Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

Өз үнү жок өлкө


Бүгүнкү баяндамабыз кыргыз жана орус тилдүү төрт гезиттен болмокчу.

“Общественный рейтинг” гезити: “Орусия менен Өзбекстан, Кытай менен Казакстан өңдүү мамлекеттер жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Кыргызстанга өздөрүнүн өктөмдүгүн күчөтүп жаткандай таасир калтырганына кандай көз караштасыз? Бизде мамлекеттин маалымат саясаты бар деп ойлойсузбу?” деген суроолор менен айрым атуулдарга кайрылды.

Экономика илимдеринин доктору Чыңгыз Шамшиев:
- Кайсы бир өлчөмдө, ЖМКны (жалпыга маалымдоо каражаттарын) бийлик кызыкчылыгын көздөй бурууга аракет кылган маалымат саясаты бар. Тилекке каршы ЖМКнын калкты цивилдүү коомду карай багыттоодогу агартуучулук маанисин түшүнүү жоктугу кейитет.

Саясат таануучу Александр Князев: - Менин оюмча, Кыргызстанда эч качан өзүнүн маалымат саясаты болгон да эмес, жакында болоруна да көзүм жетпейт. Мындай көрүнүш биз сыяктуу кичинекей мамлекеттердин байкуштугу. Антейин десең, өз маалымат саясатын алданемедей эле жүргүзүп келаткан бизден кичинекей мамлекеттер да толтура. Албетте асыресе Кыргызстанда орус тилдүү ЖМКнын үстөмдүгү жетишерлик көлөмдө. Бирок бул көрүнүштүн эч кандай зыяны жок деп ойлойм, анткени Кыргызстандын тышкы дүйнө менен байланышы жалгыз орус тили аркылуу ишке ашууда. Тилекке каршы Түштүктүн айрым аймагында жашагандар иш жүзүндө Кыргызстанда жашап турушканы менен, өздөрүнүн президенти деп Ислам Каримовду эсептеген жагдайлар да жок эмес.

“Акжолчу” депутат Улукбек Ормонов: - Чет элдик маалымдоо каражаттарынын тескери таасири бар экендиги – бул факт. Мен муну Алма-Атадан – Бакуга учуп баратып байкагам. Казакстандын премьер-министри Масимов Казакстан экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча коңшулардын баарынан алдыга кеткенин, Кыргызстан артта калганын айткан. Бирок чынында андай эмес да.

“Айат пресс” гезити “Оппозиция менен бийлик жолукту. Бирок...” деген макаласын окурмандарга тартуулап, жакында Роза Отунбаеванын демилгеси менен парламенттик жыйындар залында бийлик, оппозиция, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын жолугушуусу өткөнүн баяндады. Макаланын автору Олжобай Шакир: “... залда сүйлөгөндөрдүн ичинен Р. Отунбаева, А. Бекназаров, А. Абдрасулова, Д. Ошуракунова, Ч. Жакуповалардын аргумент, фактылары даана, так айтылганын угуп олтуруп, мурдун балта кеспеген бийлик өкүлдөрү Ислам Рыскулов менен Рустам Мамасадыков дегендер өздөрүн ал жерде жалпы адам укугун коргоого келген адвокаттай далбасташты” деп жазды.

Аталган басылмага Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина айым маек курду. Бешимовдун кылыгына нааразы болгон депутат, партия менен фракциянын кадыр-бркын кетирүүдө Бакыт мырза “жакшы иштегенин” белгилеп: “Бешимов чет өлкөгө чыга качуу менен балким өз өмүрүн сактаса сактап калгандыр, бирок парламентте фракциянын бир эле депутатынын жок болушу кандай оор экенин эң сонун билип туруп, кимдин оюнун ойноп жатканын такыр эле түшүнө албай койдум, ал деген фракциянын лидери эмес беле? Эмгичекти депутаттыктан баш тартуу арызын да жазып берген жок. Кайрылып келбей тургандыгын билип туруп, депутаттык ордун эмне үчүн сактап турат? Мындай адамдарды эртеби-кечпи кудай өзү жазаларына бөркүмдөй ишенем”, - деп айтты.

Кыргыз Эл Бааатыры Сүйүнбай Эралиев, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров, академик Омарбай Нарбеков, бейөкмөт уюмунун төрайымы Токтайым Үмөталиева жана башкалар баш болгон адамдардын “Падыша бийлигинен салт күчтүү” деген аталыштагы каты бүгүн жарык көргөн “Учур” гезитине жарыяланды. Кат ээлери тунгуч президент Аскар Акаевди ушул жылдын 12-декабрь күнү Таластын Шекер айылында өтө турган ааламдын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ашына келип, куран окуп кетүүсүн суранышкан.

Бирок ушул эле гезит Акаевдин шакирттеринин бири, ошол кездеги Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун: “Аскар Акаев жакынкы учурда Кыргызстанга кайтууну пландаган жок” деген сөзүн интернет аркылуу айтып чыкты деп кабарлады.

Генерал Исмаил Исаков тууралуу интервью берген саясатчы Азимбек Бекназаров Кыргызстанда эки эле адам СССР убагында генерал чинин алганын, булар Субанов менен Исаков экенин, эми Исаковду чининен ажыратып койгула деп “самопал” полковниктерден суранып жатканы күлкү келтирерин белгилеп: “парламенттин өткөн 70 жылдык мааракесинде сыйлык алгандардын тизмесин карасаңар көбү түрмөдө олтургандар” деп билдирди.

Исмаил Исаков маселеси тууралуу андан ары кеп кылган гезит: “Соңку кезде Үсөн Сыдыков партиялашы Исмаил Исаков түрмөгө кесилүү коркунучунда турса да адилеттүү сөзүн айтканга даабады. Алтургай электр энергетикасынын менчикке кеткени калганы, жылуулуктун кымбатташы боюнча да элдик кебин айталбады. Мындай шартта анын “Үсөн аке” деген аты өчүп, эми”дүжүр аке” болуп кетпегей эле” деп кулак какты кылды.

Жакында Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги постсоветтик аймактарда орус тилине кандай мамиле жасалып жаткандыгы тууралуу маалымат таратканын белгилеген “Лица” гезити, мурдагы СССР өлкөлөрүнүн ичинде орус тили Белоруссияда мамлекеттик тил катары иштеп атса, Кыргызстанда ырасмий тил катары жашап жатканын, ал эми Балтика боюндагы республикаларда, айрыкча Латвия менен Эстонияда орус тили тил катары эсептелбей калганын, бул өлкөлөрдө орус тилдүү калкты атайылап эле латышташтыруу жана эстондоштуруу жүрүп атканын сөзгө алган.

Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Александр Чепуриндин байкоосунда, орус тилинин маселелери Борбор Азияда да жетиштүү. Ушул жылдын 7-октябрында “Тажикстандын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынды. Эми Башмыйзмына тажиктер “орус тили улуттар аралык байланыштын каражаты” деп жазып алды. “Лица” гезити андан ары кыргыз парламенти мамлекеттик тил мыйзамына өзгөртүү кийиргенине, Кыргызстандын дипломатиялык мекемеси мындан ары ырасмий сүйлөшүүлөрүн, иш кагаздарын айлантууну кыргыз тилинде жүргүзө тургандыгына токтолуп, ошол эле убакта кыргыз тилинин колдонуу чөйрөсү тарып бартканына, ошол эле учурда орус тилин сабаттуу сүйлөгөндөр да азайып баратканына кенен токтолду.
XS
SM
MD
LG