабировдун оюнча мамлекет имамдарды өз тарабына тартмайын диний экстремисттердин саны өскөндөн өсө берет. Аларга күч менен күрөшүү дүйнөдө өзүн актабай турган практика катары көрсөттү.

Адистердин пикиринде буга дейре “Хизб ут-Тахрирдин” тараткан баракчаларында негизинен Өзбекстандын бийлиги менен күч органдарына каршы чакырыктар жазылса, азыр алар андай чакырыктарды Кыргызстандын бийлиги менен күч органдарына каршы багыттаганга өтүшкөн.

Анткен менен атайын кызматтын талдоочулары өлкөдөгү диний абалды алдын ала болжоп айта алышпайт. Ошону менен бирге эле атайын кызамт экстремисттик адабияттар менен курал-жарактар кайсыл каналдар аркылуу келип атканына бөгөт койгонго да алсыз.

“Аргументы и факты в Кыргызстане” жумалыгы аталган макаласын жыйынтыктап жатып ыйык Меккедеги “Уммул Кура” университетинин дин окуулары боюнча доктору Мухаммад Саид шейхтин сөзүн мисалга тарткан. Шейх:

-Араб өлкөлөрүндө “Хизб ут-Тахрир” кыймылы эч кандай динге тиешеси жок, саясый партия болуп эсептелет. Анын чакырыктары ислам менен кайнаса каны кошулбайт. Мен республикадагы өлкөнү өз жолунан адаштырып, түзүлүштү күч менен өзгөртүүнү каалаган экстремисттерге айтар элем, биз өз ишенимибизди күч же зордук-зомбулук жолу менен эмес, мыкты жүрүш-турушубуз жана нравалык тазалыгыбыз аркылуу жайылтуубуз керек. Ислам дини экстремизм менен террорчулукту таптакыр тааныбайт. Кимде ким динди экстремисттик багытта пайдаланса, ал исламдын душманы,-деп айтты.
XS
SM
MD
LG