Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Камчыбек Ташиев: "Менин тагдырым жана өмүрүм коркунучта”


“Московский комомолец Кыргызстан” гезити “Кандайча, кимге, эмнеге жана эмне үчүн?” деген суроолордун алдында Коомдук палата өкүлдөрү, Бейөкмөт уюмдарынын башчылары жана Укук коргоочулардын катышуусунда тарифтер менен коммуналдык төлөмдөрдүн кымбатташына байланыштуу өткөргөн жыйынынан баяндама басты. “Дело№...” гезити министр кызматынан кеткен Качыбек Ташиев “Менин тагдырым жана өмүрүм коркунучта” деп айтып жиберди деп жазды. .

“Московский комомолец Кыргызстан” гезити “ Коомдук палатанын жыйынында сүйлөгөндөрдүн сөздөрүнөн шилтеме берген гезит кеңешменин акырында өкмөткө сунушталган суроолорду тизмелеген:

1. Эмне үчүн уурдалып келе жаткан электр энергиясынын 21 пайызы “энергетикалык жоготуу” деген атка, жылуулуктун 25 пайызы “техникалык жоготуу” деген атка жамынып, мыйзамдаштырылып келатат? Бул “жоготуулардын” акчасынын ээси ким?

2. Эгер Бишкектеги 100238 абонент жылуулук берилүүчү 5 ай ичинде 15 миң сомдон төлөгөндө эле бардыгы 15-17 миллиард сом же 400 млн. доллар болот, ал эми ошол эле учурда жылуулук түйүндөрүнүн бул мезгил аралыгында тарткан чыгымы 80 млн.долларды түзөт. Ошондо калган акчалар кайда кетет? Өлкөнүн Бишкектиктерден бөлөк абоненттеринен түшкөн акчанын көлөмү – 400млн. долларга жакын болот экен. Бул акчалар кайда жумшалат?

3. Ушул жылдын 29-декбрында бөлүштүрүүчү компанияларды менчиктештирүүгө сынак жарыялангандыгы белгилүү. Кокус менчиктештирилип калса ал компаниялардын 94-жылдан бери карай чет өлкөлүктөрдөн алып келе жаткан кредиттерин ким төлөйт?

4. Эларалык энергокредиттердин аудити качан өткөрүлөт? Энергокомпаниялардын ишмердүүлүгүнүн аудит жыйынтыгы качан шардана болот? Коомчулук донорлор менен түзүлүүчү келишимдер жана отчеттор менен качан, кандайча толук тааныша алышат?

Жыйындын катышуучулары Кыргыз өкмөтүнө мына ушундай суроолорду коюу менен ушу кезде жооп күтүп турган чагы.

Ушул эле гезит 9-декабрь күнү, бири-биринен жарым саатт аралыгында коомдук ишмер Болот Жанузаков менен орус саясат таануучусу Александр Князев сабалганын, бул окуя саат канчада, кайсыл жерде болгонун баяндап келип, жабыр тарткан Александрдын айткандарын келтирген:

-Бул бийликтин жасап жатканы. Кыргызстанга хандык башкарууну орноткусу келгендерге каршы тургандардын баарын коркутуп-үркүтүп, өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбурлап жатат. Мындай “иш-чаралар” атайын күчтөр тарабынан же ал күчтөргө көзөмөлдүк кылган түзүлүш тарабынан пландуу түрдө жүргүзүлүүдө. Мындай окуя өткөн жылы да болгон. Мага кол салгандар эч нерсемди тартып алган эмес. Мен дегеле эч качан ишенбеген күч органдарына кайрылган жокмун, бирок кат таштап койдум. Мен мындан ары Александр Суворовдун эрежеси боюнча аркеттенүүнү чечтим: коргонуунун мыктысы чабуул дейт. Иликтөө иштеринин жүрүшүнө Кыргызстандагы Орусия Федерациясынын элчилиги жана менин жетекчим, Мамлекеттик Думадагы фракциянын башчысы Константин Затулин көзөмөлдүк кылмакчы.

Гезит андан ары Болот Жанузаков да 2005-жылы “жалындуу революционерлер” тарабынан эс-учунан танганча сабалганын эске салып, саясат таануучу Александр Князевдин жасаган иштери ар дайым коомчулуктун көз алдында болуп келсе, тескерисинче Болот Жанузаковдун сабалганы түшүнүксүз, болгону “Акаев гвардиясындагы” анын жолдоштору акыркы мезгилде бир аз жандангандай боло түштү эле, айрымдар муну коомчулукка 1-президенттин позициясынын күчөшү менен байланыштырып жиберишти, балким Жанузаковго жасалган нерсе реванш алууга далалат кылгысы келген мурунку бийликтегилерге эскртүү болуп эжүрбөсүн деп божомолдоп жиберди.

Болот Жанузаков менен Александр Князевдин сабалганын бүгүн жарык көргөн “Дело№...” гезити да жазып чыкты. Александр Князев мурдагы президент Аскар Акаев менен мамилесин үзбөй келаткандыгын, жакында эле аны менен Маскөөдө жолугуп сүйлөшкөнүн, Акаев андан Кыргызстандын жашоо-турмушу тууралуу сураганын, ортодо жаршыра тургандай эч нерсе деле болбогонун, Кыргызстандагы эл-журттун жашоосу кандай экендигин орус бийлиги эле эмес, кыргыз бийлиги да жакшы билерин кеп кылган.

“Дело №...” андан ары “Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы министри эмнеден коркот?” деген макала жарыялады. Өкмөт башчысы Данияр Үсөнов менен мурдагы министр Камчыбек Ташиевдин ортосундагы кайым айтыш кандай болгонуна кенен токтолгон гезит аягында: “Президентке оппозиция болбойм, президенттин бийлигин толугу менен колдойм” деп айткан Ташиевдин сөзүн шилтеме кылып, мына ушул чатак башталардан эки жумадай мурда кыргыз тилдүү басма беттеринде Мамсалыктын башчысы Ахматбек Келдибеков, агездеги министр Камчыбек Ташиев, Коррупцияга карыш күрөшүү боюнча агенттиктин жетекчиси Садыр Жапаров жана Финансы министри Марат Султановдон турган топ келерки президенттик шайлоого тымызын даярдык көрүп жатыптыр, арасынан бирөөсүн президенттик жарышка алып чыгат экен деген маалымат тарап кеткенине окурмандардын көңүлүн бурган.

Мындай жашыруун саясый оюндарга өзүнүн тиешеси жок экендигин К. Ташиев: “Бул туура эмес. Мен болгону өз милдетимди аткарып келдим. Мен эч ким менен саясый оюн ойногум келбейт” деген сөздөрү аркылуу билдирди деп белгилеген жумалык Ташиев ошондой эле ким бирөөлөр тарабынан басынып, кысылып тургандай абалда турду, ал тургай: “Менин тагдырым жана өмүрүм коркунучта” деп айтып жиберди деп жазды.

-Сиздин өмүрүңүзгө ким коркунуч келтирип жатат?-деп ойлойсуз деген суроого Ташиев:

-Кайдан коркунуч келерин Нострадамус да алдын ала айтып бере албайт. Биздин өлкөдө бардыгы болушу мүмкүн,- деп жооп берген.

Ошол эле учурда аталган басылма К. Ташиев жетекчилик кылган Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги материалдык каражаттардын оңду-солду чачылганын, акчалардын уурдалганын, айлык акылардын туура эмес берлип келгендигин, курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмү атайылап жогорулатылгандыгын Эсептөө палатасы аныктап чыкканын маалымдады. Ушу тапта финансы полициясы К. Ташиев иштеп кеткен министрликте ачылган 2 кылмыш ишин иликтөөгө алып жатат.

Аңгыча Ташиев туулуп өскөн Сузактагы Барпы айылында анын жактоочулары плакат көтөрүп чыгып тим болушканын, бир таң калыштуусу айылдыктардын көчөгө чыкканы Ташиевдин Д. Үсөновду кызматтан кетирем деген каалоо-тилеги менен дал келгенин, бирок өзгөчө деле көңүл бура тургандай эч нерсе болбогондугун , натыйжада Ташиев кызматсыз калып, Д. Үсөнов мурункусундай эле дүкүлдөп иштеп жатканын баяндады.
XS
SM
MD
LG