Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:42

Тарифтерге “талкуу” гезит беттеринен жакын арада түшө турган эмес.

Бул маселени талдоого алган Айзада Абазованын макаласы бүгүн жарык көргөн “Кыргыз руху” гезитине жарыяланды.

Кыргызстан А.Акаев учурунан бери карай эле дүйнөлүк финансы институттарынын эксперимент аянтчасы болуп келгенин белгилеген журналист бир кезде Швейцария болгубуз келген кыялдарыбызды эске салып: “Данияр Үсөновдун башка салган азабы менен алпурушуп олтуруп эл эптеп жазга жетет, жай да келет. Ошондо 7 баштуу желмогуздан куткарчудай болуп жаш баатыр Максим Бакиев чыгат. Ал Данияр Үсөнов 10 эсеге көтөргөн бааларды 5 эсеге азайтып, жакшылыктын жарчысы катары көрүнө баштайт. Дал ушундай кырдаалды бийлик пландаштырып, ошону күтүп жаткандай. Эгер Максим Бакиев премьер-министр болсо, анда мураскор болгону ошол” деген божомолун айтты.

“Эл сөзү” гезити окурмандарды бүгүнкү Курман айт күнү менен куттуктады. Бул куттуктоого биз да кошулуп, “Азаттыктын” окурмандарын улуу күнү менен куттуктап, ден соолук, ырыс-кешик, ынтымак каалап кетмекчибиз.

Гезит жаңы санын журналист Баратбай Аракеевдин “Улутту улут кылган – тил, иштейсиңби, кыргыз тилин бил!” деген макаласы менен ачты. Автор кыргыз тилине бут тосулуп келаткан биртоп жагдайларды кеп кылып, М. Бакиев, Чудинов, Елисеев жана алардан кем калбаган Акүй киргиздери турганда мамлекеттин тилинин жолу тайгак, тар экенин белгилеп: “Ондогон жыл жанагы Усубалиев деген аксакал орус тилин ыйык тутуп “орус тили – экинчи эне тилибиз” деп келди, бүтүндөй кыргызды эки энеден туудуруп. Эми ошол аксакалдын ден соолугун чыңайбыз деп президенттин резервдик фондунан 865 миң сом бөлүп бериптир. Бул акчаны андан көрө бей-бечараларга бербейби, тилибиздин керегине жумшабайбы. Усубалиевге берсе киргиздер менен орустар чогултуп берсе болмок. Эгер президент уулун мураскер кылат деген шыбыш чын болсо, анда президент боло турган адам мамлекеттик тилди билиш керек деген мыйзамды да жашоодон жок кылышат” деп жазды.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санына президент К. Бакиевдин өлкө калкын Курман айт майрамы менен куттуктоосун жарыялоосун басты.

Журналист Бакыт Орунбековдун уландысы келерки санга калтырылган макаласынын аты – “Саның көп, салмагың канча кыргыз партиясы?” деп аталып, Кыргызстандагы саясый партиялардын салмагын таразага салган.

К. Карасаев атындагы БГУнун, Ж. Баласагын атындагы КУУнун, И. Арабаев атындагы КМУнун мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенттери ТИМ министри К. Сарбаевге, маданият агенттигинин деректири С. Раевге, гезиттин башкы редактору К. Молдокасымовго кат жолдоду. Катта “Манаска” мамиледен улуттун деңгээли билинет” деп аталып, мындан ары жыл сайын болбосо да 5 жылда бир жолу “Манас” эпосуна арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүп туруу сунушу айтылат.

Ал эми Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун макаласы “Манас” үчүн Макелекти айыптабагыла” деп аталып, кийинки убакта кээ бир адамдар “Манас” эпосун кытайлар ЮНЕСКОго каттатып алышты деп айрым гезиттер аркылуу билип-билбей эле айгай салып чыгышканын, 19-ноябрда “Аалам” гезити алтургай кытайлык кыргыз окумуштуусу Макелек Өмүрбайды “кытай тыңчысы” деп жазып чыкканы аябай эле уят иш болгонун кеп кылды.

Эл жазуучусу: “Эгерде, биз кытайларга окшоп “Манас” эпосу боюнча чоң жыйындарды өткөрө албасак, дүйнө тилдерине которуп, жазып жайылта албасак, өзүбүз китептерди, варианттарды толук чыгаруу камын көрө албасак, анда бирөөлөргө доомат артпай, ичибиз тарыбай, өзүбүздүн арсыз, намыссыз бечара экенибизди туйсак, шорубузду сезип ардансак, ошондо жакшы болбойт беле?!” деп жаны кашайды.

“Агым” гезити, бир ай мурда башталган реформа эпкинине кабылбай, ордубузда калдык деп министрлердин сүйүнүп аткандары бекер экен, эми мындан ары аткаминерлер оптом кызматтан алынбай, бирден алмашып турат экен деп, “карт бөрү” Үсөн Сыдыков уулунун сабалганына өтө бушайман болуп, кылмыштын тез ачылышын талап кылып атыптыр, эгер мындан саясат жыттанган кичине эле илинчек табылса ал башында турган “Жаңы Кыргызстан” партиясы оппозицияга өтө качышы мүмкүн экен деп, Элмурза Сатыбалдиевдин Баш прокурорлуктан кетиши, ал А. Акаевди маалымат жыйынында туңгуч президент кол тийбестикке ээ болгондуктан Мекенине кайтып келе аларын, аны эч ким камакка албай турганын айтканы себеп болуптур деп, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев түштүктүн тыңчыкмаларын чогултуп, бийликке каяша айтуу демилгесин көтөрүп жатыптыр деп уктук деп, кечээ кышка даярдык боюнча өкмөт кеңешмесинде Данияр Үсөнов “Кыргызгаздын” башчысы Саламат Айтикеевдин бир айлык маянасы 52 миң сом экенин укканда колунан ручкасы ыргып кете жаздады деп маалымат таратты.

Гезит кабарчысы Нурканбек Керимбаев ушу күндөрү Жогорку Кеңештин батирде жашап аткан 32 депутатынын тизмесин шардана кылды жан бул “бечара” депутаттардын 1 бөлмөдө жашагандарына - 12-13 миң сом, 2 бөлмөдөгүлөрүнө - 15-16 миң сом, 3 бөлмөдөгүлөрүнө - 18 миң сом берилерин, орто эсеп менен батир акысын 15 миң сомдон эле эсептегенде “батирсиз” 32 депутат бир айда – 480 000 сомду, бир жылда – 5 760 000 сомду, 2 жыл ичинде мамлекеттин, тагыраак айтканда элдин эсебинен – 11 520 000 сомду “мойсоп” коюшканын жазып, “азаматтар!” деп атады.

Министр И. Давыдовдун “Апрелден баштап Кыргызстанда жарыкты өчүрүү токтотулат” деген интервьюсу, Келдибек Назировдун “Сыйлык устукан болуп калдыбы?”, Олжобай Базарбай уулунун “Жөжөнү күзүндө санайбыз”, Мелис Совет уулунун “Молдомуса Коңгантиев билбей жатса керек, билсе мындай болбойт эле” деген макаалалары да ушул санда.

“Назар” гезити журналист Үсөн Касыбековдун “Шыйпаң депутаттар жана Кыргызстандагы жагымсыз инвестициялык климат” деген макаласын тартуулады. Автор анда М. Бакиевдин жаңы кызматынын ишмердүүлүк жагындагы иштерин талдоого алат. Кыргызстандагы “Би Мо Ком” компаниясы, анын чыры, мойнундагы 32 миң долларлык насыясынын төркүнү тууралуу кеп кылат.

Журналист Орусиянын “Независимая газетасынын” бул чыр-чатак Кыргызстандагы инвестициялык климатка терс таасирин тийгизет деп жазганын мисалга алат. “Ошентип Максим Бакиевдин эларалык инвестициялык ишкердигинин тегерегиндеги көптөгөн чыр-чатактардан улам көөлөнгөн репутациясы “акжолдун” кошоматчы депутаттары айткандай чет элден инвестицияларды тартууга өбөлгө түзбөстөн, тескерисинче кредиторлордун Кыргызстанды желкемдин чуңкуру көрсүн деп, шашылып түрдө капиталдарын тышка алып качуусун шарттап жатканы анык” деп жыйынтыктайт.

Мустафа Шайкы уулунун макаласы “Данчиктин момпосүйлөрү” деп аталса, Талас дубанындагы улуттук ат оюндар федерациясынын президенти Соотбек Токтогазиевдин макаласы “Мамлекеттик тил жана мамлекеттүүлүк жөнүндө дагы бир ооз сөз” деп аталат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG