Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

Гезиттердин башкы темасы тарифтердин көтөрүлүшү жана мамлекеттик саясат бойдон кала берүүдө.

Бүгүн жарык көргөн “Учур” гезити Үсөн Сыдыковдун “Манас” аба майданынын президенти болуп иштеген уулу Бакыт Сыдыковдун кавказ улутундагы адамдардан кордук көрүп, катуу сабалышынын чоо-жайын иликтөөгө алып: “Эгерде “Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагалыгын Үсөн Сыдыков уулуна өткөрүп, кийинки шайлоодо башка күчтөр менен биригип, хан тактысын талашууга түшсө анда эле Бакыт Сыдыков Максим Бакиевден ашып кетиши мүмкүн. Бир жагынан атасынын кадыр-баркы жетиштүү болсо, экинчи жагынан буларда акча жагы да жетиштүү” деп баяндап, Бакыт Сыдыков азыр Австрияда дарыланып жатканын кабарлады.

Коомдук ишмер Касым Исаев тарифти кымбаттатуу менен уурулук күчөй тургандыгын айтты. Анын байкоосунда Аскар Акаев баштаган жетекчилер Дүйнөлүк банктын сөзүн эч качан эки кылган эмес, алар банктын талабын аткаруу менен олчойгон карыздарды алып, ал акчалардын көбүн өз чөнтөктөрүнө солоп келген. Ошондуктан тарифтерди кымбаттатуунун артында сырткы күчтөр турат деген айныксыз чындык. К. Исаев андан аркы сөзүндө түпкүлүгү төңкөрүш, нааразылык акциялары мамлекет үчүн пайдасыздыгын, бирок бийлик элди ушуга өзү түртүп атканын, энергетика тармагынын аткаминерлеринин бири Ильяс Давыдовго “Электр тармагындагы жоготуулар 30-40 пайзды түзсө да эмне үчүн уурдагандар жоопко тартылбайт?” деген суроо берилсе жооп бералбай, кызарып тим болгонун кошумчалаган.

Гезит мындан тышкары ТИМ министри Кадырбек Сарбаевге 13 суроо менен кайрылды. Ушул эле гезитке СДПК фракциясы менен БЭКтин билдирүүлөрү орус тилинде жарык көрдү.

Баяндамачы Сабыр Мукамбетовдун “Феодалдык диалекти...” аттуу макаласы кымбаттоого жана башкаруу саясатына арналды. Автор азыркы күндө президент К. Бакиевдин мына ушул “күтүүсүз белеги” жөнүндө аналитиктер ар кандай ойлорду айтып атканын байкоого алган. Тарифтердин кескин жогорулашы Дүйнөлүк банктын талабы менен болуптур дегенди аталган банктын Кыргызстандагы өкүлү Роджер Робинсон “Азаттыкка” берген маегинде жокко чыгарып: “Биз бааны көтөрүү керектигин айтканбыз, бирок мынчалык кескин көтөрүүнү талап кылууга укугубуз жок, бааны мынчалык кескин көтөрүү оюбузга да келген эмес” деп айткан сөзүн далилге тарткан.

Баяндамачы сөзүн андан ары улантып: “Президент тактысын Максимге ыраа көрүүсүн туура түшүнсө болот, кантсе да канынан жаралган баласы эмеспи. Бирок Азия адаты боюнча бир туугандар да так талашка түшүп, тартып алмайлар боло келгенин билебиз. Жаныш Бакиевдин да бул багытта амбициялары болушу толук мүмкүн. Бул план К. Бакиевдин бир туугандарын парламентке киргизүү аркылуу ишке ашышы мүмкүн эле, себеби Жогорку Кеңештин жетекчиси өлкөнүн 2-адамы катары айрым бир жагдайларда президенттин ордун басат эмеспи. Мамлекеттик күзөттүн колбашчысы Жаныш Бакиев укук коргоо органдарынын жана “көмүскө күчтөрдүн” башын кошо мыкчып, өлкөдөгү өтө таасирдүү күчтөрдүн бирине айланганын эч ким таналбас. Анын үстүнө анын кыргызга боор тарткан мекенчилдиги, ошондой эле Жусуп Бакиев атындагы фонд аркылуу жарды-жалчыларга, жетим-жесирлерге жардам берип келгени коомчулукта айтыла баштады...” деп жазды.

Автор ошону менен бирге эле Бакыт Сыдыковдун сабалышын да талдоого алып: “Эгерде Бакыт Сыдыковду кыргыз бийлигин көзгө илбеген сырткы күчтөр сабады десек, анда тартип талаасын кыңк дедирбей кармаган Жаныш мырзанын өзү үчүн да кооптуу кырдаал түзүлүп, Кыргызстанда аны менен тиреше алуучу, сырткы күчтөр пайда болгонубу? Анда биз канттик? Сырттан жоо келгендей болуп, кавказ улутундагылар кыргыздын атка минерлерин сабап, кордук көрсөтө берсе, ата-бабадан калган салт боюнча жоого каршы аттанып, намыс үчүн Жаныш мырзаны колдоого алып, “кылчайнашууга” башыбызды байлайбызбы?” деп суроо койду.

“Айтор” - дейт автор - “Кыргызстан деген поюзду зуулдатып бир жакты карай айдап баратышат, жүргүнчүлөрдүн арасында “тетири кеттик, кокуй!” дегендери болгон менен поюзду эч ким токтото албайт, анктени вагондордо стопкран жок. Демек тагдырыбыз толук бойдон бир колдо. Булар эмненин ичинен чыгарын көрө жатарбыз. Азырынча “козел отпущения” катары “Ак жол” менен Данияр Үсөновдун өкмөтү сунушталууда” деп кеп кылды.

1 млн. сом айыпка жыгылып, чыкпай келатканныа 1 жыл 2 ай болгон “Алиби” гезитинин жаңы саны кайрадан жарыккка чыкты. Анын себебин гезиттин биринчи бетиндеги макаласында башкы редактор Бабырбек Жээнбеков түушүндүрүп берген. Эркин журналист Жолдошбек Токоевдин макаласы “Тарифтердин тамыры кайда?” деп аталат.

Назгүл Мамытованын Петровка жаңжалына байланыштуу соттолуп жаткандар тууралуу жазган баяндамасы, окурмандардын өлүм жазасы тууралуу ой-пикирлери, “Эркиндик үчүн” коомдук фонддун деректири Сардар Багышбековдун макаласы, Жайыл районундагы Ново-Николаевка айлынын тургуну Ибраимова Бурулкандын президент К. Бакиевге кайрылуусу да ушул санда.

Журналист Н. Мамытованын дагы бир макаласы “Бийлик бир күнү түбүңө жетет деп айткам” деп аталат. Бул сөздү Руслан Шаботоевди багып чоңойткон, 80 жаштагы Гуласыл Шаботоева Руслан тирүү кезинде айтканын келитирип, дагы бир жолу Шабобоевдин өлүмүн маркумдун жакындарынын айтып бергендери аркылуу баяндаган.

Башкы редактор Бабырбек Жээнбековдун менчик талаш жөнүндө жазган макаласынын аты “Орто Сай базарындагы “бардак” деп аталат.

“Айат пресс” гезитине маек курган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору К. Коңкобаев тил маселеси, мыйзам сыйлоо маданиятынын жоктугу, ар ким өз билгенининдей жазып келатканы жөнүндө ойлорун ортого салган.
XS
SM
MD
LG