Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:14

Казакстандын полициясы журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө тиешеси бар адамдарды аныктаганын “Московский комосмолец Кыргызстан” жумалыгы билдирди.

Казакстандын полициясы журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө тиешеси бар адамдарды аныктаганын, ырасмий маалыматтар боюнча бул адамдар Кыргызстандын жарандары экендигин кабарлады деп билдирди бүгүн жарык көргөн “Московский комосмолец Кыргызстан” жумалыгы.

“Эске сала кетсек журналист Геннадий Павлюк ушул жылдын 16-декабрында Алма-Ата шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 6-кабатынан колу-буту таңылган боюнча ыргытылып жибергенден улам каза тапкан. Ушу кезде Казакстандын күч органы Павлюктун өлүмүнө байланыштуу материалдарды Кыргызстандын Ички иштер министрлигине өткөрүп берүү иштерин жасап жатат” деп билдирген гезит, ошол эле убакта Казакстандан кайгылуу кабар келгенин, “STAN. TV” маалымат агенттигинин журналисти Саят Сулембаевдин бычакталып өлтүрүлгөн денеси өз квартирасынан табылып, иши тергөө органдарына тапшырылганын маалымдады.

Ушул эле басылма Орусия Федерациясына караштуу Маскөө облусунун Ногинск деп аталган шаарынан жашыруун иштеп келген тигүү цехи табылганын, анда эмгектегендердин көбү 11 жаштан 17 жашка чейинки кыргызстандык өспүрүмдөр экенин, аларга дем алыш дегенди билбей күндүр-түндүр иштегенин, айлык төлөнбөгөнүн кеп кылды.

Орусия Федарациясынын Ички иштер министрлигинен алынган маалымат боюнча кыргызстандык өспүрүм “кулдарды” күнүнө 2 жолудан нан жана майонез менен гана тамактандырып турган. Медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Иштен баш тарткандар катуу жазаланган. Кокус ата-энелери менен телефон аркылуу байланышкысы келсе, ар биринин жанында кожоюндун кишилери кошо болуп, “баары жакшы, баары ойдогудай”” дегенден башканы айттырбаган.

Кыргызстандык өспүрүмдөрдү алардын ата-энелеринен “балдарыңыздын ар бири ай сайын 5миң рублдан акча табат” деп ошол эле кыргыз мекендештери алып келгенин, келери менен алардын документтерин жыйнап алып, ишке кайтарык менен алып барып, кайтарык менен алып келип турганын, качып кетпесин деп сырттан көз салып жүргөндөр да Кыргызстандык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн болгонун, азыр алардын бири да камалып, азыр сурак берип атканын баяндады.

“Эртең келе турган күн жакшы жагына өзгөрсө экен. Өткөн күндүн азап-тозоктору өзү менен кошо кетип, келерки жылы кайталанбаса экен” деп тилек каалап, окурмандарды Жаңы жылы менен куттуктаган “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити аяктап бараткан жылдагы акыркы санын эл башкарып жүргөн адамдардын айткан-дегендерин дагы бир жолу эске түшүрүү менен ачты.

Маселен Данияр Үсөнов өкмөт кеңешмесиндеги кара шаршембинин биринде: “Бишкек менен Оштун кембагал адамдары байларын багып жатат. Эми электр энергиясы деген кандай экенин билген соң, балдар да туалеттин жарыгын өзү менен кошо өчүрүп чыга баштайт” дегенин, мамлекетти башкарууну реформалоо боюнча сүйлөгөн сөзүндө саясатчы Темир Сариев: “Убада берип коюп, аткарылбай калган соң аны башкаларга шылтай салыш үчүн дайыма өзүңө күч топтой жүрүү керек” дегенин, ЖК депутаты Бейшенбек Абдыразаков Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Назгүл Ташпаевага кайрылып: “Сиз эми министр болгондон кийин мамлекеттик тилде сүйлөгөндү үйрөнүңүз да. Ал тургай сүйлөгөндү маймылдарга да үйрөтсө болот” дегенин, Курманбек Бакиевдин: “Дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, министрлер менен губернаторлор “өзүлөрүнүн тышкы саясатын” Тышкы иштер министрлиги менен кеңешпестен жүргүзүп келишкен. Эми мындай тажырыйбаны жерге көөмп салыш керек” дегенин, Азимбек Бекназаровдун “Акаевдин убагында бизде төртөө - уулу, кызы, аялы жана өзү президент болучу” дегенин шилтеме кылды.

Гезит андан ары жоокерлердин энелеринин коомдук бирикмеси деп аталган уюм жаңы жыл алдында энелик медаль чыгарганы жатканын, айрым бир юридикалык майда-чүйдө нерселери бүткөндөн кийин мындай медаль менен кыргыз армиясында мөөнөтүн өтөп жаткан балдарга чындап жоокердик тарбия берген, аларга камкордук көргөн офцерлер сыйланарын, бирок коомдук бирикменин төрайымы Галина Афонинанын айтымында алгач медаль менен өлкөнүн башкы колбашчысы Курманбек Бакиев сыйланарын билдиргенин маалымдады.

“Азаттыктын” угармандырына айта кетели, дүйнөлүк практикада мындай медаль азырынча Кыргызстанда гана биринчи ирет пайда болуп олтурат.

Кадырман окурмандар! “Азаттыктын” эмгек жамаатынын атынан сиздерди келе жаткан Жаңы Жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктап, бардыгыңыздарга бакты-таалай, бекем ден соолук каалай кетмекчибиз. Биз эми сиздер менен 2010-жылдын экинчи жумасынан кийин жолугушабыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG