Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:37

“МК-Кыргызстан” гезити жаңы санын адаттагыдай эле Агеева Еленанын президентке жазган каты менен ачты. “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити өкмөт колунан кокон келбеген статчынын ролун аткарып калганын жазды.


Журналист минтип жазат: “Курманбек Салиевич, сиз Кыргызстанда эч кандай эки жүздүү басма сөз каражаты жок деп айттыңыз. Журналисттерди басма сөз күнү менен куттуктап атып, аларды кесиптик чеберчиликке, чынчыл, калыс болууга жана кемчиликтерге келишкис мамиле жасоого чакырдыңыз. Мен да ушулар жөнүндө айтсамбы деп турам.

Журналисттик кесип деген – бийликте олтуруп алып кара жанын жеп калп айткандарга, өлүмүш болуп алып өтүрүк айткандарга, келесоо болумуш болуп алып элдин кешигин кедейтип аткандарга каршы күн сайын, саат сайын күрөшүү болуп саналат. Адамдын кайгы-муңун, азап-тозогун журналист өз жон териси аркылуу өткөрүп, балдар үйүндөгү ачка балдардын же жашоонун жыргалын көрбөй өтүп бараткан кары-картаңдардын кайгысы тууралуу жазат, алар менен кошо кайгырат.

Өкмөт өлкөдөгү ушундай бактысыз адамдарга колун сунса экен, жардам берсе экен деп жазат. Тилекке каршы, журналисттин жазганы жазган бойдон кала берет. Анын карылар үчүн кайгырганынан же өлкөдөгү мыйзамсыздык менен “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген зөөкүрлүккө каршы күрөшүнөн пок да чыкпайт.

Андан көрө президенттин кантип бак тигип атканын же өлкөнүн болуп көрбөгөндөй эгин жыйнап алганын жазсаң алеки заматта чынчыл, калыс болуп чыга келесиң, индиянын кинолоруна окшоп. Качан болсо эле карарган деңиз менен, агарган толкунду жаза бербей, сулуулар менен улууларды, ак жүрөктөр менен алпейимдерди, жиндилерди эмес жигердүүлөрдү жазбайсыңбы дешет.

Журналисттерге, тагыраак айтканда УТРКнын берүүлөрүнө эмне үчүн эл ишенбейт? Анткени ал телеканал эч качан журналисттердин өз көз караштарын чагылдырбайт жана чагылдырган эмес. Ал телеканал сиздин көз карашыңызды же сиздин министрлериңиздин, сиздин депутаттарыңыздын, сиздин секретариатыңыздын көз карашын чагылдырат.

Сиздер баарыңыздар мына ошол эки жүздүү журналистиканын ээсисиздер. Бул деген айыптоо эмес, бул деген факт. Анан да мына ушунтип кара жанын жеп, калп айткан журналисттерди жакшы көргөн, ошондойлорду сылап-сыйпап, сыйлап турган сиздин чиновниктер да ошол эки жүздүү журналисттерден ашып түшпөсө, кем түшпөй тургандыгын айта кетер элем.”

“Мамлекетти башкаруу реформасы аягына чыкты. Үстөлдөрүн карап үрпөйүп аткан аткаминер азаматтардын баарынын көңүлү бир жаңсыл болду” деп белгилеген “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити, эми министрлер менен премьер-министрдин өзүн кошуп алган күндө да бүтүндөй өкмөттүн өзү баш болуп колунан кокон келбеген статчынын ролун аткарып калганын, эми ал канчалык деңгээлде өзүн актаарын мезгил көрсөтөрүн жазды.

Ошентип азыркы өкмөт чарбалык милдетинен эле кол жууп тим болбостон өзүнө караган өкмөттүк гезиттерден да кол жууду. Азыркы күндө мамлекеттин бардык акцияларынын жападан жалгыз ээси жана кожоюну Кыргызстанды өнүктүрүү фонду болуп калды. Бул фонд өкмөткө баш ийбейт. Фонддун кожоюну өкмөт эмес, кожоюну Борбордук агенттик дегендин деректири жана анын орунбасарлары. Ал эми фонддун активине чет өлкөлүк эки компания ээлик кылат. Карапайым калктын башын катырып жаткан нерсе дал ушунун өзүндө жатат.

Ырас эле өлкөнү өнүктүрүү фонду Кыргызстандыкы болуп туруп, эмне үчүн аны чет өлкөлүк фирмалардын башчылары башкарышы керек, мунун кандай зарылдыгы бар эле деген суроо туулбай койбойт. Бирок жооп жок” деп белгиледи “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезит жаңы санындагы “Өкмөтү жок өлкө эми эмне болот?” деген макаласында.

Ушул эле гезит совет доорунда өзүбүз өндүргөн 300 миң тонна нефти Кыргызстандын керектөөсүнүн жарымын жаап, үч, үч жарым миллион тоннадан ашуун көмүр казылып алынып, аныбыз бүтүндөй Кыргызстанды камсыз кылып эле тим болбостон, жарымы экспорттолуп турганын да сөз кылды.

“Өзүбүздүн көмүр өнөр жайын өнүктүрүүгө ташып алуу чыгымдарынын өскөндүгү менен үйлөрдү көмүр менен эмес, электр кубаты менен жылытууга өтүү тоскоолдук кылууда” дейт Жаратылыш ресурстар министрлигинин башкарма начальниги Леонид Оселедко. Анын айтымында көмүрдүн 70-80 пайыз бекер кору туруп өлкө Казакстандын кымбат көмүрүн сатып алуусун токтотпой келе жатат.

Аталган басылма ошону менен бирге эле ушул жылдын башында башталган кыргыз-орус алакасы муздап баратканына токтолуп, Орусия Кыргызстандын бюджетине кайтарымсыз 150 миллиондон тышкары 40 жылдын ичинде төлөп кутула турган 300 миллион жеңил кредит бергенин эске салды жана кыргыз тарап алган карызы үчүн Орусияга берген убадаларын аткара электигин каңкуулады.


XS
SM
MD
LG