Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Эл нааразылыгы күчөсө электр арзандайбы?


Гезиттер өлкө саясаты, кымбатчылык жана башкалар тууралуу жазып чыкты.


“Саясый күрөштүн кайсы түрүн болбосун колдонобуз!” Айтылуу саясатчы Топчубек Тургуналиев бүгүн жарык көргөн “Жаңырык апта” гезити аркылуу ушундай ат менен маек курду.

Кабарчы Алым Токтомушев: - Өлкөдө кырдаал кайрадан курчуй баштады. Бул Аксы окуясын кайталабас бекен?

Топчубек Тургуналиев: - Кайталанышы ыктымал. Арнамыс, адилеттик, эркиндик деген касиеттер алайлыктарда аябай күч. Курманжан датка энебиз, Алымбек датка, анын атактуу балдары орус падышачылыгынын желдеттери менен күрөшкөн, Мекендин чыныгы патриоттору Алайдан чыккан.

А.Т: - Баш прокурор Ч. Абышкаев Бакиев бийлигинде аскер прокуроруна айланып, кечээ генерал Исаковду айыптаган “тройканын” туу башында турбадабы. Буга кандай дейсиз?

Т. Т: - Арга жок алакан жаясың. Исмаил Исаков дал ошол Аксы окуясына тиешеси барлардын бетин ачкандардын бири. Бул президент Бакиевдин Абышкаев Исаковдон өчүн аябай алсын деген саясаты.

А.Т: - Ушундай бийликтин орношуна сиздин, ошол эле Исаковдун салымы бар деп ойлойсузбу?

Т. Т: - Ооба. Мен кезинде А. Акаевди колдоп чыккам. Ал арам жолго түшөр замат оппозицияга өткөм. Бакиевде деле ошондой болду. Мен элимден эки ирет кечирим сурагам. Азыр да сураганга даярмын. Бакиевдин сөз менен иши кайнаса каны кошулбасын, бүт Кыргызстанды алдап келгенине жана алдап жатканына көзүм жеткенде тайманбай каршы чыктым.

А.Т: - Эми жашыруун болбосо, кийинки тактикаңар кандай болот?

Т. Т - Азырынча саясый ачкачылык уюштурдук. Бул арга кеткендеги иш. Биз кырдаалга жараша саясый күрөштүн баарын колдонобуз. Дүйнө тарыхынан белгилүү: бунт дүрт этип чыгышы мүмкүн, революция тепкич-тепкич менен өнүгөт.

“Аалам” гезити “Сунтар – Бишкек” деп аталган түрк компаниясы кыргыз курулушчуларын кордоп, 9 айдан бери 200дөн ашуун адамга айлык акыларын бербей келатканын кабарлап, буга байланыштуу макала жарыялады.

Нарындык аксакал, Жерге-Тал айылынын 72 жаштагы пенсионери, айыл кеңешинин депутаты Жасынбек Мамбетовдун каты “Данияр Үсөнов, Кыргызстандын “Сибирин” эстен чыгарбаңыз” деп аталат. Анда кышы катаал Нарын аймагындагы элдин жакырчылыктан чыгып кетишине тоскоол болуп, бирок өкмөт тарабынан көңүл бөлүнбөй келаткан маселелер баяндалат.

“Нарындыктар үчүн быйылкы жыл жагымсыз болду. Мал бүгүнкү күнгө чейин арзан, эт кымбат. Тери, жүн, тыбыт өтпөй калды. Мындай продукцияны кайра иштете турган ишкана курууну ким ойлонот? Нарында же завод, же фабрика болбосо. Түштүктө адегенде буудайын бышырып алып, андан кийин жүгөрүсүн бышырып алып эки жолу түшүм алса, Нарынга быйыл буудай бышпай, үшүп кетти. Жайыттардын көбүн мал жебей турган уу чөп, тикенек басты. Данияр Үсөнов, айланайын! Электр энергиясын эң арзан саткан биздин республика дедиңиз, бирок ошол эле убакта Орусия менен Казкстан өз жарандарына эмгек акыны бизге караганда 4-5 эсе көп төлөп атпайбы?” деп жаны кашайган.

“Элдин реакциясы жаңы тарифтерге төлөй баштаганда билинет. Эми электр уурулук ансайын күчөйт. Бийликтин буга карата жообу элдин нааразылыгына байланыштуу болот. Эл күчөп кетсе Максим Бакиевдин сунушу менен жылуулук тарифтеринин баасын 5 эсе эмес, 3 эсеге, электр энергиясыныкын 2 эсе эмес, 1 жарым эсеге түшүрүп коюшу ыктымал. Максим Бакиев же Курманбек Бакиев элдин кызыкчылыгы үчүн күйгөн киши болуп калат” деп айтты журналист-аналитик Жыргалбек Касаболотов “Аалам” гезитинин кабарчысынын суроолоруна берген жообунда.

Бүгүн жарык көргөн “Учур” гезити “Жанышты каралоо күч алдыбы?” деген алакандай макала басып: “Маселен Максим Бакиевдин насаатчысы Сергей Масауловдун “Дело №...” гезитиндеги пикиринде, Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүн каалабаган күчтөр бар экени айтылып, Г. Павлюктун өлүмү кызыкчылыктары дал келбеген күчтөрдүн колунан ажал тапкандай мааинисинде божомолдонуптур. Ал эми Казакстандын КТК каналы: “Алматыда өлтүрүлгөн журналист Г. Павлюктун өлүмүнө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка шектүү иш-аракеттер Жаныш Бакиевдин атына жабышып, кызыктай түкшүмөлдөрдү жаратышы ыктымал. Бирок айрым пикирлерге караганда, атайын эски ыкма менен Жаныш Бакиевге каралоо уюштуруп, упай алгысы келген күчтөрдү да айтышат. Ал кайсы клан? Кайсы топ? Кызык. Эгер мындай версия жалган десек, анда Сергей Масаулов эмне болгон тумандуу кепти баштап туру? Сергейдин айтымында, журналист карама-каршы топтордон каза тапты десек, анда мындай көрүнүш Ак үйдүн ичиндеги күчтөрдөн уламбы?” деген суроолорду коюп жазып чыкты Албан Улан аттуу автор.

“Учур” гезити “2009-жылдагы шайлоо – адам укуктарын начарлатты” деген ат менен Коомдук парламенттин өткөн жыйынындагы резолюциясын жарыялады. Гезиттеги дагы бир макала “Кечээ Бермет - бүгүн Максим” деп аталып, анда экс-президент менен эмики президенттердин балдарынын саясатка шилтеген кадамдарынын коендой окшоштугу талдоого алынган.

Ушул эле гезитке айыл чарба адиси, академик Жамин Акималиев интервью берди. Кант тартыштыгы, кумшекердин баасы 50 сомго чейин өскөнүн сөз кылган кабарчынын суроосуна Акималиев, былтыр болгону 5800 гектар жерге кант кызылчасы айдалып, гектарына 100 центнерден түшүм алынганын, илгери 40 миң эле гектар жерден 400дөн 700 центнерге чейин түшүм алынып келгенин, Кыргызстан өндүргөн кант бүтүндөй Борбор Азияны камсыз кылып турганын айтып берген.

Тилекке каршы бүгүн бир кант заводун камсыз кыла тургандай кызылча жок. Академиктин айтымында ушу күндө 92 пайыз кумшекер сырттан ташылып келет. Сары-Өзөн-Чүй эзелтеден эле кызылчанын мекени болгон. Аба-ырайы, шарты, топурагы шайма-шай келген мындай жер дүйнөдө бир гана Калифорнияда бар, бирок акыркы жылдары баары иштелбей калды. Которуштуруп айдоо деген жоголду. Жер семирткич берилбейт. Топурактын үстүңкү кыртышын асылдандырып турган гумс деген зат дагы азайып кетти.

Академик Акималиев андан аркы сөзүндө өкмөттүн тарифтерди көтөрүү кадамын эч колдобостугун, карандай чай, каткан нан менен олтургандар кантет деп кейип турганын, аны айрыкча депутаттар аябай капа кылганын, эл өкүлдөрү эл таламын талашканга жарабай койгонун, бирок эл азырынча унчуга электигин, бирок чөнтөгүнө күч келгенде нааразы болгондордун саны өсүшү мүмкүндүгүн кеп кылды.
XS
SM
MD
LG