Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

Бөлүнгөндөн акыры өлөт кыргыз!


“Агым” гезити “Үч канат” аттуу демилге көтөрүп чыгышкан аттуу-баштуу адамдардын: “уруучулдук, тууганчылык аркылуу биригүүнүн” жолун издеген идеяларын сынга алды. “Кыргыз руху” гезити “Жылдын мыкты саясый идеологу деп Оксана Малеванаяны атап, ага арнаган макаланы биринчи бетине басты.

Жарыкка чыккан гезиттердин бардыгы Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эртеңки туулган күнүнө арналган маалымат менен жаңы сандарын ачып, ага арналган эскерүүлөр менен макалаларга, ырларга, маектерге орун беришти.

“Агым” гезити “Байпагыбыз манат болуп, болбой аткан ушу калды эле” деген макаласы аркылуу учурда кыргыз элинин ич ара ынтымагын бекемдейбиз деген шылтоо менен “Үч канат” аттуу демилге көтөрүп чыгышкан аттуу-баштуу адамдардын: “уруучулдук, тууганчылык аркылуу биригүүнүн” жолун издеген идеяларын сынга алды. Бул боюнча айрым адамдардын ой-пикирин укту.

Теология илиминин доктору Бакыт Мурзураимов: - Уруучулуктун жакшы жагы – тегиңди билесиң. Жаман жагы – коомду бөлүп-жарууга алып келет. Түндүк-түштүккө бөлүнгөнүбүз аз келгенсип, кокту-колотко бөлүнүшөт. Деги эле кыркка бөлүнүп коом кура алабызбы?

Саясат таануучу Марат Казакбаев: - Бул такыр туура эмес. Алардын аракети өтө опурталдуу. Эгер ал мындан ары улана берсе курч кырдаалды жаратышы мүмкүн. Бул ишти көңүл сыртында калтырбай, уюштуруучуларын кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек.

Саясат таануучу Наргиза Мураталиева: - Алардын мындай демилгеси реалдуу эмес. Коомчулук кабыл албайт.

“Ата Мекен” партиясынын төрага орунбасары Ташболот Балтабаев: - Бул болбогон нерсе. Мен колдобойм. Баарыбыз бир кыргыз деген улут болушубуз керек.

Эмгек сиңирген куруучу Асыкбек Оморов: - Мен муну колдойм. Бул абдан жакшы нерсе. Эгер жалпы сарбагыш эли бир баласын министрликке көтөрсө, анан ал иштей албаса уруусун уятка калтырат. Илгертен ушундай болуп келген.

Студент Айзада:
- Адамзат уруучулук доорун таш доорунда эле басып өткөн. Экинчиден, кыргыздар уруу-урууга бөлүнүп алып, бири-биринин канын төгүп келген. Деги кыргыздар эмне эле болуп атабыз?

Гезит ошондой эле Баткен облусунун губернатору Марат Жумабеков “Президенттин туулган күнүнө белек-бечкек белендеш керек...” маанисинде ар бир акимден 1000 доллардан чогултканы коомчулукка шардана болгондугун, бийлик тарабынан анысы үчүн эскертүү алганын, бирок губернатор эскертүүнү чымын чакканча да көрбөй: “Бу саам да Ак үйгө барганыма акча даярдагыла” деп кол алдындагыларды кыйнап, анысы жетчү жерге жетип “ишиндеги кемчиликтери үчүн” акыры М. Жумабековду президент кызматынан алды деп, дагы бир Нурбек аттуу шылуун “Мен деген президенттин иниси Марат Бакиев менен жакшымын, мамлекеттик кызматка орноштурам” деп бирөөдөн 106 миң доллар шыпырып алып, жакында күч органдарынын колуна түштү. Көрсө Марат Бакиев Нурбек дегенди тааныбайт экен. 106 миң долларды сомго айлантканда 4 млн. 576 миң сом болот. Ушунча акчасын котөрүп алып көрүнгөнгө алданган аңкоо кыргызбайларга айла жок экен деп жазды.

“Эл сөзү” гезити белгилүү парапсихолог Мелис Карыбеков менен журналист Жылдыз Мусабекованын маегин тартуулады. Парапсихолог Руслан Шаботоевдин өлөрүн андан бир жыл мурда көргөнүн, бирок өзүнө айталбаганын, айткан күндө да ал түшүнбөй коймогун, ал окуя кандайча болгонун кеп кылып берген. Карыбеков дагы бир сырдуу окуяны аңгемелеген. Агасы менен Орусияга кетип баратып, жаңы паспорту жогунан СССРдин убагындагы эски паспорту менен жөнөй бергенин, жолдо катар текшерүүнүн үстүнөн текшерүү жүрүп, документи жокторду поюздан айдап түшүрүп, бирок Мелиске келип, эч ким документ сурабаганына агасы таң калганын айтат. “Жанымдагы агам таң калат, мени текшербегенин көрүп. Мен болсо өзүмдү Манастын духуна тапшырып койгом, ошон үчүн эч ким менден даап документ сурай алган жок. Мени Манас колдоду. Жерге түшкөндө агам “өх, муну бирөөгө айтсаң эч ким ишенбейт ээ” деп баш чайкады. Анткени менин жаным Манас дүйнөсүнө кетип, денем поюзда калган болчу. Ар бир кыргыздын ичинде Манастын энергиясы бар” деп айтты.

Жер мыйзамдарын бузуп, “Арча-Бешик” турак-жай массивинен жер тилкелерин өздөрү каалагандай таратып келгендиктери үчүн айыпталып, Бишкектин Ленин райондук акиминин орунбасары Дамир Осмоналиев, Басылбек уулу Айдар, ушундай эле кылмыш жасаган деген шек менен район акиминин мурдагы орунбасары Муктар Айткулов ИИМдин убактылуу камоочу жайына камакка алынды. Учурда мына ошол жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн башка кызмат адамдарынын да катышы бар экендиги иликтенүүдө” деп кабарлады “Кыргыз туусу” гезити жаңы санында.

Гезит окурмандарына Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арнап Казак эл жазуучусу Шерхан Муртазаевдин “Менин айлым Айтматовдун айылына маңдайлаш” аттуу маегин тартуулады.

Белгилүү нейрохирург, академик Миталип Мамытовдун 70 жашка чыкканына арналган макаланын аты “Аалымдын илимий мектеби, анын келечеги” деп аталат.

Бишкек шаар тургуну Кудрет Тайчабаровдун өкмөт башчысы Данияр Үсөнов менен шаар башчысы Нариман Түлеевге жазган кайрылуусу мындан 1,5 жыл мурдагы шаар мэриясы тарабынан ойнотулган “Бактылуу лотерея” тууралуу баяндайт. Көрсө каттын ээси ошол лотереядан чын эле “бактылуу” болуп, Бишкектен жер тилкесин утуп алып, бирок, бир жаман жери ошол утушун эмдигиче алалбай, көрүнгөн эшикти жыртып келеткандыгын кеп кылган.

“Алиби” гезитиндеги коомдук ишмер Мирослав Ниязовдун макаласы “Жакырчылыкка жол” деп аталат. Макалада эми буга дейре бизден энергия сатып алып туруучу потенциалдуу кардарларыбыз же Казакстан менен Өзбекстан өздөрүнүн отун-энергетикалык системасын түзүп алышканын, эми булар сырттан энерго ресурстарды сатып алуудан баш тартууга даяр экендигин, ошентип Кыргызстан энергиясын сатып алчу кардарлардан да кол жууп тим болбостон, тескерисинче аларга көз каранды да болуп каларын ачыкка чыгарды.

Ушул эле гезиттеги Назгүл Мамытова макаласын “Кыргызстан кандуу өлкөгө айланды...” деп атып, жаңы бийлик келгенден берки атылып өлтүрүлгөндөр, куугунтук жегендер жанан куугунтук жеп аткан аттуу-баштуу 52 адамдын тизмесин дайын кылды.

“Назар” гезитинин кабарчысы Айгүл Бакееванын макаласы “Өкмөт элди жаңы жыл менен кантип куттуктайт?” деп аталат. “Жашасын Данияр Токтогулович, тоюс, Токтогул ГЭСи! Келерки жылы жарыктын бир киловатт саатын 70 тыйындан эмес, 1 сом 50 тыйындан төлөйсүздөр!” деп кыйкырды бетине коендун беткабын кийип алган вице-премьер министр Акылбек Жапаров” деп жазды.

“Кыргыз руху” гезити “Жыл мыктыларын” тандоо башталды” деп маалымдап, анын алгачкы каарманы катары “Жылдын мыкты саясый иедеологу деп Оксана Малеванаяны атап, ага арнаган макаланы Оксана аймыдын сүрөтү менен биринчи бетине басты.

Аталган макалада анын журналисттик ишмердүүлүгү, тайманбастыгы, курчтугу сөзгө алынат. Оксана башкарып тургандагы НТС телеканалынын 2007-жылдагы ноябрь митингдеги таасирдүү берүүлөрүн мисалга тартат. Бирок аягында “жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска” болуп, жакшы аты жалаң телеканалдын ээси Өмүрбек Бабановго калганын, ошентип Оксана айымды агездеги оппозиция да баалай албаганын акыры “Оксана Малеванаянын ишмердигин президент К. Бакиев баалап, президенттин алдында катчылык дегенди ачып, иедеология тизгинин Оксананын колуна кариматты” деп аяктайт макала.
XS
SM
MD
LG