Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Баа-апатия!...


Бардык басылмалар кымбатчылык тууралуу жазып кирди.

“Бүткүлдүйнөлүк Банктын талабы” деп төлөмдөрдү 2-10 эсе көтөрүп, элдин жонунан кайыш тилип алыш керек. Курманбек Бакиев энерготармакты сатуу, бааларды көтөрүү жөнүндө 2007-жылдын 5-июнунда парламентке маселе койгон. Бирок мурдагы Жогорку Кеңеш электр тармагын сатууга макулдук берген эмес. Мына эми ошондогу мыйзамдар четинен оңдолуп, Максим бийликке келери менен Камбар-Ата ГЭСтерин адегенде күрөөгө коюуга, анан акыры сатууга багыт алды. Кезек эми тарифтерге келип жетти. Муну президент К. Бакиев “тезек тердирткен” ар бир кыргыз жакшы билет” деп жазды “Доолдай тиктирген иттер” аттуу макаласында “Назар” гезитинин баяндамачысы Машакбай Рахманкулов.

Ушул эле сандан “Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин “Бакиев режиминин агониясы: анын саясый, тарыхый жана моралдык жактан күнү бүттү” деген темадагы маегин окууга болот. Кымбатчылыкка карата оюн билдирген Текебаев: “Бийлик минтип бааны көтөрүү менен чет элдик алармандын капчыгынын камын азыртан ойлоп, ага пайдалуу шарт түзүп берип, арзаныраак карматып, үстөгүн чөнтөккө салуунун амалын ойлоодо. Ал эми Курманбек Бакиев Дүйнөлүк Банктын айтканын жасап жатат” деди.

Буга улай эле журналист Үсөн Касыбековдун “Реформаторлор кимдер?” аттуу макаласы жарык көрүп, автор анысында жарыкты соолтуп, “тезек тергенге” чейинки абалга жеткирген С. Балкыбеков, И. Давыдов, А. Елисеев, Ю. Данилов, А. Ширшов жана башкалардан турган “энерго барондор” жасаган жана жасап келаткан иштерди талдоого алган.

“Тарифтер көтөрүлөт дегенден улам, али эч нерсе баштала электе эле азык-түлүккө болгон баа көтөрүлүп кирди. Эртең электр энергиясы кымбаттаса, аны күчү менен даярдалган азык-түлүктүн баасы 99 пайыз кошо кымбаттайт. Мамлекет социалдык жактан коргоо милдетин унутуп, элди жанчып кирди” деп жазды журналист Кенжебек Арыкбаев ушул эле “Назар” гезити аркылуу.

“Манас кимдики?” Бул суроого бүгүнкү маеги аркылуу Кыргыз эл жазуучусу, айтылуу драматург Бексултан Жакиев кабарчынын суроолоруна жооп берген. “Манас” эпосу кытайдыкы болуп калбастыгын, анткени ЮНЕСКО бир өлкөнүн өнөрүн башка өлкөгө ыйгарып жибере албасын, бул уюм тигил же бул чыгарманы шедевр деп жарыялайбы же дүйнөлүк мурастын тизмесине кошобу, айтор кандай чечим чыгарса да анысы патент боло албастыгын, ал чечим бүткүл адамзаттын оозеки жана руханий мурасына татыктуу атак дегенди гана билдирерин түшүндүрүп берген белгилүү драматург.

“Арт kg” гезити да жаңы санын окурмандарга тартуулады. Анда акыйкатчы Турсунбек Акундун маеги жарыяланды. Ал өзүнө арызданып келгендерден акча албай туруп эле маселесин чечип берип келаткандыгын, Акыйкатчы деген эч качан пара албашы керектигин, анын үстүнө ал чоң кызматта иштегендиктен чоң айлык аларын, андыктан ага пара алуунун да кажети жоктугун айтып, кабарчынын дагы башка суроолоруна өз оюн айткан.

Ош кыргыз драма театрынын башкы сүрөтчүсү, республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алымгазы Конушбаевдин чыгармачылыгы тууралуу учкай баяндаган Бакыт Букаевдин “Сахнанын жасалга падышасы Акен аке же Акен авам” деген макаласы, керамика чебери Эмил Каратаевдин “Чопого жан киргизип ырахат алам” деген маеги, Кыргыз эл артисти, белгилүү ырчы Дарыйка Жалгасынова жана башка маданий ишмерлер тууралуу маалыматтар да ушул санда.

“Эл сөзү” гезити да сөздү кымбатчылыктан баштады. Бардык төлөмдөрдү көтөрүү жөнүндөгү өкмөттүн өз элине жасаган жаңы жылдык “белегин” бирден санаган гезит жыйында жалгыз шаар мэри Нариман Түлеев каршы пикирин билдирип, жаңы баа жакырлардын санын эки эсеге көбөйтө тургандыгын жалтанбай айтып чыкканын белгиледи. Өкмөт башчысы Данияр Үсөнов “шериктеш мамлекеттерде электр энергиясынын баасы бир канча эсе кымбат” деп айтты, бирок ал ошол эле мамлекеттерде айлык акылар биздикинен алда канча жогору экендигин, маселен: “Кыргызстанда орточо айлык 100 доллардын тегерегинде болсо, Орусияда орточо айлык – 718 доллар, Казакстанда - 485 доллар, Беларуста – 396 доллар, Украинада – 356 доллар, Азербайжанда -317 доллар, Арменияда – 293 доллар экенин элден эмне үчүн жашырат?” деп суроо койду гезит кабарчысы Рыскелди Момбеков.

Макаласын автор: “Өзүбүздө 14 тыйындан өндүрүлгөн электр энергиясын өз элибизге 1 сом 90 тыйындан сатканда өлкө эмес, өзгөлөр байый турганын бөркүңөрдөй көргүлө. Үмүтүңөрдү байладыңар, үзүлүп түшүп шайладыңар, эми чыдагыла, ырдагыла, жыргагыла” деген сүйлөмдөр менен аяктаган.

Журналист Айбек Шамшыкеевдин макаласы “Өзбектер кыргыз мүрзөлөрүн да менчиктеп алышты” деп аталат. Кабарчы кыргыз бийлигиндеги билермандар эки өлкөнүн чегараларын тактап аткан маалда Араван районундагы Жар Кыштак, Байтопу айылдарынын мүрзөлөрү Өзбекстандын карамагына өтүп кеткенин, дал ушул кордукту көргөн аравандыктар эми маркум болгондорун ар кайсыл айылдарга ташып барып, ошол айылдын башчыларынын уруксаты менен жерге берип калганын кабарлап: “эртең өзбектер ошол чоочун мүрзөлөрдү жер менен жексен кылып, ал жерди айдоо аянтына айлантып алары деле толук мүмкүн. Түштүк туугандарыбыз өз бабаларынын сөөгү жаткан жерин өлөрман өзбектерге тарттырып жиберип, эми өзбек элинин эл башчыларынан ырайым күтүп олтурат, кайран гана кайдыгер кыргыз, берешен болбосоң кое кал!” деп кабыргасы кайышты.

“Эл сөзү” андан ары “Ата Мекен” париясы баанын 2 эседен 10 эсеге чейин кымбаттоосуна каршы элди өз кызыкчылыгын коргоо үчүн нааразылык акциясына чакырууда деп, Кыргыз бийлигинин мындай кадамы өз элине ачыктан-ачык жасалган душмандыгы экендигин көпчүлүк ачык эле айта баштады. Электр тармагын мыкты билген Кыргызстандагы бирден бир эксперт Базарбай Мамбетов жаңы өкмөттүн бул кадамын аша чапкандык деп баалдады. Эксперттин айтуусунда өкмөттүн “Өзбекстан менен Тажикстан да тарифтерди жогрулатты, биз артта калдык” дегени суу кечпеген шылтоо” деди деп маалымдады.

Кыргыз өкмөтүнүн калкка каршы токтомуна гезит баяндамачысы Эртабылды Аттокуров “Бийликтин калпыс мыйзамы, калк үмүтү кыйрады” аттуу макаласында токтолду. “Карапайым калктын жашоо-турмушун оңдоого жаңы өкмөттүн кызыкпай тургандыгы ачык көрүндү, тескерисинче, кыргыз элинин табият берген байлыктарын ээлеп калууга көздөрү кызарган топторго ыңгайлуу шарт түзүүгө кадам ташталды. Бийлик калкыбыздын капталына канжар малып, карс-карс күлүп, карап турат. Элдин үмүтү таш капты” деп жазды.

Баяндамачы андан ары өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун бул кадамы бүтүндөй акчалуу тармактардын Өнүктүрүү фондуна өтүп кеткенине нааразылыгы, реванш алууга жасап аткан аракети болушу да мүмкүн, кымбатчылыктан кыйналган эл эми колуна мурдагыдай камчы албастан, союлун көтөрүп чыгат деген максатты да көздөп олтурушу мүмкүн. Ким билет? Мансапка таарынгандардын тымызын каршылыгы ушундай тыянакка алып келип атпайбы” деген ойго келген автор: “ошентип өкмөт өз элине каршы кадам таштады. Эми ага акжолчу ЖК каршы чыга алабы? Мамлекет башчысы К. Бакиев бул токтомго каршы боло алабы же колун коюп, мөөрүн басып береби? Аз күндө билебиз” деп жыйынтыктады макаласын.
XS
SM
MD
LG