Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

“МК Кыргызстан” гезити Кыргызстандын тышкы карызы 2,5 млрд. долларга жеткенин, ушул эле карыз Акаев убагында 1,9 млрд. доллар болсо, 2005-жылы негедир 1,8 млрд. долларга азйып барып кайра өсүп, 2007-жылы – 2, 076 млрд. доллар, 2008-жылы -2,13 млрд. доллар болгонун кабарлады. “Дело №...” гезити белгилүү ислам таануучу Кадыр Маликовду сөзгө тартты. Ал шариат укуктары аял-эркекке бирдейлигин, ал тургай турмушта эркекке салыштырмалуу аялзатынын укугу көбүрөөк экендигин белгилеген.

“Ошентип” деп жазат гезит “МК Кыргызстан” гезити : “бүгүн ар бирибиздин мойнубузга, биздин эле эмес, жаңыдан жарык дүйнөгө келген наристелердин ар биринин мойнуна карыздын кыл чылбыры илинген. Ал чылбыр ай өткөн сайын чыйралып, улам жооноюп барат. Сырткы карыздардан кутулуунун амалы эми минтип дем алган абадан башкасынын баарынан алынуучу алым менен алмашылды. Ошол эле учурда өлкөнүн экономикасы баягы өлүмсүк абалынан өйдө боло элек.

Джон Перкинс дегендин китебин окудуңар бекен? Ошол китепте эларалык корпорациялар деген шылуун уюмдар куулук-шумудук менен, пара менен жана башка менен өнүксөм деген өлкөлөрдүн өкмөттөрүн олчойгон карыз акчаларды алууга аргасыз кыларын, жергиликтүү саткын аткаминерлерди сөөк ыргытуу жолу менен сатып аларын, анан өлкөнүн тапкан-ташыганын кан соргондой соруп турарын, башкаруу күрсүсүндө олтургандар мамлекетин денесине жабышкан мите сяыктуу жашап каларын жазганы бар.

Журналист Елена Агеева андан ары “Өлкөнү формалдуу түрдө президент башкарат деген менен чын-чынына келгенде эегемендик эн тамгасы бар мамлекеттин саясатын экономиканы өз билгендериндей калчаган финансы айлакерлери башкарып калды. Мен албетте эларалык финансы институттарынын баарын эле күнөөлөй бергенден алысмын. Бирок чет өлкөлөрдөн келген акчаларга чиновниктер хан сарайларды куруп, кымбат машинелерди минип, анысын улам алмаштырып, тууган-туушкандарынын курсагын кампайтып келатканына ким күнөөлүү? Аткаминерлерби же чет элдиктерби? Демек бул жерде сөз өлкөнү өнүктүрүү жөнүндө эмес, ошол өлкөдөгү аткаминерлер менен алардын үйбүлөлөрүнүн айрым бир бөлүгүн гана өнүктүрүү жөнүндө сөз болгону оң. Ошондуктан мамлекет буга байланыштуу: “Кыргызстандын чиновнигинин жашоо-турмушун ар тараптан жакшыртууга салым кошкондугу үчүн” деген атайын сыйлык белгилеп, анын баарын Кыргызстанга кредит бергендерди сыйлаш керек” деп жазды.

Гезит ошону менен бирге окурмандарын Бишкек тургунунун алакандай катына бурду. Көрсө мындан 2 жыл мурун шаардын Пригородный деп аталган көчөсүнө Үсөнбек Жапаров деген врачтын аты коюлуптур. Врач азыркы вице-премьер министр Акылбек Жапаровдун атасы экен. Акылбек мырза атасынын атын көчөгө койдуруу үчүн кол топтоп жүрүп, ал жерде жашагандарга ат коюлары менен көчөнү оңдоп чыгууга убадасын берип, төөсүн кыядан өткөрүп алган соң унутуп калган имиш. Окурман Акүй атка минерин ошол убадасын аткарып, кейпи кеткен көчөнүн кебетесин оңдоп коюуга чакырган.

Исламда аялдардын укугу жок, милдеттери гана бар. Аялдын иши – төт дубалдын ичинен чыкпастан үйбүлөнүн очогун жандырып, отун жагып, бала төрөп, күйөөсүнүн кареги менен тең айланып туруу болуп саналат. Аял деген үйбүлө маселесине келгенде эч нерсе чечпейт. Алтургай анча-мынча күнөөсү үчүн күйөөсүнөн токмок жеп турушу парз. Муну ислам кубаттайт жана колдойт. Бул аталгандар аялзатынын укуксуздугунун бир гана чети. Ай караңгы түндө ойготуп алып сурасаң ар бир экинчи мусулман сага аялы эмне кылышы керектигин жадыбалдай жабырап, жатка айтып берет. Ошентип мусулман аялзатына салынган “ортокылымдын кишени” менен исламдын ортосунда кандай байланыш бар? Мына ушуларга жооп издеген “Дело №...” гезити белгилүү ислам таануучу Кадыр Маликовду сөзгө тартты. Ал аялзатын кишендеген мындай көрүнүш менен чыныгы исламдын ортосунда эч кандай жакындык жоктугун, шариат укуктары аял-эркекке бирдейлигин, ал тургай турмушта эркекке салыштырмалуу аялзатынын укугу көбүрөөк экендигин белгилеген. Ооба, аял алсыз, чыныгы ислам баарыдан мурда дал ушул алсыздарды коргоого алат. Муну түшүнүү үчүн ислам философиясын түшүнүү керек.

Ислам таануучу маегинде тарыхка кайрылып, азыркы Сауд Аравиясынын аймагындагы араб урууларында жырткычтык үрп-адат өкүм сүрүп келгенин, ага ылайык кыздын төрөлүшү абийрсиз жорук саналып, кумга тирүүлөй көмүлгөнүн, эри өлгөн аял анын буюмдары менен кошо, өлгүсү келбегендигине карабастан көргө күйөөсү менен чогуу коюлганын, бирок булардын баары Исламга чейин болгонун, дал ошол Исламдын пайда болушу менен аялзатына биринчи жолу укук берилгенин кеп кылган.

Кадыр Маилков андан ары дүйнөдө эркектер менен тең катар саясый турмушка аралшкан аялдарды мисалга алган. Иранда аялдардын кара жумушта же оор жумуштарда иштешине тыйуу салган мыйзам иштерин кошумчалаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG