Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Кийиз тепкилеген сайын бышат


Гезиттер И. Исаковдун камалышынан кийинки кырдаал тууралуу да сөз кылууда.
Гезиттер И. Исаковдун камалышынан кийинки кырдаал тууралуу да сөз кылууда.

Гезиттер өлкө турмушунун учурдагы абалы, саясат, экономика жана башка жагдайларды сөз кылууда.


“Назар” гезити журналист Зулпукар Сапановдун “Бийлик” аттуу макаласын окурмандарга сунуш кылды. Мамлекеттик башкаруу деген түшүнүктү талдоого алган автор өзү жашап турган мамлекетти өз менчигиндей көргөн далай диктаторлор кулатылып жок болгондугун белгилеп, мамлекетти сүлүк курттай соргон ханзаада президенттер бүгүн да өз өкүмүн жүргүзүп, колуна тийген бийликти эч кимге бергиси келбей чеңгелдеп келатканына, мындай өлкөлөрдүн катарына КМШ өлкөлөрүнүн бир тобун, анын ичинен Борбор Азия мамлекеттерин толугу менен кошууга болоруна токтолгон.

Автор макаласын аяктап баратып: “Кыргыз президенти К. Бакиев дагы Ата түрк болуу бактысын колунан чыгарып олтурат. Кечээ эле бүткүл Кыргызстан колдоп турган лидер бүгүн колдоого арзыбай калды. Кошоматчылардын туткунуна кептелди. Элдин нааразы болгонуна карабай бийликке тууган-туушкандарын, жек-жаат, жердештеринен сырткары бир тууган инилерин жана өз баласын үлкөн кызматка коюуга үлгүрүп олтурат” деп белгиледи.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин маектешүүсүнүн аты “Саясаттагы чоң оюндар Кыргызстанды кооптуу абалга алып келиши ыктымал” деп аталат. Темир Сариев “Элди күч менен кармаган саясат кыска убакытка гана жемишин берет. Президенттин укугун көбөйтүүгө, өзү ишенген жакын адамдарын топтоого багыт алса бул реформанын маңызынан эч нерсе чыкпайт, бүгүнкү оппозиция – жалпы эл болуп атат, эл эч убакта алсыз болгон эмес, эл күчтүү” деген ойду айткан.

Ушул эле гезит үч адамга: “Исмаил Исаковдун 8 жылга кесилишине сиздин пикириңиз?..” деген суроо менен кайрылганда алар төмөнкүдөй жоопторду беришти.

Генерал Мирослав Ниязов: - Бизге саясатчыларды айыпсыз жерден соттогон заман келди. Мунун бир гана максаты – бир гана адамдын таманын жалаш керек. Бул бийлик кылмышкер бийлик болуп калды. Бул бийлик турганда кыргыздардын келечеги жок экени даана көрүндү. Анткен менен коомдун бышышына бийлик өзү шарт түзүп берди. Бийликке эми оор болот. Кыргыз деген намыскөй, эрки күчтүү, акылы тунук калк.

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев: - Жырткыч айбандар бар эмеспи, курсагы ачканда өз жанындагыларды жеп койгон. Бул бийлик да ошол сыяктуу өз тегерегинде бирге иштеп келгендерди жок кылып, күнөөсү жок болсо да жазалап коем дегендей түр көрсөтүп жатат.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова: - Соттун айтуусу боюнча И. Исаков бардык беренелер боюнча акталды. Бирок ким жабыр тартты? Мамлекетпи же коомбу? Мамлекет жабыр тартты десек, уулуна берилген квартираны өзү министр болуп турганда кайтарып бериптир. Мамлекет жабыр тартпаса, коом жабыр тартпаса, анда кайсы күнөөсү үчүн И. Исаковду 8 жылга эркинен ажыратып, генерал-лейтенанттык чинин алып салганы түшүнүксүз. Бул адилетсиз, акылга сыйбаган көрүнүш.

“Кыргыз туусу” гезити ардагер журналист Расулберди Маметовдун “Карыларды какпагылачы?” деген макаласын жарыялады. Кат ээси күндөлүк турмуштагы окуяларды мисалга тартат. Троллейбуска түшкөн орус кемпир орун жоктугунан туруп калганын, андан жашыраактар ага орун бошотуп бергиси келбегенин, алтургай жаш орус аял: “Эй, кемпир, карыганда жулкунбай үйүңдө эле олтурбайсыңбы, өлгөнү араң турасың дагы орун сурайсың!” деп кагып салганын кеп кылса, каракулжалык дагы бир ардагер Исматулла Парпиев өз катында айыл-аксакалдарын арыз-муңун жана ага жергиликтүү жетекчилердин мамилесин кепке алат. Аксакалдар айткан айрым маселелерди айыл жетекчилери чечүүгө алсыздыгынан кай бир кездери борбордук бийликке барууга туура келерин, бирок борборго келген акскалдарды Ак үйгө киргизбесин, анан ал жердегилер кат менен кайрылгыла деп узатарын, кат менен кайрылып Президенттен да, Жогорку Кеңештен да, Өкмөттөн да жооп албагандыктарын баяндаган. Эгер Кара-Кулжадагы Буйга каналы курулуп калса эмгиче 15 миң гектар жер өздөштүрүлүп, төрт айыл элдин жашоо-турмушу кыйла жакшырмагын жазып каңырык түтөтөт.

“Эл сөзү” бизде мейманда” деген аталыш менен бүгүн “Форум” гезитинин 2-саны жарык көрдү.

Гезит Алайдын Сопу-Коргонунда жана Бишкекте саясый ачкачылык жарыялап олтурган адамдардын президент К. Бакиевге кайрылуусун жана койгон талабын жар салды.

Анда: “Президент К.Бакиев! Саясый репрессияларды, бакиевчил террорду, Кыргызстандын байлыгын канталамайга, элди азапка салууну токтот!

Саясый туткундарды: И. Исаковду, Э. Булекбаевди, С. Аргынбаевди, У. Рыскуловду, Балыкчыдагы соттолгон 18 адамды актат!

Алайлыктарды - сопукоргондуктарды зордук-зомбулукка алууну, репрессиялоону, террордоону токтот!

Президент Бакиев кандай негиз менен Алайда коменданттык саат киргизгенине түшүндүрмө берсин!”- деген талаптар коюлган.

Буга улай эле тилектештигин билдирген “Ата Мекен” социалисттик партиясы: “Исмаил Исаковго карата чыгарылган сот өкүмү үй-бүлөлүк клан бүгүнкү күндө Кыргызстанды демокртиялык баалуулуктар аркылуу башкарууга кудурети жетпей калып, кыжырданган элди репрессия жолу менен гана токтотуп калуу амалын көздөөдө” деп жазып чыкты.

Ушул эле “Форум“ гезити И. Исаковду 8 жылга эркинен ажыраткан сот өкүмүнө карата бир катар жарандардын айткан ойлоруна да орун берди.

Максим Бакиевдин Кытай сапарына көз карашатарын айрым атуулдар мындайча билдирди.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова: - Биз Кытай менен 1996-2000-жылдары алака кылып көргөнбүз. Жыйынтыгында 125 миң гектар жерибиз Кытайга кеткен. Бүгүн да Кытай менен мамиле түзөбүз деп Жетим-Тоону 9 млрд. темир кору менен ал өлкөгө берип жатабыз. Конституцияда жок агенттиктин башчысына премьер-министр баш ийип калды, бүгүнкү күндо аткаруу, сот, мыйзам чыгаруу бийлигине төртүнчү – акча бөлүштүрүү деген бийлик кошулду.

Коомдук ишмер Бегиш Ааматов: - Кытай мамлекети Конституцияда көрсөтүлбөгөн кызматтагы адамды кабыл алганы таң калычтуу окуя.

Академик Абдыганы Эркебаев: - Максимдин Кытайга барышы катардагы эле окуя. Атасы жасай албаган ишти баласы жасай алмак беле... Дүйнөлүк практикада жок өөн иш болду.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев: - Максим Бакиев мамлекетибиздин президенттен кийинки 2-кишиси болуп калды. Биз Кытайдан жардам алууну негизги максат кылып, Кытайга ооп бараткандайбыз.

Мурдагы Мамкатчы Осмонакун Ибраимов:
- Мамлекеттик деңгээлдеги иш сапар болсо албетте Максим Бакиев эмес ТИМ министри баштап жүрүш керек эле. Анын үстүнө биздин ТИМ министри жөн министр эмес Мамлекеттик деген даражасы бар министрлик.

Саясатчы Бөдөш Мамырова: - Президенттин реформасынан кийин пайда болгон агенттиктин милдети Кыргызстанга инвестиция тартуу болгондуктан эгер бул иш сапар мамлекет үчүн пайда алып келе турган болсо анда жаман болбойт. Ал эми өзүн пиар кылып, жеке көмүскө иштерин жасоо үчүн барса жакшы эмес. Арийне агенттиктин башчысын министрлердин ээрчип жүргөнү, өздөрүнүн кызматтык абалын, деңгээлин билишпегендиги алардын кемчилдиги.

Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы, белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиевдин макаласы ушул эле “Форум” гезитине: “Саясый ачкачылык деген өтө коркунучтуу нерсе, адам өзүнүн ден соолугун, а түгүл өмүрүн тобокелге салат” деген ат менен жарык көрдү.
XS
SM
MD
LG