Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

Гезиттер кесиптештерин кесиптик майрамы менен куттукташты жана...

“Жаңырык апта” гезити Швециядан кайтып келген “Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев менен чакан маек курду. 25 жылдан бери оппозицияда жүргөн саясатчы Швециянын социал-демократтарынын парламенттеги өкүлдөрү Кыргызстанга келип, өлкөдөгү кырдаал менен жеринде таанышып кетмекчи болушканын билдирүү менен Бакиевдин реформасы мыйзамсыз жүргүзүлгөнүн, коррупцияга мурдагыдан да кенен жол ачылганын, Максимдин кызматка дайындалышы бул жөн гана башталышы экенин, бүгүн жакшылап ойлонбосо эртең кеч болуп каларын каңкуулады.

Академик Омарбай Нарбековдун журналист Алым Токтомушев менен маеги бул санда да уланды. Кыргызстандын экономикасындагы еврей таасирин кеп кылып келаткан академик: “А. Белоконь Б. Березовскийдин айныбас өнөктөшү экендиги дүйнөгө маалым. Ошол эле учурда А. Белоконь менен Максим Бакиев бизнес жаатынан ысык ымалада экендиги расмий аныкталган. Атургай А. Белокондун бизнесине Максим Бакиев атасы президент болгон соң эч мамлекетте катталбаган, эч жерде салык төлөнбөгөн 24 млн. доллар кошкондугун парламент талкуулаган” деген фактыны дагы бир жолу шардана кылды.

Макалада ошондой эле жакында пайда болгон “MGN Group компаниясынын вице-президенти Максим Бакиевдин курсташ таежеси Юлия Масенкова дешет” деген Омарбай Нарбеков, советтик еврейлердин айрымдарынын аты-жөнүн атап олтуруп, президент К. Бакиевдин катчылыгында иштеген Оксана Малеваная, Максим Канагер, Сергей Масаулов тууралуу баяндап берген.

Маек уландысын кийинки санга калтыруу менен аяктаган.

“Назар” гезити бүтүндөй журналисттер жамаатын эртеңки кесиптик майрамын куттуктоо менен жаңы санын ачты.

Бул тилекке биз да кошулуп, “Азаттык” үналгысынын атынан Кыргызстандагы бардык калемдештерибизди басма сөз күнү менен куттуктап, баарына бекем ден соолук, чыгармачылык чынчылдык каалап кетмекчибиз.

Гезит андан ары журналист Үсөн Касыбековдун “Сөз эркиндиги шири теридей” деп аталган макаласын сунуш кылды. Автор Кыргызстанда журналисттер эки тарапка бөлүнүп кеткени факт экенин, бири бийликтин, т.а. президенттин кызматын кылган, кыдыңдаган күнкор журналисттер болсо, экинчи тарабы “Акүйгө” кызмат кылууга моралдык даярдыгым жок дегендерден турарын белгилеген.

Эркин журналист Жолдошбек Токоевдин “Тарыхты тапанча менен атпагыла же “урдум ушул демократияңды!” деген макаласында 70 жыл бою кан менен, тер менен тапкан улуттун мүлкүн арам тамактар кантип ач карышкырдай талап жок кылгандыгы жөнүндө сөз болот.

Акүйдүн кадрдык жүрүштөрү “Кыргыз руху” гезитинин бүгүнкү санындагы Азизбек Келдибековдун “Биринчи кадамдар, биринчи адамдар” аттуу макаласында талдоого алынат.

“Реформа ушулбу!” деген рубрика алдындагы жарыяланган макала “Болсоң – ректор бол!” деп аталып, анда Ош мамлекеттик университетинин ректору М. Орозбековдун айланасындагы ызы-чуу, 30 гектар жерди ээлеп алганы, Ош шаарына килейген ресторан салганы, окуткан студенттеринин арманы тууралуу баяндалган.

Билим берүү тармагын сөз кылган ЖК депутаты Жангороз Каныметовдун интервьюсу да ушул санда.

“Кыргыз туусу” -85 жашта”. Гезиттин башкы редактору Кыяс Молдокасымовдун “Бардыгынан сөз улуу” деген макаласы менен жаңы санын ачкан гезит, ал Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы менен сыйланганын, 85 жылдык тарых жөнүндө даректүү фильм тартылып, ал ЭлТР телеканалы аркылуу көрсөтүлгөнүн белгилеп, окурмандардын куттуктоолорун баскан.

Гезит ошону менен бирге эле “Биздин редакторлор” деген рубрика алдында гезиттин биринчи редактору Осмонкул Алиевден тартып, бардык 26 редакторлордун сүрөттөрүн жарыялап, көзү өткөндөрүн эскерип, көзү тирүүлөрдүн айрымдарына сөз берген.

Кыргызстандын төл башы гезиттеринин аксакалы болгон “Кыргыз туусу” гезитинин эмгек жамаатын биз дагы 85 жылдык үлкөн тою менен кызуу куттуктайбыз!

“Агым” гезити негизинен Максим Бакиев тууралуу сөз кылган журналист Келдибек Назировдун “Карабы, акпы, мышык чычкан алса болбодубу” деген макаласын жарыялады.

“Ошентип президент өз уулу менен анын үч орунбасарлары А. Дикамбаев, У. Ташбаев, А. Елисеевге ишеним артты. Муну менен ал Кыргызстандын жана кыргыз элинин алдында чоң жоопкерчиликти мойнуна алды. Эми коомчулук Максим Бакиевдин эмне кылып атканын күн сайын көрүп турат” деп жазып, “президенттин уулунун Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин башчылыгына дайындалышына кандай карайсыз?” деген суроо менен айрым атуулдарга собол салды.

Экономист А. Сарыбаев: - Кимди кайсы кызматка коерун өлкө башчысы өзү чечт. Ага кийлигишүүгө эч кимдин акысы жок. Президент уулунун акылына, жөндөмүнө карап ушу кызматка дайындагандыр. Бул жигитке баа берүү азыр эртелик кылат.

Коомдук ишмер А. Муралиев: -Эскилердин ордун жаш, жаңы кадрлар ээлеши талапка ылайык. Атасы ушундай тобокелге барып аткан соң, аны эл алдында уят кылбаш үчүн жанталаша иштесе керек.

Ишкер Турусбек Мамашев:- Максим Бакиев Кыргызстандагы саналуу менеджерлердин бири, эларалык деңгээлдеги чоң бизнесмендердин катарында. Айтты-айтпады дээрсиңер, жарым же бир жыл ичинде өлкөбүздө чоң өзгөрүүлөр болот.

Мамлекеттик интеллектуалдук менчик кызматынын жетекчиси Улан Мелисбек: -Революцияны жүзөгө ашырууда Максим Бакиевдин түздөн түз тиешеси бар. Ушул фактынын өзү эле анын чечкиндүүлүгүн, кайраттуулугун айгинелеп турат. Ага окшогон жаш кадралар бийликке келсе өлкө ирденет.

“Эл сөзү” гезитинин башкы редактору Рыскелди Момбеков: - Курманбек Бакиев уулун ушул кызматка дайындоо менен ушактарга чекит коюп, тобокелчиликке барды. Президенттин мындай кадамын туура баалайм жана колдойм.

“Эл сөзү” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Болору болмок, болду...” деген макаласын сунуш кылды. Анда кадрдык жаңы дайындоолор, Данияр Үсөнов, айрыкча Максим Бакиевдин айланасында кеп козголгон. Б. Аракеев:” Угушубузга караганда Максим кыргыз салт-санаасын мындай кой, кирди-чыкты турмуштан кабары аз. Экинчиден, ал кыргыз улутуна караганда орус менен жүүт улутуна жакшы ыкташкан, ыңгайлашкан деп жүрүшөт” деп жазды.

Алмазбек Темир уулунун Кыргыз журналистикасына эмгек сиңирген ишмер, БГУнун профессору Тилектеш Ишемкулов менен маеги “Басма сөз кечээ жана бүгүн” деп аталат. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын аткарчу кызматы, анын коомдогу орду, бүгүнү менен эртеңи тууралуу кеп кылган профессор кыргыз журналистикасын талдоого алган.

Ал өкмөттүк, президенттик көз караштагы гезиттерге: “Кыргыз туусу”, “Эркин тоо”, “Слово Кыргызстан”, “Ак жол”, “Кутбилим” гезиттерин кошот. Кийинки учурда бул “өйүзгө” “Вечерний Бишкек”, “Агым”, “Ордо” гезиттери да өтүп кетти деп эсептейт. Андан ары Т. Ишемкулов “А” тамгасынан башталган “Айат пресс”, “Айгай”, “Апта”, “Асман” гезиттерин санап, булардын көпчүлүгүндө бирин-бири кайталоо көп учурарын белгилеп, оппозициялык маанайдагы гезиттерге “Эл сөзү” менен “Учурду” кошокон.

Тажрыйбалуу профессор журналисттин үч маселеси: 1-журналисттин укугу, 2-милдети, 3-жоопкерчилиги барын, ушуну унутпоо керектигин эскертет.

Гезит аягында ардагер журналистти басма сөз майрамы менен удаа келген 70 жылдык мааркеси менен куттуктаган.

“Азаттыктын” чыгармачыл жамааты да “Азаттык” үналгысынын эксперти жана күйөрманы, угарманы катары Тилектеш агабызды 70 жылдык торколуу тою менен куттуктап, өзүнө жана үйбүлөсүнө бакубат жашоо, бакыт-таалай каалайбыз!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG