Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:06

Президент Курманбек Бакиевге куюп койгондой окшош Сулейман Генлинин таржымалын "Борбор Азия жаңылыктар кызматы” жазып чыкты. Ушул эле жаңылыктар булагы Ашырбек Тойгонбаевдин “Бакиевдин “башчакмай” реформасы баш оорусуз болгон жок” деген макаласын жарыялады.“2009-жыл Кыргызстанга демократиялык өзгөрүүлөрдү алып келген жок” деп жазды “Немис толкуну” .

Чүй облкеңешинин депутаты Сулейман Генлини кыргыз президенти Курманбек Бакиевге куюп койгондой окшош дегендер көп. Облпарламентте 5 жылдан бери депутат болуп олтурган Сулейман Генли кесиби боюнча зоотехник, улуту дунган. Кыргызча суудай билет. Өзү президент Бакиевге окшош экендигине аябай ыраазы.

- Канжолдо кетип баратканда машинамды токтоткон милийсалар, бир карап алып: “Саламатсызбы, Курманбек Салиевич!” деп алып, дароо кое беришет,- деп сөз кылган Сулейман мырза, келечекте президент болсом деген ойдон алыстыгын, Курманбек Бакиевге окшоп тургандыгынын өзү эле аны көп нерселерге милдеттендирип турарын айтып бергенин “Борбор Азия жаңылыктар кызматы” шардана кылды.

Ушул эле жаңылыктар булагы Ашырбек Тойгонбаевдин “Бакиевдин “башчакмай” реформасы баш оорусуз болгон жок” деген макаласын жарыялады. Макалада Кыргызстанда кызмат деген сатылары, тигил же бул кызматка дайындалган адам олтурары менен мамлекет үчүн иштебей эле кызмат сатып алгандыгы үчүн берген акчасын тезирээк чогултуунун үстүндө иштерин, кадрлар жөндөмүнө карай эмес, тууган-туушкандыгына, өң-тааныштыгына карай тандаларын талдоого алган.

Кыргызстандын жакырчылыгынын башкы себебин автор бүтүндөй мамлекеттик машинанын жашоо-турмушу мыйзамсыз кирешелерден түшүүчү каражаттарга байланып калганынан көрөт. Мындай система коомдун кылмыштуулук менен камыр-жумур аралашын шарттаарын, аткаминерлердин өзүм билемдигин өрчүтөрүн, бийлик ушунун баарын эң сонун көрүп-билип турса да көз жумду мамиле жасай берип, өлкөдө оор кылмыштардын жазасыз кала берүүсүн күчөрүн баяндаган.

Курманбек Бакиевди курчап тургандар убакытты дагы созуу максатында мамлекет башчысын оппозицияга каршы репрессиялык саясат жүргүзүүгө түртүп жатканын, нандын күкүмүн талашкан таракандардын жашоосун элестеткен мындай көрүнүш өкүм сүрүп турганда башкы маселе болгон – Ата Мекен менен Элдин жыргалчылыгы деген ыйык нерселер тепсендиде каларын айтат.

Тилекке каршы бүгүн Кыргызстандын катардагы адамынын башына канткенде жашоо-турмуш деңгээлин көтөрүү керек деген ойлор келбей калды. Элге азыр баары бир. Аналитиктер болсо эки жылдан кийин Кыргызстандын саясат талаасында катуу күрөш башталарын божомолдошууда. “Адилет” укук клиникасынын деректири Чолпон Жакупованын оюнча президенттин көп сандаган шакирттери эртең эле Бакиевдин короосуна таш ыргыта баштайт, анткени алар саясат тактысын таштап бараткан адамдын мындан ары кереги жоктугун билип, аны менен эсептешпей калат.

“2009-жыл Кыргызстанга демократиялык өзгөрүүлөрдү алып келген жок”. “Немис толкуну” маалымат булагы Александр Токмаковдун ушундай аталыштагы макаласын жарыялады. Автор өткөн жылдын олутту окуяларын окурмандардын дагы бир ирет эсине салгысы келген.

Президент К. Бакиевдин Маскөөгө жасаган сапарын, Орусиядан 2 млрд. доллар финансы жардамын алмакчы болгон келишимге кол койгонун, Американын аскер базасын жабам деп орус президентинин алдында убада бергенин, бирок Маскөөдөн кайтып келип эле америкалыктар менен сүйлөшүүгө өткөнүн, Вашингтон 17 млн. доллар аренда акысын 60 млн. долларга көбөйткөнүн, ошентип база кайрадан ордунда кала бергенин белгилейт.

Саясат таануучу Марат Казакбаевдин: - Өлкөнүн биринчи адамынын, болгондо да президенттин бүгүн бирди айтып, эртеси башканы жасаганы өтө опуртал, мындай калпыс жагдай өлкөнүн тышкы саясатына ишенбөөчүлүктү пайда кылат,- деп айтканын шилтеме кылат.

Автор андан ары өткөн президенттик шайлоонун одоно бурмалоолор менен өткөнүнө, Кыргызстан Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө караганда бир топ эле демократиялуу өлкө деген ишеним жалган иллюзия экендигине кенен токтолот.

“ОБСЕнин Бишкектеги Академиясынын тагдыры түшүнүксүз бойдон кала берүүдө. “Немис толкуну” маалымат агенттиги ушундай аттагы макала жарыялап, ушу тапта ОБСЕнин ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча Кыргызтандын Билим берүү министрлигинин чечими ишке киргенин, аталган министрлик академияны билим берүүнүн республикалык стандартын бузган деп күнөөлөп жатканын маалымдады.

ОБСЕнин Бишкектеги Академиясы 2002-жылы ачылып, бүтүндөй Борбор Азия мамлекеттери үчүн саясат таануучуларды даярдоого өткөн жана буга чейин 100дөн ашуун адистерге жолдомо берген.

Ушундай эле жабылуу тагдырына туш болуп, билим берүү укугунан айрылган Кыргыз-Казак укук жана мамлекеттик кызмат Академиясынын ректору Валерий Михайленко: - Биздин билим берүү системабызда эч кандай реформа жок, анын ордуна жазалоочу гана чечимдер бар, бирок мындай чечимдер эмне максатта чыгып атканын эч ким билбейт. ОБСЕ деген оюнчук уюм эмес. Бул уюм дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө жардам бергиси келет, ал үчүн миллиондогон евролорду сарптайт. Ал эми кыргыз аткаминерлери аны оңой эле жаап салды. Бул деген кыргыз бийлигинин өтө олуттуу каталарынын бири болуп саналат,- деп айтты.

Ал эми айрым саясатчылар Бишкектеги ОБСЕ Академиясынын жабылышын бул уюмдун алдында келген байкоочулар миссиясы өз отчетунда 2009-жылдагы президенттик шайлоонун көп сандаган укук бузуулар жана бурмалоолор менен өткөнүн дүйнөгө ачык жар салгандыгы менен байланыштырышууда.

“Белый парус” маалымат булагы “Ооганстандагы аскерлерди чыгарып кетүү Кыргызстанга кандай коркунучтарды алып келиши мүмкүн?” деген макала тартуулады.

Чын эле АКШ жана анын шериктештери Ооганстандагы 40 миң жоокерден турган аскерин чыгарып кетсе эмне болот? Кокус ошондой болуп калса америкалыктардан кем куралданбаган 100-150 миңдеген талибандар нугунан бузулган селге окшоп Тажикстан менен Өзбекстанды, Кыргызстанды каптап кетпейби?

Мына ушул суроолору бар макалада көп тонналаган бомбалар №1-террорчу аталган Усама Бен Ладендин үстүнө эмгичекти түшө албай койгонун, бүтүндөй Ооган жергесин кучагына алган согушка карабастан апийим аянты көбөйүп, героин өндүрүү 10 эсеге өскөнүн, маселен 2000-жылы 800 килограмм героин өндүрүлсө, азыр Ооганстан 8 миң килограмм героин өндүрөрүн, албетте ал адегенде эле Борбор Азия өлкөлөрүн, анын ичинен Кыргызстанга агып келип, андан ары карай жол аларын аңгмелейт.

Макалада диний экстремизм жана террорчулук тууралуу да сөз болот. Кыргызстандын алыскы айыл-кыштактарында жергиликтүү бийлик ээлери диний агымдарды таратып жүргөн миссионерлерге каршы кенедей да сөз сүйлөй албастыгын, ошол эле убакта саясатташкан диний экстремисттер болочок шайлоолорго электораттарын эмитеден эле даярдап, өз адамдарын жергиликтүү бийликтерге түртүп жатканын, акырындап аларды көпүрө кылуу менен борбордук бийликке барарын баяндаган.

Азыр адамдарды тигил же бул динге башын айландыруу иттен оңой иш экендигине, анткени кыргыздардын кембагал турмушу аларды көрүнгөн жактарга сүйрөп кете берерине, ошентип экономикалык фактор деген 1-орунга чыкканына басым жасап, куранда да, Кудайда да жок: “ өзүн өзү жарып, күнөөсүз адамдарды өлтүрүп келаткан “бейишмандарды” кантип адам катарына кошууга болсун?” деген суроону койгон.
XS
SM
MD
LG