Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

Бүгүн орус тилдүү эки гезит жарык көрдү.

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити кечээ эле президенттин чөйрөсүнө жакын жүргөндөрдүн бири, мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаков үй-мүлкү конфискацияланып, генералдык чини алынуу менен 8 жылга эркинен ажыратылып, кесилип кетиши мүмкүндүгүн кабарлады. Генерал И.Исаковдун айтуусу боюнча “президенттин тапшырмасы” менен жасалган “саясый буйруктун” кандай болуп аяктары Бишкек гарнизондук сотунун 7-декабрда чыгара турган өкүмүнөн кийин белгилүү болмокчу.

Азыркы күндө Кыргызстанда бир эле элдин тарыхы тургай, бүтүндөй дүйнө тарыхын кайрадан карап чыгуу аракеттери байкалууда. Улуттук идеологиянын далысына жашынуу менен бийликти борбордоштуруу жүрүп жаткансыйт. Мына ушул маселелердин тегерегинде белгилүү саясат таануучу Токтогул Какчекеев гезит кабарчысы менен ой бөлүштү.

“Мамлекеттик идеология барбы?” деген суроого саясат таануучу Аскар Акаевдин убагында мамлекеттик идеологияны түзүү үчүн бир нече аракеттер жасалганын, бирок биринен да майнап чыкпаганын, тилекке каршы бардык мамлекеттик катчы болгондор идеология менен иштөөнүн ордуна президенттерди курулай мактоо-жактоого толтурулган шаан-шөкөттөрдүн шарын үйлөп келишкенин, балким алар ээлеген кызматтын кыскарып калышынын бир себеби да ушул болсо керек деген оюн айтты.

Анын айтымында, идеология жараткысы келгендер Кыргызстандын көп улутту өлкө экендигин эске алгысы келбейт. Бири фольклорго таянса , бири идеялык, рухий мурас болгон “Манас” эпосу менен эпикалык каармандарга таянып улут идеолгиясын түзгүсү келет. Маселен “Ак жол” фракциясынын айрым депутаттары кыргыз тилин билбегендиктери үчүн министрлердин орунбасарларын кызамттан айдаш керек, алар патриот эмес деп чыгышкан. Мындай ашкере “мекенчилдер” 1916-жылдагы Үркүндү бетке кармап, бул окуяга бир тараптуу баа берүүгө болбой тургандыгына карабастан аны Орусиянын кыргыз элине жасаган геноциди катары көрсөтүүгө далбасташууда. Т. Какчекеевдин айтуусунча бүгүн бүтүндөй республика ар кайсы улуттардын диаспорасына, кыргызча айтканда өз-өзүнчө тайпа-тайпаларга бөлүнүп калгансып сезилет. Албетте минтип бөлүнүү жакшылыкка алып келбейт, жүрүп отуруп, ар бир тайпанын экстремчил кыймылдарын жаратуусун шарттайт.

Токтогул Какчекеев бүгүн Кыргызстанда борбордоштурулган бийликти бекемдөө идеологиясы жүрүп атканын, тилекке каршы Кыргызстандын учурдагы идеологиясында: “Ким көп берсе, ошол кожоюн” же кайсыл өлкө көбүрөөк инвестиция берсе, ошол бизге дос” деген принцип иштеп калганын, бул өндүү саясаттын арты жакшылыкка алып барбастыгын белгилеп, мындай саясатты бир кезде Жаңы дүйнөнү ээлегиси келгендер баштаганын, аягында жергиликтүү индеецтер тигилердин колунан жедеп эскилиги жетип, ишпалдасы чыккан мылтыктар менен көр-жер үчүн баарын, кенин, элин, жерин кармата берип, акыры өз жеринен куулуп калганын мисалга тартат. Бизге бүгүн бир гана идеология керек, ал кайрадан Орусия менен кол кармашып, достукта, ынтымакта жашоо деген ойго токтолот.

“ЕвраАзиялык Экономикалык шериктештикке кирген өлкөлөрдүн Минскиде өткөн кеңешмесинде бул уюм түзүлгөн күндөн берки эң эле олуттуу окуя – Орусия, Белоруссия жана Казакстандын бирдиктүү Бажы союзун түзүү келишимине кол койгондугу болду деп белгилеген “Дело №....” гезити, эми мындан ары ал кандай союз болорун “Бажы союзу: Кыргыздарды азырынча кошкон жокпу?” деген макаласында баяндады.

Эми келшим түзгөн үч өлкөнүн жалпы чегарасы болот. Үч өлкөнүн бири бирине жөнөткөн товарларына үстөк баа кошулбайт. Анын аймагы белорус-поляк чегарасынан тартып казак-кытай чегарасына чейинки аймакты камтыйт. Союздун алкагында тигил же бул товарды өндүргөн өлкөлөрдүн бардык товарлары, анын ичинде нефти менен газы да ошол өлкөлөрдүн ичиндеги ички баадан ашырылбастан сатылат. Мындай Бажы союзун түзүү менен эми Орусия көп жылдардан бери каалгасын каккылап, такыр кирелбай келаткан Бүткүлдүйнөлүк соода уюмуна болгон багытын да, мамилесин да өзгөртөрү турган иш.

“Буга Кыргызстан эмне себептен кирбей калды? Бул суроонун азырынча жообу табыла элек. Үч өлкө түзгөн союзга Кыргызстанды киргизбей этегинен тартып турган себептердин бири – анын Бүткүлдүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгондугу каскак болду окшойт. Кыргызстандын президенти К. Бкиев саммитте сүйлөгөн сөзүндө: “Кыргызстан Бүткүлдүйнөлүк соода уюмуна мүчө, бирок түзүлгөн Бажы союзуна киришибизге ал тоскоолдук кыла албайт деп ойлойм, азыркы күндө бул боюнча биздин эксперттер иштеп жатат” деп бекер айтпаса керек” деп жазды.

“Дело №....”
гезити “..94-жылы да дал ушул Орусия, Белоруссия жана Казакстан түзгүсү келген Бажы союзунун түзүлбөй калганына кыйыр түрдө Кыргызстан себепчи болгон. Аскар Акаев кандай жол менен болсо да бул союзга кирүүгө, анын бардык шарт-жагдайларына макул болууга убада берип, ошол эле убакта Бүткүлдүйнөлүк соода уюму менен да тымызын сүйлөшүүгө өткөн. Акыры Бишкектин мындай обужок оюнун билип калган Орусия, бир эле убакта эки үстөлгө минип алып, жылжыма саясат жүргүзүп аткан Кыргызстандын жоругуна чалкасынан кеткен болчу” деп эскерип, Орусиянын КМШ өлкөлөрү боюнча эксперти Наталья Харитонованын: “Казакстандык айрым серепчилердин айтуулары боюнча “ишенимден кеткен” коңшулар үчүн бул ирет чегара катуу бекемделет. Ал эми Маскөөнүн Бишкекке ишене тургандай эч негизи да жок” деп айтканын мисалга тартты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG