Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:25

“Элге убал болду, кош эзүүдө калгандай болуп калды",-деп жазып чыкты "Эл сөзү" гезити. “Кыргыз туусу” гезити жаңы жылдан баштап электр энергиясына, жылуулук менен ысык сууга болгон бааларды кымбаттатуу боюнча өкмөт кабыл алган чечимди чечмелеп баяндады.

“Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири Сүймөнкул Чокморовдун 70 жылдыгы ойдогудай деңгээлде эскерилген жок, биз кыргыздар адамды баалаганды унуттук, майда-чүйдө аш-тойлор менен мааракелерден башыбызды көтөрө албай жер чукуп калдык, Сүймөнкулдай таланттын кадырына жетүү үчүн дүйнөлүк деңгээл, ошондой акыл-эс керек эле” деп кейиш менен кеп кылган “Кыргыз руху” гезити журналист Айзада Абазованын “Карынын батасын, жаштын колдоосун...” деген макаласын сунуш кылды.

Автор орус президенти В. Путинди мисалга тартуу менен Кыргызстандын бийлик саясатын талдоого алат. Акаевди Акаев, Бакиевди Бакиев кылган оппозиция, анын ичинен Өмүрбек Текебаев болду окшойт деген ойду айтат. “Учурда президент 2-мөөнөтүн өтөп жатат, андыктан Бакиев түбөлүкбашы болгонун эмес, кантип мыкты кетүүнүн жолун ойлонушу керек, мыкты мураскерди өз уулунан, инилеринен издебей, ошол өз уулдарын, инилерин жаркын келечекке жетелей турган, аларды “баягы кыргызды кыйратып кеткен президенттин балдары менен инилери” деген жаман аттыга калтырбагандай, кыргыздын бир азаматын тандап туруп, мыкты атыгып кетиши керек. Аскар Акаевди алдырып келип, 1-президент катары зоболосун көтөрүп койсо дүйнө дүң болот, мындан Акаевдин эле эмес, Бакиевдин баркы өсөт. Өсөйүн, өнөйүн деген эл өз сөөгүн кордогон эмес” деген ой менен жыйынтыктаган макаласын Айзада Абазова.

“Эл сөзү” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Өлкөбүз оор үшкүргөнсүйт” деген аталыштагы макаласына орун берди. “Элге убал боолду, кош эзүүдө калгандай болуп калды. Сырттан тигинтип чет мамлекеттер басып турса, 2-жагынан элинин эртеңи менен деги эле эч нерсени ойлобогон жетекчилер кууратып бүтмөй болду. Президент облустарга барганда какшап атат: “элдин жашоосу жакшырып жатат, өсүп жатабыз” деп. Кыязы өзүнүкү жана жан-жөкөрлөрүнүкү менен алмаштырып алса керек. Мамлекет эзели кутулбас карызга батса, эл да бири-биринен карыздап жашап калды, “ислам динин бекем тутуш керек, жакшылыктын баары ошондо” деп ислам идеологдору жар салат. Андай болсо ислам десе жанын берген Пакистан, Ооганстан, Ливан, Палестина, Иран сыяктуу мамлекеттер эмнеге жыргап жашабайт? Эмнеге бирин бири кырып, өлтүрүп, жарып, жарылып жатат? Жооп жок. Деги эле мектебинен мечити көп мамлекет жакшылыкка жете албайт” деп жазды.

“Кыргыз туусу” бүгүнкү санын “Жаңы жылда – жаңы тарифтер” деген макала менен ачып, буга карата журналисттер Мырзакат Тыналиев менен Нарынгүл Назаралиеванын жаңы жылдан баштап электр энергиясынын, жылуулук менен ысык сууга болгон бааларды кымбаттатуу боюнча кабыл алынган чечимдин канчалык жүйөлүү экендигин түшүндүрүүгө аяракет кылган баяндары басылды. Бул макалалар мурдагы депутат, азыркы ишкер Акбөкөн Таштанбековдун “Баа көтөрүлсө, эл үнөмдөгөнгө үйрөнөт” атуу макаласы менен коштолду.

Ушул эле “Кыргыз туусу” гезити Б. Алыкуловдун “Гимн кантип жаралган?” деген, УТРКнын баш деректири Орозбай кызы Кайыргүлдүн “Жаңы долбоор улуттук каналдын зоболосун арттырат” деген, белгилүү кара сөз чебери М. Абакировдун “Окурмандан оолак, ойкелди жазылган чыгармалар көбөйдү” деген, Кыргыз-Түрк Манас университетинин кызматкери Өмер Чакиндин “Манастын тилин билгениме бактылуумун” деген макалалары да окурманлдарга тартууланды. Макала ээси Өмер мырза Мустафа Кемал Ататүрк элинин эл болуп сакталышынын башкы өзөгүн тил деп эсептеп, бүтүндөй түрк өлкөсүн өз эне тилинде сүйлөтүп, адабий тилди өнүктүрүү үчүн жер-жерлерге изилдөөчүлөрдү жөнөтүп, калк көп колдонгон сөздөрдүн сөздүгүн түздүргөнүн кепке алган.

Сабыр Буркашевдин макаласы “Абдразак агайдын көз жашы же Тажикстандагы кыргыз абалы” деп аталат. Анда Тажикстандагы кыргыз мектептеринин көйгөйү баяндалат.

“Агым” гезити жаңырган жылдын 1-январынан тартып электр энергиясынын бир киловаты үчүн төлөө акысы азыркы 71 тыйындан 1сом 50 тыйынга же эки эсеге, жылуулук менен ысык суунун баасы 5 эсеге жогоруларын билдирип, Үсөновдун өкмөтүнүн мындай кескин кадамына президент кандай жооп кылар экен, күтө туралы деп, Жогорку окуу жайларынын айрымдарында окуу акысы 20 пайызга кымбаттайт, бул тууралуу ЖКнын Билим берүү, илим жана дене тарбия комитетинде сөз болду деп, генерал Исмаил Исаковго күнөө тагалбай жатышат деп маалымдады.

Ою түшүнүктүү, жазганы сабаттуу, кулагы жаңылыктан, колу компьютерден бошобогон, атка жеңил, тайга чак, ийкемдүү жаш журналист кыздарды аталган гезит ишке чакырып, шарты мыкты, айлык маянасы менен калем акысы арбын деп жарыя салды.

Гезит кабарчысы Нурканбек Керимбаев даярдаган макала “Санаасы жок “саякатчылар” деп аталып, анда парламент депутаттарынын кимиси кайсыл чет өлкөлөргө саякат жасаганы, баш аягы эл өкүлдөрү 200дөн ашуун командировкаларга чыкканы, мунун ырасмий сапар деп аталган 100үнүн чыгымы мамлектттин чөнтөгүнөн кеткени, дагы башка “кызыктары” баяндалат.

Мелис Совет уулу макаласы аркылуу 90-жылдары атын-жөнүн “уулу, кызы” деп жаздыргандар эми кайрадан “ов, ова” кылып жаздырганга өтүп жаткандыгынын себебин талдоого алган.

“Назар” гезити Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун аныктамасы менен ушул жылдын 26-июнунда жарыкка чыгуусу убактылуу токтотулган “Ачык саясат” гезити келерки жумада жарык көргөнү калганын, ошондой эле кыргыз тилдүү гезиттердин катарын бир жылдан ашуун “камакта” жаткан “Алиби” гезити да жаңы жылдын тегерегинде жарыкка чыгарын сүйүнчүлөдү.

“Тынчтыкта жашагың келсе, согушка даярдан”. Коомдук ишмер Мирослав Ниязовдун макаласы ушинтип аталат. Борбор Азия аймагындагы эркиндигин алган мамлекеттердин аракеттерин байкоого алган генерал кайсы бирөөлөр “улуттун атасы” болууга жан далбас уруп атса, бирөөлөрү Борбор Азиянын лидери болгусу келип кыялданарын, ошентип СССР тарагандан кийинки жаш мамлекетте сабырдуу, салмактуу саясат жүргүзүү ордуна жаш адамдарга окшоп, кызыл кандуу, өңгүл-дөңгүл саясат жүргүзүп туруп алышканын, тилекке каршы Кыргызстанда коопсуздуктун бирдиктүү системасы түзүлбөгөнүн белгилеп: “бир сөз менен айитканда мактана турган да, дердеңдей турган да жөнүбүз жок, анткени өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгү жана элинин биримдиги камсыз кылынган эмес” деген пикирин билдирди.

Эркин журналист Жолдошбек Токоевдин мораль менен маданиятка арналган макаласы “Мите” деп аталат. Автор: “Үзөңгү-Кууш, Каркыраны кытайга, казакка бийлик берип жиберет да, гимн аткарылып атканда ошол бийлик өкүлдөрүнүн дээрлиги ооз кыбыратып, ырдамыш эткен түр көрсөтүшүп, кунт коюп угумуш болушат. Ушундан ашкан эки жүздүүлүк барбы?” деп суроо коюп, ага жооп издөөгө аракет кылат. “Бийлик өндүрүштү колго алганда 500 миң кыргыз чет элге тентип, кыргыз тарыхында “2-үркүн” болбойт эле” дейт. Бизнесмендер кафе, ресторандарды ачып, аттарын чет элдик аталыштарга толтурганына жаны кашаят, мисалы, Бишкек-Ош канжолундагы Суусамыр өрөөнүндөгү ашканалар жайгашкан жерди “Огни Парижа” деп атап алышканын, өз элинин тилин жериген акчабай кыргыздардын уул-кыздарынын намысы тебеленип бүткөнүн, булар мекенчилдик сезим дегенден эчнерсеси жок мите жашоого өтүшкөнүн каңырык түтөтө кеп кылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG