Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:36

Өлкөбүздүн ички жана сырткы турмушу бүгүн жарык көргөн гезиттердин башкы темасына айланды.

“Кыргыз Туусу” гезити Кыргыз Республикасынын баатыры, академик Мамбет Мамакеевдин “Балдар жөнүндө ачык сөз же көз жөнүндө” деген макаласын элге сунуш кылды. Академик макаласын: “Жакында аны телевидениеден биринчи жолу даана көрдүм. Ошондон баштап менин оюм толугу менен өзгөрдү. Биринчиден ал ушунчалык көрктүү бала экен, боюнун, колу-бутунун, өңүнүн түзүлүшү абдан жакты. Айрыкча мага көзү аябай жакты” деп баштап, көз жөнүндөгү макаласын андан ары минтип улантат: "Мен аны энеси орус, атасы кыргыз, кой көз болуш керек десем Максимдин көзү көк дагы, кара дагы эмес, көк менен каранын ортосунан чыккан башка түрдөгү көз экен. Көзүн ирмебей, тик, таамай карайт. Максим менен Канатигиме окшош, акылдуу, ишмер, өңдүү-түстүү бала экен. Биринчи көргөндө эле мага жагып калды. Максим кийин менин сөзүмдү эстеп, Мамбет агай менин көзүмө карап эле мага чоң ишенич, үмүт аркалады эле, жаңылбаптыр деп койсо эле болду”, - деген аруу тилек менен аяктаган.

Гезит ошону менен бирге эле президент К. Бакиевдин 26-жана 27-ноябрда Минск шаарында өткөн КМШ саммитине ЕвраАзЭШтин мамлекет башчылары катышкан жыйынга барып келгенин баяндаган макалага орун берген. Гезит кабарчысы менен маек курган отставкадагы подполковник, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Качкын Саргазаков ушу тапта Кыргызстан боюнча 3270ке жакын согуш ардагери аман-эсен жашап турушканын, алардын эң жашы 83кө келгенин кабарлаган.

Энергетика көйгөйү тууралуу кеп козгогон Бишкек тургуну, инженер-электрик Бурулбүбү Жумалиеванын каты жарыяланды. Адис менчиктештирүү кирери менен мурда бир эле тармак болуп келген “Кыргызэнерго” сан-санга бөлүнгөнүн, башын энергия чыгарчу булак, төшүн улуттук электр тармагы деп түзүп, “Түндүкэлектро”, “Чыгышэлектро” атап, колун-бутун бөлүштүргүч ишканаларга айлантып, акыры 7 баштуу энергетиканы “ойлоп” табышканын кейиш менен кеп кылган. Өчүргүчтөр беш жолу өчүп күйгөндөн кийин ал керектен чыгарын унутуп калышканын ачыкка чыгарган. Адистин байкашында, мурда бир киши иштеген жерде азыр миң киши иштейт. Өлкө башчылары бул тармактын көп нерселерин билишпейт. Ошондуктан 7 башты чаап салып, бир башка айландыруу керек, анын үстүнө жети жакты караган 7 баштуу тармакты эч ким сатып да алалбайт.

Журналист Мырзакат Тыналиевдин макаласы да “Баалардын көтөрүлүшү. Сандардын чатагы...” деп аталып, тарифтерди көтөрүү саясатын сынга алган. Автор кымбаттатуунун демилгечиси болгон Данияр Үсөнов шаар башчысы болору менен “Бактылуу лотерея” дегенди киргизип, шаар казнасына 70 млн. сом чыгым келтиргенин, кийин бул лотереялар Кытайдан жасалып, контробандалык жол менен алынып келингендигинин бети ачылып, бул боюнча финансы полициясы тарабынан кылмыш иши козголгонун дагы бир жолу окурмандардын эсине салган. Тарифтерди көтөрүүнүн калк үчүн ынанымдуу болбой жаткан жактарын талдоого алган.

“Эл сөзү” гезитинин кабарчысы Гүлмира Шаршеева “Конуш кайгысы” деген рубрика алдында Бишкектин таштанды төккөн жайындагы “Алтын-Казык” аталган жаңы конуш жагдайына назар салып, айыл башчысы Осмон мырза менен маек курган. Таштанды төгүлгөн жайга там салуу жокчулук менен аргасыздыктын айынан болгонун белгилеген айыл башчысы ал жердеги 4 көйгөйгө токтолгон.

Биринчиден, жаңы конуш Бишкектин таштанды төгүлүүчү жеринен орун алган. Экинчиден, бул аймакка күйдүргү менен өлгөн малдын сөөгү көмүлгөн. Үчүнчүдөн, ал жердин асты менен газ түтүгү өтөт. Төртүнчүдөн, ал жерде мусулман көрүстөнү бар. Айыл башчысынын айтуусунда таштанды төгүлчү жай 76-жылы 20 жылдык мөөнөт менен ачылган. Демек таштандыны жабуу мөөнөтү бүткөнүнө 13 жыл болду. Айыл айыл болгондон бери 3 кышты жарыксыз, суусуз тосуп, бул турмушту быйыл да ушунтип өткөрүүдө. Бишкек мэри Н. Түлеев айыл тургундарына кызыл китепче жыл аягына чейин берилерин убада кылган. Эгер кызыл китеп колго тийип калса, жашоочулар жапырт таштандынын үстүнө 30-40 сантиметр топурак таштап, көчөт тиге баштайт элек деген тилектери бар экенин да маалымдаган.

Журналист Баратбай Аракеевдин билим дүйнөсүн талдоого алган: “Ата, атка така какпа, коррупция кагыбатат” аттуу макаласында, азыр студенттерден гана эмес окуучулардан да акча өндүрүү фактылары кездешерин, мектептерде байлардын балдарына бааны көтөрүп коюу, ошонун аркасы менен алардан бирдеме өндүрүп алуу кадимкидей көрүнүшкө айланганын, жогорку окуу жайлары небак былгып бүткөнүн, ансыз да жакыр кыргызды сай ташындай жайнаган сапатсыз окуу жайлары менен чет элдик чириген машиналар жылаңачтап жатканына жаны кашайган.

“Арт kg” гезитине маек курган акжолчу депутат Роза Абдраимова кыргыз тили жөнүндө ойлорун ортого салып, эне тилди орто жана кичүү муундагылар унутуп, орусташып баратканына токтолуп, буга карата тил мыйзамын ишке киргизүү демилгесин парламентте бир топ депутаттар көтөрүп жатканын сөз кылган. Гезиттин негизги макалалары ырчылардын жашоо-турмушуна арналган. Кыргыз эл артисти Юрий Бобков тууралуу замандаштарынын ойлору басылган.

“Назар” гезитинин суроолоруна жооп берген “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын оппозициялык күчтөрү өкмөттүн кирешелүү, стратегиялык маанидеги энергетикалык ишканаларын жеке колго сатуу чечимин айыптап жатышканын, аны сатуунун ордуна бул тармакты жаңыча башкарууга өткөрмөйүн энергетикалык туңгуюктан чыгууга мүмкүн эместигин айтып чыкты.

“Бүгүнкү күндөгү жүрөк үшүн алган көйгөйлөрдүн бири экстремчилдик, террорчулук, диний ашынуучулук. Бул өзгөчө Азия аймактарын кара тумоодой каптап келет. Ооганстан, Пакистан өңдүү шору каткан азиялык өлкөлөр дал ошол ислам терисин жамынган шылуундардын айынан жүдөп келет” деп белгилеген макала автору Эрнест Абдрахманов Кыргызстанда 30дан ашуун мусулман уюму бар экенин, алардын эң активдүүлөрүнүн бири “Аль-Вакф Аль-Исламий” деп аталган уюм болорун, анын Кыргызстандагы башчылары Ө.Чотонов, А. Нарматов, М. Магомедов деген жарандар экенин, бул уюм экстремчилдердин символу болгон айтылуу Аль-Каиданын бир бутагы болорун жазды.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG