Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:21

Бакиев мураскерине шашып жатабы?


Баянадамабыз алты гезиттин айланасында болмокчу.

“Назар” гезити “Баарын политбюро чечет” аттуу баш макаласында президенттин Башмыйзамды өзгөртүү боюнча Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун сунуш кылганына токтолуп: “Ушул учурда долбоор Жогорку Кеңеште. “Ак жол” фракциясынын жетекчиси Улугбек Ормонов: “Президент тезинен каралсын дептир, демек тез арада карап беришибиз керек” деп “акжолчулар” шымалана киришкен кези. Таңкалыштуусу, ажобуз президенттик жаңы мөөнөтүнө киришкенине аз эле болду. Кийинки шайлоого чейин дагы далай убакыт бар. Президент башкара албай калса бул башкарат деп, мынчалык шашылыш кам көрүп жатканы табышмактуу, бул не деген мандем?” деп суроо койду.

«Эл сөзү» гезити бул “мандемди” Рыскелди Момбековдун «Башмыйзамдын башкатырмасы» деген макаласы аркылуу түшүндүрүүгө аркет кылды. Журналист саясатчы Өмүрбек Текебаевдин “Азаттык” үналгысына: “... бүгүн Бакиев Президенттик Кеңешме кимди президент болот десе, ошол президент болот деген жобо киргизүүдө. Мунун өзү күтүүсүз жагдайлар болуп кетиши чын экенинен кабар берет. Болбосо президент мынчалык кам көрбөйт эле деп ойлоймун” деп сүйлөгөнүн шилтеме кылган.

Гезит макаланы аяктап баратып, Бакиев ЖКга “тапшырган” долбоор кабыл алынарын, ансыз да “акжолчулардын” андан бөлөк кыларга иши калбаганын, анткени Акүйдө парламенттик жаңы шайлоонун сценарийи жазылып жатканын кабарлап, “эгер “эл өкүлдөрү” эрдик кылып, ажонун мыйзамын артка жөнөтүп жиберсе, атаңгөрү, кемчиликтери кете түшпөйт беле” деп кейиди.

Камчыбек Ташиевге кара булут айланганын кабарлаган ушул эле гезит Ташиевге тиешеси бар “ТОМАС” деген май куюучу түйүндөрдүн түштүк жергесинде көп экени айтылып жүргөнүн, “ТОМАС” деген кыргызда ат жоктугун, бирок анын баш тамгаларына байкоо салсаңыз “Ташиев... Марат, Ахматбек, Садырбек” деген жандырмак келип чыгарын чечмелеп берди.

“Түштүктө ишке жарамдуу кыргыздардын көбү Орусия менен Казакстанга же Бишкекке тарап кетип, жер-суунун баарын өзбек, тажик улутундагы адамдар сатып алып жатат, аз мезгил өтсө алар Түштүктө саны жагынан көп элге айланат да, бийлик талаша баштайт. Бийлик талаш деген сөз – согуш деген сөз. Өзбектер кыргыздардын үйлөрүн сатып алып навайканаларга, кафелерге айландырып, өзүнүн тили менен музыкасын дилибизге сиңирип жатса, Бакиев бийлиги өз кандаштарынан турган оппозиция менен кармашып жатат” деп каңырык түтөттү журналист Баратбай Аракеев.

Белгилүү парапсихолог Мелис Карыбековдун окурмандарга жообу да ушул санга жарыяланды.

“Кыргыз туусу” “Соттор коомдун ишенчилигине ээ болуп баратат”, “Мамлекеттик сыйлык көп нерселерге милдеттендирет”, “Өкмөттүн ыйгарым укуктары кеңейтилет”, “Улут лидери феномени” деген аталыштагы макалаларды тартуулады. Ушул эле гезит менен маек курган социология профессору Кусейин Исаев мамлекеттин бийлик түзүлүшү туурасында ой козгоп, аны кандай формада иштеткенде коомго, элге пайдалуу болоруна окурмандардын көңүлүн бурган.

Кыргыз эл жазуучусу Өскөн Даникеев тууралуу академик Абдыганы Эркебаевдин макаласы да ушул санда. Баяндамачы Папан Дүйшөнбаевдин макаласы “Манастын таш тулгасы уурдалды, урандылар майкандалды” деп аталат.

“Агым” гезити “Чырлуу союздун жаңы серияларынан” деген рубрика алдында 39 акын-жазуучунун колу коюлган кайрылуу катты жарыялады. Кат “Сьезд өткөрүүнү талап кылабыз” деп аталып, кыргыз жазуучуларынын чырына канча жылдан бери чекит коюлбай келатканына, Жалил Садыков төрагалыктан кеткнден кийин анын ордуна келген жетекчиликтин баары мыйзамсыз шайланып келгенине басым жасалып, чыр-чатакка биротоло чекит коюу үчүн жазуучулардын жалпы курултайын өткөрүү керек деген жыйынтыкка келген.

Ушул эле басылма дүйнөнүн 180 өлкөсүндөгү коррупциянын деңгээлин иликтеп жүргөн TI уюму быйыл Кыргызстанды 162-орунга койгонун, коррупциянын гүлдөшү боюнча бизден бир аз эле артта же 158-орунда Тажикстан келатканын, ал эми кезинде бизден алда канча алдыда жүргөн Африканын коррупцияга белчесинен баткан өлкөлөрү азыр бизге караандабай калганын маалымдады. Коррупция темасын андан ары улаган журналист Келдибек Назиров макаласынын атын “Соттор соттолуп, губернатор камалар бекен?” деп атады. Макалада Баткендин түшүп калган губернатору Марат Жумабековдун акимдерден кантип акча “соргону”, соттордун пара менен кантип кармалгандыгы тууралуу сөз болот.

Журналист Нурканбек Керимбаевдин Чукул кырдаалдар министрлиги жана анын түшүп калган министри К. Ташиев жөнүндөгү макаласы “Калбыры барлар, катуу бакырабы?” деген ат менен жарык көрдү. Экономист Айылчы Сарыбаевдин маегинин аты – “Чала сабат, саясый эрки жок депутаттар бийлик балансын бузду” деп аталат.

“Кыргыз руху” гезити журналист Азизбек Келдибековдун “Кыргыз деген бир адам бар” деген макаласын “Болот Шерниязовдун бейнесине сүртүмдөр” деген рубрика аркылуу сунуш кылды. Автор: “Улуттук намысыбызды ойготкон Болот Шерниязовдой мыкты инсандар турганда, күнүмдүк көр тирликке алданбай, кыргыз элинин келечеги үчүн, ар бир укум жер үчүн тикебизден тик турууга даяр болушубуз керек. Мен Болот Шерди Шаа аталардын катарына койгум келет. Себеби кыргыз эли үчүн, кыргыз жери үчүн чөмүчтөгү сууга чөгүп кетүүгө даяр инсандар азыркы учурда чөптүн арасынан ийне издегендей эле табылбай калды” деп жазды.

“Балыкчы шаарына таза суу чыгаруу үчүн жасалган аракет эмне себептен ызы-чууга айланганын аталган гезит “Элдин ууланбай калганына сүйүнбөй, акча жебей калганына күйүнгөн кимдер?” деген тема алдында аңгемелеп берген.

АКШ, Канада, Швеция, Бельгия, Германия, Улуу Британия, Швейцариядагы Кыргыз Республикасынын эркиндигин колдогон кыргыз жарандарынын Биримдиги кол койгон катты “Алиби” гезити басып чыгарды. Кат “Судья ким? Бакиевби?” деген ат менен тартууланды. Анда: “Коркунучтуу саясый режим өлкөнү коркок адамдардын түрмөсүнө айлантып койду. Бакиевдердин бийлиги менен макул эместердин бардыгынын куйругуна калбыр байланууда. И. Исаковдун үстүнөн козголгон кылмыш иши да азыркы бийликтин күзгүсү. Хан Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрү өз Мекенине адилет кызмат кылган чынчыл адамдын оозун жапкылары келип жатат. Мунун себеби – генерал Исмаил Исаков Аксыдагы тынч демонстранттарды атууда Бакиевди негиздүү жана ачык айыптаган” деп жазылган. Кат: “Бакиев азыркы учурда элдин жана тарыхтын катаал сыноосунда турат. Ал сот адилет жана анын чечими сөсүз чыгат. Ал мезгил да келет” деп аяктайт.
XS
SM
MD
LG